Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Энелердин өлүмүнө ким күнөлүү?


Төрөт үйлөрүндө энелердин өлүмү көбөйгөнү боюнча депутаттык комиссия түзүүнү Социал-демократиялык партиянын мүчөсү Дамира Ниязалиева көтөрдү.

-Дамира айым, эл депутаттарына төрөт үйлөрүндө энелердин каза болуусу боюнча канча факты дайын болду?

- Азыркы күнү төрт аялдын өлүмгө учураганы боюнча маалымат бар. Мен ойлойм, бул биздин билгенибиз, бирок билбей көмүскөдө жаткан андай учурлар бүт эле Кыргызстандын төрөт үйлөрүндө кезигет. Ошон үчүн бул маселеге аял, депутат катары башка көз караш менен карап туруп, буга чек коюу керек. Эмнеден мындай өлүмдөр болуп атканын тастыкташ керек деп ойлойм.

-Алардын себептери эмнеден болду экен. Акча төлөй албай калышканбы?

- Жок, бул азырынча белгисиз. Мен ошон үчүн айтып атам, Саламаттыкты сактоо министрлигинен комиссия түзүлүп, ошол изилдеп иштеп аткан экен. Туура чечим алуу үчүн, ким күнөөлү экенин туура билиш үчүн мен ойлойм ушул комиссияга депутаттар кошулуш керек, же болбосо депутаттар тобу өзүнчө комиссия түзүп, ошону караш керек.

Менин жеке оюм боюнча, албетте бул медициналык кызматкерлердин күнөөсү болушу мүмкүн. Мен айтып атпаймбы, бизге бир топ эле аялдар, эне-аталар, үй-бүлөлөр кайрылат жылда, ушундай өлүм болду, ушундай жагдай болду деп. Мен ойлойм, буга биздин Кыргызстандагы социалдык-экономикалык жагдай дагы таасир берип атат.

Анткени азыр энелер, аялдар өзүнүн ден-соолугун карабай, балдарымды, үй-бүлөмдү баксам деп оокат кылып, өзүн өзү карабай жүргөн үчүн дагы аялдар ушундай жагдайга учурап атат. Экинчиден, карайын десе дагы, доктурга барып жакшы дарыланайын десе дагы акчалары жок болуп калган абалдар да бар.

Ошон үчүн ошонун баарын карап көрүш керек, ким күнөөлү бул жерде. Мен кечээ Ошто болдум, жөн эле машинада кетип баратып сөз кылсак, айдоочу айтып атат менин Алайда карындашым 30ка чыкпай каза болду, азыр соттошуп атабыз деп.

Карасаңар, биз айтып аткан энелердин өлүмү төрт көрүнүш менен гана бүтпөйт деп ойлоп атам. Бул өлкөнүн баардык бурчтарында бул кайталана турган нерсе. Ошон үчүн ким күнөөлү экенин депутаттар айтып, анан ошого оңдоло турган жагдай болуш керек деп ойлойм.

-Төрөт үйлөрдө мектепте балдарга акча алгандай эле акча алышат. Айлыктын аздыгы, мамлекеттик каржылоонун начардыгы ага түрткү болуп жатат. Маселени кандай чечиш керек?

- Маселени чечүүнүн жолу бир эле да, эгерде медицина кызматкерлеринин айлыктары өзүнүн үй-бүлөсүн, өзүн бакканга жетиштүү болсо, мен ойлойм, төрөп аткан, абдан кыйналып аткан аялдардан акча сурабайт эле го деп.

- Демек, мамлекет тарабынан каржылоону жолго салыш керек?

- Ооба, албетте, ошондой. Бирок бул бир эле күндө жолго салынчу көрүнүш эмес. Мен Алай жөнүндө айтып атпаймбы, ал жерде иштегенге адис жок деп айтып атышат. Акчасы аз болсо, эгерде тастыктаган учурда медициналык кызматкердин күнөөсү далилденсе , аны сотко берип, кандайдыр бир соттогон жагдайга учурайт да.

Аны көргөн жаш адистер ойлойт да, акчасы аз болсо, ушундай учур болсо эмне кереги бар деп. Ошон үчүн айтып атат, болгон докдурлар дагы базарда отуруп соода-сатык кылып атышат, иштегилери келбей атышат деп. Ошонун үчүн системаны оңдош керек деп ойлойм.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG