Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:13

Инсульттан өлгөндөр боюнча Кыргызстан Евразияда биринчи


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму инсульт илдетинен көз жумгандар боюнча Кыргызстан Евразияда биринчи орунга чыкты деп маалымат тараткан. Инсульт оорусунун жайылган себептери жөнүндө Бишкек шаарынын башкы неврологу Жамалбек Турганбаевди кепке тарттык.

- Инсульт илдетинен мерт болгон кыргызстандык жарандардын саны өсүп кетти. Борбор Азия, КМШ, ал эмес Евробиримдике кирген өлкөлөрдүн көрсөткүчүнөн ашып кетти деген бир маалымат тарап кетти да. Бул маалыматтын чындыгы канчалык?

-Ооба сиз туура айтасыз. 2007-жылкы бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча Кыргызстан азыр инсульт боюнча жана абдан майып болуп өлгөндөрдүн саны боюнча Евразияда биринчи орунда турат деп белгиленген.

-Статистикалык маалымат барбы? Канча киши ушул илдетке чалдыгат экен жылына, салыштырмалуу жаш курагы кандай экен?

-Статистикада жаңы төрөлгөндөн алтымыш төрт жашка чейинки кишилердин арасындагы кырдаал көрсөтүлгөн. Жаштардын арасында майып болгондордун саны көп. Орто эсеп менен бизде Кыргызстанда бир жылда 13050 киши инсульт болот экен. Ошолордун көбү ушул Бишкек шаарынан кездешет.

-Бул илдетке чалдуугунун негизги себептерин кандай жагдайларга байланыштырып жатасыз? Эмне үчүн мынчалык көбөйүп кетти мурдагыга салыштырмалуу.

-Мунун негизги себептери жөнүндө бир нерсени айтуу кыйын. Бул жерде көп нерсени айтууга болот. Ар бир адам ушул улгайган кезинде же кандайдыр бир оорунун негизинде инсультка чалдыгат деген коркунуч жок да. Муну массалык маалымат каражаттары тууралуу элге жеткизип, билдирип туруш керек, бул биринчи.

Экинчиден, мына ушул оорулуулар өз учурунда дарыгерлерге барып көзөмөлгө турушпайт. Булар билишет өзүлөрүнүн кан басымы көтөрүлүп жүргөнүн. Башы айланып, ден-соолугу начарлап, мурдагы жумушун аткара албай, алы кетип башы айланып жүрсө дагы дарыгерге барышпайт. Ушул ооруга каршы кам көрүшпөйт. Эч убакта алдын алып инсультту болтурбоо мүмкүнчүлүгүн колдонушпайт.

-Себеби эмнеде болуп атат? Жашоо жагдайы себеп болуп атабы же башка себептер барбы?

-Мунун себеби, биринчиден дарыгерлерге өз учурунда кайрылбайт. Мына, мисалы отуз же болбосо кырк жаштан ашкандан кийин ар бир эле жаранда кандайдыр бир ушул оорунун белгилери кездешет. Анан ошол учурунда көрүнүп, дарыланып турса эң сонун болмок эле. Мисалы, жөнөкөй эле жанагы кан басымын көзөмөлдөө да биздин жарандардын арасында жок болуп турат.

-Кыргыз медицинасы ушул илдетке кабылгандардын канча пайызын сактап калууга кудуреттүү?

-Бүгүнкү күндө Бишкек шаарын эле ала турган болсок, ушул инсультка чалдыккандардын 50 пайыздан ашыгын жаткызып стационардык түрдө дарылоо мекемелеринде дарылай алабыз. Ал жерде оорулуунун өлүмүнүн cаны эң төмөн десек деле болот, 30 пайызга жетпейт. Ал эми жанагы үйдө бир 50 пайыздан азыраагы үйдө калып калып атпайбы, ошолордун өлүмүнүн саны 60 пайызга жакындап калышы ыктымал.

-Ушул илдеттен коргоп калуу үчүн кандай аркеттер көрүлүп атат? Жалпы эле кандай программалар бар медицина тармагында?

-Азыркы учурда биз ушул Бишкек шаарындагы инсультка чалдыккан оорулуулардын 100 пайызын стационардык жол менен дарыласак деген алдыбызда максат турат. Мына ушуга байланыштуу Улуттук госпиталда бир бөлүм бар эле, атайын адистештирилген, ошол инсультка каршы, азыр мына эки бөлүм болду. Кошумча азыр шаардык биринчи ооруканадан атайын бир инсульттук бөлүм ачтык. Ал жер менен мынакей 60 пайызка жакындап калды жаткызганыбыз. Эми буюрса Чүй облусунда дагы бир бөлүм ачылган турат.

-Рахмат сизге.
XS
SM
MD
LG