Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:14

9-апрель: Тарых барактары


Массачусетс технологиялык институту 1989-жылдын бул күнү америкалык Дуглас Энгельбартка компьютердик чычканды ойлоп тапкандыгы үчүн 500 000 америкалык доллар көлөмүндө сыйлык берген
Массачусетс технологиялык институту 1989-жылдын бул күнү америкалык Дуглас Энгельбартка компьютердик чычканды ойлоп тапкандыгы үчүн 500 000 америкалык доллар көлөмүндө сыйлык берген

Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин 1954-жылдын 9-апрель күнкү чечимине ылайык, борбор шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу иши башталган. Ватикан 1966-жылдын 9-апрелинде төрт кылым чамалуу тыю салынып келе жаткан китептердин Индексин жою туурасында чечим чыгарган. Америкалык Дуглас Энгельбарттын компьютердик чычканды ойлоп тапкандыгы 20 жыл өткөндөн кийин барып бааланган.

Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин 1954-жылдын 9-апрель күнкү чечимине ылайык, борбор шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу иши башталган. Көчөлөрдү тазалоо жана бак отургузуу үчүн 36 километр аралык белгиленип, Ленин - азыркы Чүй проспектиси, Пионер - азыркы Москва көчөлөрүнүн эки тарабына фонарь илинчү тарабы чоюндан жасалгаланган темир устундар орнотула баштаган.
Советтер Союзунун ар кайсыл аймагында партия диктатына каршы саясий акциялар өткөрүлүп компартиянын кедери кетип калган маалда, Кыргызстан коммунисттик партия Борбордук комитетинин кезектеги пленуму 1990-жылдын 9-апрелинде ишин баштаган. Пленумда коммунисттик партиянын аброюн арттыруу, коммунисттердин аракетин бириктирүү сыяктуу маселерер талкууга алынган.
Айтылуу кинорежиссер Төлөмүш Океев 1993-жылдын бул күнү Кыргызстандын Түркия Республикасына толук ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалган. Гиперинфляция жана каатчылыктан кабыргасы кайышкан интеллигенция үчүн Т. Океевдин элчилик кызматка кетиши кыргыз киносунун акыры катары кабыл алынган.

Жогорку Кеңеш депутаттыгына ат салышкан Рысбек Акматбаев 2006-жылдын бул күнү № 69-Балыкчы округунан 79,22% добуш топтогон. Ошентип эгемен Кыргызстан тарыхында биринчи жолу уюшкан криминалдык топтун лидерине парламент депутаттыгына мандат алууга жол ачылган.
Нью-Йорк шаарында 1930-жылдын 9-апрель күнү биринчи жолу видеотелефон көрсөтүлгөн. Bell Laboratories и AT&T компаниялары ортосунда байланыш курулуп, алар пикир эле алмашып тим болбой, узактан сүйлөшкөн тараптар бири-бирин көрөп турушкан.

Нацисттик Германия 1940-жылдын 9-апрель күнү Дания жана Норвегияга кол салган. Согуш операциясына 2 линкор, 7 крейсер, 14 эсминец, 9 дивизия жана 1 аткычтар бригадасы тартылган. Буга чейин Европанын батышындагы согуш операцияларынан такшалган немец армиясы кыска убакытта эки өлкөнү басып алган.

Америкалык чалгындоочу У-2 учагы 1960-жылдын 9-апрелинде Советтер Союзунун аймагынын үстүнөн 19-21 миң метр бийиктикте учуп өткөн. Америкалык учак Семипалатинск, Байконур сыяктуу стратегиялык объектилерди чалгындап, советтик абадан коргонуу күчтөрү бийик учкан самолетко байкоо гана көргөзүп тим болушкан.

Советтер Союзунун парламентинин 1962-жылдын 9-апрелдеги жардыгына ылайык 12-апрель космонавтика күнү болуп жарыяланган.

Ватикан 1966-жылдын 9-апрелинде төрт кылым чамалуу тыю салынып келе жаткан китептердин Индексин жою туурасында чечим чыгарган. Китептерге тыю салган биринчи расмий Индекс 1559-жылы Павел V тарабынан киргизилген жана ал кийин толукталып, улантылып турган.

Айтылуу финн фольклористи Элиас Лёнрот 1802-жылдын 9-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Окумуштуу башында медициналык билим алып, кийин чыгармачылык ышкысынан улам журналистика менен шугулданып, бара-бара фольклордук материалдарды чогултууга киришкен. Элиас Лёнрот Финляндиядагы «Аары» аттуу биринчи маалымдоо журналын негиздеген. Илимпоздун чыгармачыл өмүрүнүн негизги жыйынтыгы катары «Калевала» эпосун чогултуп, жарыкка чыгарышы эсептелет.

Массачусетс технологиялык институту 1989-жылдын 9-апрелинде америкалык Дуглас Энгельбартка компьютердик чычканды ойлоп тапкандыгы үчүн 500 000 америкалык доллар көлөмүндө сыйлык берген.
XS
SM
MD
LG