Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

16-январь: Тарых барактары


АКШда 1920-жылдын 16-январында спирт ичимдиктерин өндүрүү жана сатууга тыюу салынган.
АКШда 1920-жылдын 16-январында спирт ичимдиктерин өндүрүү жана сатууга тыюу салынган.

Генерал М. Д. Скобелевдин жазалоочу отряды 16-январда Асакеге жетип, артиллериялык чабуул коюу ыкмасын колдонуу менен кыштакты басып алган. Конституциянын 18-түзөтүүсүнө жараша Америка Кошмо Штаттары 1920-жылдын 16-январында спирт ичимдиктерин өндүрүү жана сатууга тыюу салган.

Кокон хандыгында башталган көтөрүлүштү басуу үчүн падышалык бийлик жазалоочу отряд курап, ал 1876-жылдын январь айында Экисуу арасында орун алган кыргыздар менен кыпчак козголоңчуларын талкалоо максатын көздөгөн.

Падышалык аскерлер козголоңчулардын колунда турган Анжыян шаарын экинчи ирет басып алуу камылгасын көрүп, аскер операциясын даярдаган. Анжыян улугу Ишмат шаарды таштап, кыргыздар менен чогуу Асаке кыштагына чегинген. Козголоңчулардын артынан түшкөн генерал М. Д. Скобелевдин жазалоочу отряды 16-январда Асакеге жетип, артиллериялык чабуул коюу ыкмасын колдонуу менен кыштакты басып алган.

Түркстан крайынын Элдик комиссарлар кеңеши 1918-жылдын 16-январында Кызыл Аскерлердин ыктыярдуу отрядын куроого киришкен. Кызыл аскерлер отрядын уюштуруу чечими, РСФСР Элдик комиссарлар кеңешинде кабыл алынган лениндик декретке ылайык жүргүзүлгөн.

РКП (б) Борбордук комитети 1922-жылдын 16-январында «Түркстан коммунисттерине» кайрылуу кат жолдогон.

Кыргызстанга иш сапары менен келген КПСС Борбордук Комитетинин биринчи секретары Н. С. Хрущев 1957-жылдын 16-январында «Спартак» стадионунда эмгекчилер менен жолугушуу өткөргөн. Кышкы суука кайыккан калк башкы коммунисттин майрамдык салтанаттан улам тили күрмөөгө келбеген баяндамасына күбө болушкан.

Республика жетекчилиги Биринчи катчынын колунан Ленин орденин алган. Орден Кыргыз ССРине айыл чарбадагы жетишкендиктери үчүн тапшырылган.

Кыргызстандык 11 саясий партия, 6 бейөкмөт уюму 2003-жылдын 16-январында Конституциялык түзөтүү жана толуктоолор үчүн өткөрүлчү референдумга караманча каршы пикирлерин билдиришкен. Билдирүүдө жаңы редакцияда каралган нормалар мамлекет башчысынын бийлигин эбегейсиз чекке жеткирип, парламентти күңкор абалга келтире тургандыгы белгиленген.

Москва Улуу князы Иван IV 1547-жылдын 16-январында Успенск соборунда «Бүткүл Рустун падышасы жана Улуу князы» деген жаңы титулду алган.

Петербург шаарынын Троицк аянтында орун алган Сенат менен Аскер коллегиясынын имараттары 1718-жылдын 16-январында болгон катуу өрттөн күйүп кеткен.

1905-жылкы Биринчи орус революциясынын карлыгачы эсептелген Петербургдагы Путиловск заводунун жумушчуларынын стачкасы 16-январь күнү башталган.

Британиянын коомдук палатасы 1913-жылдын 16-январында Ирландиянын өзүн-өзү башкаруусун чектеген «Гомрул туурасындагы мыйзамды» кабыл алган.

Украинанын Борбордук Радасы 1919-жылдын 16-январь күнү Советтик Россияга согуш жарыялаган.

Кызыл Армиянын командирлерин чиндик баскычы жана аскердик кызматы боюнча айырмасы турган жеңге тагылчу белгилер 1919-жылдын 16-январында киргизилген.

Антанты өлкөлөрүнүн Жогорку кеңешинин 1920-жылдын 16-январь күнкү токтомуна ылайык Совет мамлекетине жасалган блокада алынып, соода байланышы орногон.

Конституциянын 18-түзөтүүсүнө жараша Америка Кошмо Штаттары 1920-жылдын 16-январында спирт ичимдиктерин өндүрүү жана сатууга тыюу салган.

Улуттар Лигасынын Биринчи жыйыны 1920-жылдын 16-январь күнү Париж шаарында ишин баштаган.

АКШ Сенаты 1920-жылдын 16-январында өлкөнүн Улуттар Лигасына киришине каршы чечим кабыл алган.

Кабардин автономиялык облусу 1922-жылдын 16-январында Кабардин-балкар автономиялык облусу болуп өзгөртүлгөн.

Лев Троцкий 1925-жылдын 16-январында СССР Революциялык аскер кеңешинин төрагалыгынан бошотулган.

Полковник Муамар Каддафи 1970-жылдын 16-январында де-факто Ливиянын президенти болуп калган.

Ирандагы «Ислам революциясы» 1979-жылдын 16-январында жасалган. Өлкө шахы Мохаммед Реза Пехлеви тактан кулатылып, Египетке качууга мажбур болгон.

Британия менен Ватикан ортосундагы 400 жыл илгери үзүлгөн дипломатиялык байланыш 1982-жылдын 16-январында калыбына келтирилген.

Ирак мамлекетине каршы камдалган «Чөлдөгү бороон» операциясы 1991-жылдын 16-январь күнү башталган. Башында Америка Кошмо Шттары турган 30 чамалуу союздук өлкөлөрдүн 700 миңден ашык аскери 550 миңдей ирактык жоокерлерге каршы согуш ачышып, кыска аралыкта Иракты жеңилүүгө мажбур кылган.
XS
SM
MD
LG