Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

30-апрель: Тарых барактары


1967-жылдын бул күнү Москвада Останкино теле мунарасы ишке киргизилген.

1967-жылдын бул күнү Москвада Останкино теле мунарасы ишке киргизилген.

Түркстан Автономиялык Республикасынын Мамлекеттик окумуштуулар кеңеши 1924-жылдын бул күнү «Кара-Кыргыз Илим комиссиясын» уюштуруу туурасында чечим чыгарган. Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республиканын жаңы Конституциясын кабыл алган Кыргыз АССР Кеңешинин II съезди 1929-жылдын 30-апрелинде ишин аяктаган.

Орус бийлиги Ормон хандын элин Россия империясынын курамына алыш үчүн болгон аракетти жасагандыгы байкалат. Казактардын Чоң ордо приставы майор Перемышльскийге жолдонгон катта, кыргыз манабы Ормон Ниязбековго элчилик жасалыш зарылчылыгы белгиленет. Керектүү болгон жүк ташыш үчүн казактардан жылкы жана төө сурап Ормон ханды карай аттаныш керектиги көрсөтүлөт. Капыстан түшкөн көчтөн Ормон хандын сесетенбеши үчүн алдын-ала кабар берип, кыргыз жергесине келээр замат мыкты боз үйлөрдү тигүү туурасында сөз кылынат. Орус бийлигинин 1853-жылдын 30-апрель күнкү рапортунда Ормон ханга жашыл бархаттан тигилген чепкен жаап, ар бири беш жарым аршинден турган кездеме, күмүштөн жасалган ашкана идиштерин, алтын саат жана башка белектерди берүү туурасында көрсөтмө берилген.

Түркстан Автономиялык Республикасынын Мамлекеттик окумуштуулар кеңеши 1924-жылдын бул күнү «Кара-Кыргыз илим комиссиясын» уюштуруу туурасында чечим чыгарган. Түркстан Автономиялык Республикасынын Мамлекеттик окумуштуулар кеңешинин чечиминде, кара-кыргыздардын кыргыз-казактардан тили, маданияты жагынан айырмасы бар экендиги белгиленет. Кара-Кыргыз илим комиссиясы Түркстан Автономиялык Республикасынын Мамлекеттик окумуштуулар кеңешине баш ийип, анын төрагалыгына таанымал агартуучу Ишенаалы Арабаев дайындалган. Ушул эле жылдын декабрь айында Кара-Кыргыз илим комиссиясы Академиялык борборго айлантылган.

Кыргыз АССР Кеңешинин II съезди 1929-жылдын 30-апрелинде ишин аяктаган. Кеңеш жыйынында Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республиканын жаңы Конституциясы кабыл алынган. Баш мыйзамга ылайык Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик желеги бекитилген. Кызыл түстөгү желектин каскакка бекиген жээгине жакын алтын тамгалар менен кыргызча «Кыргыз АССРи» деп жазуу түшүрүлгөн.

Жумушчу, дыйкан жана кызыл аскерлердин Фрунзе шаардык кеңешинин 1929-жылдын 30-апрель күнкү чечимине ылайык, христиандардын Свято-Серафимова чиркөөсү Агартуу Элдик комиссариатына берилген. Элдик агартуучулар чиркөөнү коңшу жайгашкан балдар үйү үчүн клубга айландырышып, акыры аны талкалана турган даражага жеткиришкен.

Кыргыз Республикасынын жакынкы коңшуларына карата жүргүзгөн дипломатиялык алакасы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууну арттыруу принцибине ылайык өнүккөн. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн башын бириктирген Борборазиялык биримдиктин уюшулуш жагдайын кыргыз дипломатиясынын ийгилиги катары бааласа болот. Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев, Казакстан Республикасынын прездинти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстан Республикасынын презденти Ислам Каримов 1994-жылдын 30-апрелинде Чолпон-Ата шаарында Борборазиялык биримдикти уюштуруу келишимине кол коюшкан.

Падыша Алексей Михайлович 1649-жылдын 30-апрелинде өрткө каршы күрөшүү кызматын ачуу туурасында жардыкка кол койгон. Президент Б. Ельциндин 1999-жылкы жардыгына ылайык 30-апрель Россиянын өрттөн коргоо күнү катары белгиленген.

Советтик аскерлер рейхстагды алыш үчүн кырчылдаша согушуп, 1945-жылдын 30-апрель күнү полковник А. И. Негода баштаган 171-аскер бөлүгү жана генерал-майор В. М. Шатиловдун командачылыгы астындагы 150-аскер бөлүктөрү имаратка киришкен. Фашисттик Германиянын символу эсептелген рейхстаг имарытынын бооруна 30-апрель күнү түшкү 14 саат 25 минутада 674-аткычтар полкунун кызыл желеги сайылган.

Түндүк Вьетнамдык аскерлер 1975-жылдын 30-апрелинде Сайгон шаарын бошотушкан. Ушул эле күнү Түштүк Вьетнам өкмөтү капитуляция келишимине кол койгон.

Останкино теле мунарасы 1967-жылдын 30-апрель күнү ишке киргизилген.

Америка Кошмо Штаттары 1803-жылдын 30-апрелинде Луизиананы Франциядан сатып алган.

Атактуу чех жазуучусу Ярослав Гашек 1883-жылдын 30-апрелинде жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG