Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:59

4-январь: Тарых барактары


1943-жылдын ушул күнү "Тайм" журналы Сталинди жыл адамы деп тапкан.
1943-жылдын ушул күнү "Тайм" журналы Сталинди жыл адамы деп тапкан.

Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшүнө каршы күрөшкөн 6-ыктыярдуу корпустун штаб начальниги 1917-жылдын 4-январында Түркстан аскер округунун командачысы генерал А. Н. Куропаткинге жашыруун билдирүү жөнөткөн.

Кыргызстандын тарыхый окуялары:

Кокон хандыгында кыпчактардын таасири күчөп бараткандыгына тынчсызданган Сибирь корпусунун командири 1864-жылдын 4-январында Аскер министрине билдирүү жолдогон. Анын айтымында хандыктын мурдагы башкаруучулары акырындык менен кыпчактар жана кыргыздарга алмаштырылган. Тестияр хан Султан-Сеидге аталык милдетти молдо Алымкул алып, анын буйругуна ылайык хандын эски сарайы бузулган. Сибирь корпусунун командири Алымкул аталык хан сарайды шаар сыртына чыгарып, мында корголгон ордо курдургандыгын кабарлаган.

Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшүнө каршы күрөшкөн 6-ыктыярдуу корпустун штаб начальниги 1917-жылдын 4-январында Түркстан аскер округунун командачысы генерал А. Н. Куропаткинге жашыруун билдирүү жөнөткөн. Билдирүүдө Жетисуу областындагы кыргыздардын падышалык бийликке каршы көтөрүлүш чыгарышынын себептери көрсөтүлгөн. Штаб начальниги 1916-жылга чейин кыргыздардын жери жеркоторгондорго тартылып берилгендиги жана аларды күчтөп аскерге алынышы көтөрүлүшкө себеп болгондугун билдирген.
Бул күнү айтылуу түрколог С. Е. Малов жарык дүйнөгө келген.

Айтылуу тюрколог жана орто кылымдагы кыргыздардын тарыхын, тилин изилдөө зор салым кошкон илимпоз Сергей Ефимович Малов 1880-жылдын 4-январында жарык дүйнөгө келген. Сергей Ефимович бүткүл чыгармачыл өмүрүн тюркология илимине арнап, энесайлык кыргыздардын жазма эстеликтерин окууда жана аларды илим чөйрөсүнө жайылтууда эбегейсиз салым кошкон. Окумуштуу XX кылымдын баш ченинде Кытайга экспедицияга барып, уйгур, салар, сарыг уйгур, лобнор сыяктуу түрк тилдерин изилдеп, аларды кийин китеп кылып чыгарууга жетишкен. Анын «Древнетюркские памятники»

«Енисейская письменность тюрков» сыяктуу илимий эмгектери азыркы учурда да илимпоздор үчүн негизги булак кызматын аткарып келет. Сергей Ефимовичтин илимге сиңирген эмгеги «Ленин» ордени жана «Эмгек Кызыл туу» ордени менен бааланган.

Дүйнөлүк тарых окуялары

Россиядагы биринчи революциялык коом «Түндүк орус жумушчуларынын уюму» аталып, ал 1879-жылдын 4-январында Петербург шаарында уюшулган. «Түндүк орус жумушчуларынын уюмун» слесарь В.П. Обнорский менен жыгач уста С. Н. Халтуриндер түптөгөн. Уюштуруу жыйынында уюмдун саясий программасы кабыл алынып, анда теңсиз коомдун саясий-экономикалык түзүлүшүн өзгөртүү максаты белгиленген.

Америка Кошмо Штаттарынын Айова штатында 1885-жылдын 4-январында биринчи жолу аппендикске каршы операция жасалган.

В.И. Ленина редакциясы астында 1905-жылдын 4-январь күнү Женева Шаарында «Вперед» аталган биринчи большевиктик жашыруун гезиттин биринчи саны жарык көргөн.

I Сибирь съезди 1918-жылдын 4-январында Совет бийлигин курал менен коргоо туурасында тарыхый чечим кабыл алган.

Адмирал Колчак 1920-жылдын 4-январында Деникиндин пайдасына Россиянын жогорку башкаруучулук титулунан баш тарткан.

В. И. Лениндин «Съездге кат» аттуу айтылуу эмгеги 1923-жылдын 4-январында соңуна чыккан. Эскерүүлөргө караганда В. И. Ленин ушул күнү И. В. Сталиндин карөзгөйлүк мүнөзүн сындап, аны ВКП(б) БКнын Генералдык секретардык кызматынан кетирүүнү сунуш кылган.

Банкир Шредердин Кельндогу шаар сыртындагы вилласында 1933-жылдын 4-январь күнү Гитлер жана таасирдүү ишкерлер менен банкирлер катышкан жыйын өткөн. Жыйында бийликти Гитлер баштаган улутчулдарга өткөрүү маселеси чечилген.

Совет өлкөсүнүн тагдырын чечкен «Беловежская Пуща» коругу 1940-жылдын 4-январында уюшулган.
Таасирдүү америкалык «Тайм» журналы 1943-жылдын 4-январь күнү 1942-жылдын жыйынтыгын чыгарып, И. В. Сталинди Жыл адамы деп тааныган.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Л. Джонсон 1965-жылдын 4-январында өлкө абалына арналган кайрылуусунда айтылуу идеясын коомчулуктун талдоосуна койгон. Президент Джонсон «Улуу коом» куруш үчүн билим берүү системасына федералдык жардам көрсөтүү (Хед старт), бей бечараларды медициналык жактан коргоп (Медикэйд), карыларга жөлөк болуу (Мэдикэр) аркылуу өрнөктүү шаарларды куруу демилгесин козгогон.

Америка Кошмо Штаттарынын Түштүк Вьетнамдагы аскер күчтөрүнүн саны 1968-жылдын 4-январына карата 486 миң адамга жеткен.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джимми Картер советтик аскерлердин Афганистанга киришине шылтап, Москва шаарында өтчү Жайкы олимпиадалык оюндарга 1980-жылдын 4-январында бойкот жарыялаган.
XS
SM
MD
LG