Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Тарых барактары: 6-апрель


1998-жылдын бул күнү Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шариповго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган.
1998-жылдын бул күнү Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шариповго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган.

Кыргыздын таанымал тарыхый инсаны, көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмери Шабдан Жантай уулу 1912-жылдын 6-апрелинде дүйнөдөн кайткан. Жогорку Сот «Ар-намыс» партиясынын лидери Феликс Куловдун сот ишин 2005-жылдын бул күнү кайра карай баштаган. Айтылуу «Кодак» фотокамерасы биринчи жолу 1889-жылдын 6-апрелинде сатыкка түшкөн.

Кыргыз тарыхынын кайгылуу даталарынын бири 6-апрелге туш келет. Кыргыздын таанымал тарыхый инсаны, көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмери Шабдан Жантай уулу 1912-жылдын 6-апрелинде дүйнөдөн кайткан. Тунгуч кыргыз тарыхчысы Шабдан батыр үчүн «Тарых кыргыз Шадмания» эмгегин жазган Осмонаалы Сыдык уулунун жазганына караганда, Шабдан баатыр жума күнү түшкү намаз маалында үзүлгөн. Падышалык бийликтин баатырдын балдарына айтылган көңүл айтуулары, алардын даража, деңгээли жана анын жаркын элесине арналган эскерүүлөр Шабдан баатырдын кыргыз тарыхындагы барандуу ордун көрсөтөт. Шабдан баатыр кыргыз элинин биримдиги үчүн талыкпай күрөшкөн саясатчы болгон. Бишкек уездинин начальниги А. Талызиндин жазганына караганда, Шабдан баатыр дайыма «кыргыздар бир уядагы аарыдай чогулуп жашашы керек» деп айтчу экен.

«Манас» эпосунун 1100 жылдык мааракесин белгилөө камылгасы Кыргызстан борборундагы илимий мекемелерде кызуу жүрүп, 1945-жылдын бул күндөрү маарекелик майрам планы тактала баштаган.

Кыргыз ССР компартиясынын 1991-жылдын 6-апрель күнкү Пленумунда кадрдык алмашуулар жүргөн. Советтер Союзу көз көрүнө ыдырап жана убагында атагы таш жарган компартиянын баркы кетип жаткан учурду аңдабай калган Апсамат Масалиев Кыргыз ССР компартиясынын Борбордук комитетинин 1-секратардык кызматынан алынган.

Кыргызстандык коммунисттер абалды оңдойт деген ишеним менен анын ордуна Жумгалбек Аманбаевди шайлашкан. Ушул эле пленумдун чечими менен Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайлангандыгына байланыштуу Медеткан Шеримкулов Кыргыз ССР КПнын БКнин секратардык кызматынан бошотулуп, партиялык бюродон чыгарылган.

Президент Аскар Акаевдин 1998-жылдын 6-апрелдеги жардыгына ылайык, жердиги кыргызстандык, россиялык космонавт Салижан Шариповго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген наам ыйгарылган.

Жогорку Сот «Ар-намыс» партиясынын лидери Феликс Куловдун сот ишин 2005-жылдын бул күнү кайра карай баштаган. Убагында Феликс Куловдун кызматын кыянаттык менен пайдаланылды деген сот жазасы, эми өзгөргөн жагдайга жараша Жогорку Соттун өкүмүнө ылайык жокко чыгарылган.

СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун 1930-жылдын бул күнкү чечимине ылайык, Советтер Союзунун жогорку сыйлыктары эсептелген-Ленин менен Кызыл Жылдыз ордендери чыгарылган. Ленин орденинин алгачкысы «Комсомольская правда» гезитине тапшырылса, ал эми Кызыл Жылдыз орденин биричи болуп В. Блюхер алган.

Биринчи Олимпидалык оюндар 1896-жылдын бул күнү Грециянын Афина шаарында башталган. Олимпиадалык кыймылдын негиздөөчүсү Пьер де Кубертендин чакырыктарына ылайык, Олимпиадалык оюндар тынчтык жана бейпилдик принциптерине таянган.

Бишкек өрткө каршы күрөшүү гарнизонунун жүзгө чукул өрт өчүргүчү 2006-жылдын бул күнү иш ташташып, Жогорку Кеңештин кашына нааразычылык митингге чыгышкан. Митингчилер тогуз ай берилбей калган тамак-ашка бөлүнчү акчанын өндүрүлүп берилишин талап кылышкан.

Теңдешкис полководец Гай Юлий Цезарь баштаган армия б. з. ч. 45-жылдын 6-апрелинде Помпейдин аскерлерин Түндүк Африкада талкалаган. Согуш ийгилиги Цезарга 10 жылга Римдин диктатору болуп дайындалышына жол ачкан.
Петр I 1722-жылдын 6-апрелинде сакалга бир жыл үчүн 50 рубль көлөмүндө салык киргизген.

Айтылуу Помпей шаарынын урандысы 1748-жылдын 6-апрелинде ачылган.

Барон Карл де Дрез 1818-жылдын 6-апрелинде Париж шаарында азыркы велосипеддин прообразы эсептелген эки дөңгөлөктүү жүрүүчү каражатты көрсөткөн.

Айтылуу «Кодак» фотокамерасы биринчи жолу 1889-жылдын 6-апрелинде сатыкка түшкөн.

Атактуу италиялык живописчи, архитектор жана Италия Ренессансынын көрүнүктүү өкүлү Раффаэлло Санти 1483-жылдын 6-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Атактуу америкалык авиаконструктор, пассажирдик жана согуш самолетторун чыгарган Дональд Дуглас 1892-жылдын 6-апрелинде туулган.
XS
SM
MD
LG