Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:17

Башкаруу системасын реформалоого көпчүлүк аткаминерлер каршы экендиги 29-сентябрдагы инвестициялык кеңеш жыйынында белгиленди.

Инвестициялык кеңеш алдыңкы технология паркын түзүү сунушун өкмөткө тапшырды.

Кыргызстан ишкердикке шарт түзүү жагынан Дүйнөлүк банктын мактоосуна арзыганы быйылкы өкмөттүк жыйындардын бир да бирөөндө айтылбай кала элек. Анткен менен, ыксыз текшерүүлөр дагыле токтолбой, башкаруу системасын реформалоо аткаминерлердин ачык-тымызын тоскоолдуктарына кабылып жатканын Инвестициялык кеңеш жыйынында башка бирөө эмес президент К.Бакиевдин өзү айтып олтурат.

- Антип иштеш жарабайт! Ошол себептүү турмуштун өзү президенттин башкаруу системасын түп тамырынан кайрадан реформалоо керек, деп миң ирет кайталаган сөзүнүн тууралыгын ырастады. Биз буга киришип жатабыз. Мындан ары минтип иштөөгө болбойт.


Инвестициялык кеңеш жыйынында өкмөт башчы Игорь Чудинов көбүнесе ийгиликтерге басым жасады. Ишкердикке шарт түзүү аракети дагы улантыларын кабарлады. 8 ай ичинде Кыргызстандын ички дүң продукту 3,4% көбөйгөнүн, “Кумтөр” алтын кенин кошпогондо бул көрсөткүч 4% бираз жете бербей калары маалымдалды.

Албетте, чыгарган буюм-тайымы коңшу Казакстан менен Орусияга жөнөтүлчү ири ишканалардын көбү экономикалык кризис шартында токтоп же жарым-жартылай иштөөдө. А бирок андай кысталыш чакта ички базарга иштеген экономика ажат ачып, курулуш, байланыш, айыл чарбасы быйыл дурус дегидей көрсөткүчтөрдү камсыз кылышты. И.Чудинов менчикти каттоо, ишкердикке уруксат алуу түйшүктөрү кыйла жеңилдегенин баса көрсөттү.

- Компанияны каттоодон өткөрүү кыйла жөнөкөй болуп калды. Мурда буга 21 күн кетсе бүгүн ал 4 жумшчу күндү алат. Ишкерлердин кредит алуу мүмкүнчүлүгү кыйла кеңейди. Албетте, бул жерде иштей турган жумуштар дагыле көп. Буга Улуттук банкты да кошуу зарыл экен. Өкмөттүн жалгыз өзүнүн аракети жетишсиз болуп жатат.

Өкмөт башчынын биринчи орунбасары чоң жыйында Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү багытка басым жасады. Өлкө заман талабына шайкеш өнүккүсү келсе заманбап технологияга ык коюп, ошону алдыга сүрөшү зарыл экендигин ал Индия, Белорусия сындуу өлкөлөрдүн мисалында ырастады. Өмүрбек Бабановдун кабарлашынча, ушу тапта алдыңкы технология паркын түзүү концепциясы иштелип жатат. Ал концепцияга ылайык өкмөт компьютердик программа түзүүчү мыкты адистерге салык жеңилдиктерин берүүнү көздөөдө. Ыңгайлуу шарттарын түзүп берсе Кыргызстан байланыш технологиясы боюнча Индия сындуу өлкөлөргө теңата боло албаса да, Белорусия деңгээлине жетишке шарт-мүмкүнчүлүктөрү бардыгы белгиленди.

Ө.Бабановдун демилгеси Инвестициялык кеңеш тарабынан колдоого алынып, президент К.Бакиев технопаркка мындан ары мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт, деп билдирди. Мамлекет башчы бул иштин кепилдигин алууга даяр экенин айтты. Ага улай өкмөткө алдыңкы технология паркын түзүүгө зарыл иш-чараларды жүзөгө ашыруу милдети тапшырылды.

Заманбап технология кандай экенин мыкты билген программа түзүүчү Нурадин Канатаевдин ырасташынча, ушу тапта чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мыкты адис жигит-кыздардын көбү мыкты шарт түзүлсө Мекенине кайтып келишет.

- Негизи бизде кадрлар көп, абдан эле көп. Бирок эмнегедир биздин өлкөбүздө буларды колдобогондон улам баары кетип калышкан. Такыр болбогондо эле Казакстанда жүрүшөт. Америкада деле бар. “Силикон өрөнүндө” иштешет. Алардын байланыш телефондорун таап, ушундай шарттар түзүлүп жатат, келгиле дешсе ким эле өзүнүн Атамекенинен баш тартсын.

А бирок, алыс жерден акыл эмгегинин үзүрүн көрүп жүргөн адистердин көпчүлүгү өкмөттүн кезектеги демилгесин уккан соң жабылып чет өлкөлөрдөн келе башташат, деп айтыш деле кыйын. Өкмөттүк жыйындарда улам-улам козголуп, бирок да каржынын же кайсы бир аткаминерлердин тоскоолуна кабылып кагазда калып калган демилгелер деле толтура. Технопарк сунушу кагаз сунуштардан кыйгап өтүп кетет, деп эч ким кепилдик бере албайт. Эртеңки күнү калар-калбасы күмөн министрлер кабинети бул жаңы демилгени биринчи ирет угуп жаткан жери жок.

Компьютердик программа боюнча адис Сьезд Бекжановдун ырастоосунда, чет өлкөлөрдөгү кыргыз адистер аз маянага деле кайыл болуп Мекенине келишке куштар.

- Дүйнөгө белгилүү компаниялардын, мисалы үчүн “Microsoft” компаниясынын көп бөлүктөрүндө иштеген кыргыз балдар бар. “DHL” башкы кеңсесинде иштеген балдар бар. Башка нейротехнология бөлүмдөрүндө иштеген кыргыз балдарыбыз бар.

Инвестициялык кеңеш жыйынында чоң кепке арзыган алдыңкы технология паркын түзүү зарылдыгы буга чейин деле айтылып келген. Мындан эки жыл илгери Кыргыз-түрк “Манас” университетинде ушул эле демилге көтөрүлүп, анда деле бали-бали сөздөр айтылган. Андан бери 2 жыл өттү маселе ачык чечилбей арасат турат. Технопарк жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорунун да багы ачылбай, парламент менен өкмөт ичинде убакты-саатын күтүп жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG