Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

18-январь: Тарых барактары


Советтер Союзунда Балдар телевидениеси 1963-жылдын 18-январында негизделген
Советтер Союзунда Балдар телевидениеси 1963-жылдын 18-январында негизделген

Пишпек уездик бийлиги 1895-жылдын 18-январында Шабдан Баатырга кайрымдуулук максатында акча берүүсүн өтүнүп, телеграмма жөнөткөн. Германия империясы 1871-жылдын 18-январь күнү курулуп, биринчи императордук такка прусс кайзери Вилгелм I Жеңүүчү отурган.

Пишпек шаарында 1892-жылдын бул күнү ишке киришкен К.Купленниковдун жылкы заводу кыска аралыкта империяга атагы чыккан чарба бирдигине айланган. Ишкердин жылкылары ат жарыштардан тарта, жылкы көргөзмөлөрүнүдө алдыңкы орундарды ээлеп, ортоазиялык жылкы күйөрмандардын оозуна алынган.

Император Александр III Москва шаарында орнотула турган эстелик курулушуна акча талап кылынып, каражат империянын булуң-бурчтарынан тарта чогултула баштаган.

Пишпек уездик бийлиги 1895-жылдын 18-январында Шабдан баатырга кайрымдуулук максатында акча берүүсүн өтүнүп, телеграмма жөнөткөн. Телеграммада буга чейин кайрымдуулук ирээтинде убада кылынган 100 рублди ылдам салып жиберилиш өтүнүчү кайрадан эске салынган.

Кокон хандыгында башталган көтөрүлүштү басуу үчүн куралган падышалык бийликтин жазалоочу отряды, козголоңчулардын башын бириктирбей жалгыздатып талкалоону чечкен. Кыпчактарды баштаган Абдурахман Афтобачи Анжыян айланасында калып, кыргыздарды жетектеген Исахасан уулу Пулат Маргалан тарапта туруп, Анжыян улугу Ишмат Асакеге бекингендиктен алардын ортосунда биримдик болгон эмес.

Кыпчактарды баштаган Абдурахман Афтобачи Анжыянда кайра кайтаруу максатында Асаке менен Анжыян шаарынын алыс узабоону чечкен. Генерал М. Д. Скобелевдин жазалоочу отряды 1876-жылдын 18-январында Анжыяндан чыгып, Абдурахман Афтобачиге каршы аттанган. Анжыян менен Асаке аралыгында каршылашкан тараптар айыгышкан урушта беттешишип, козголоңчулардын колу толук талкаланган.

Орус илим адамы А. Чайковскийдин арий расасына кирген калк туурасында жүргүзгөн изилдөөсү 1914-жылы Москва шаарында жарык көрүп, бул күндөрү эмгек окурмандын колуна тийген. 420 барактык көлөмдө жазылган китепте арий расасына кирген калктын байыркы мекени жана алардын жер которуу маселеси талкууланат.

А. Чайковскийдин пикирине ылайык, байыркы арийлер Ысык-Көл жана Чүй өрөөндөрүн байырлашып, алар адамзат тарыхынын башатында турган. Окумуштуунун пикирине караганда, кийинки тарыхый ургаал окуяларга байланыштуу арийлер мекенин таштап, жер которууга мажбур болушкан.

Кастилия королунун Башкы почтмейстери Франц фон Таксис 1505-жылдын 18-январында биринчи жолу эл аралык почта каттамын уюштурууга белсенген.

Испан конкистадору Франсиско Писаро 1535-жылдын 18-январында азыркы Перу мамлекетинин борбору Лиманы негиздеген.

Украин калкынын өкүлдөрү катышкан Переяславл Радасында (азыркы Переяслав-Хмельницкий шары) гетман Богдан Хмельницкий 1654-жылдын 18-январында Украинанын Польша өлкөсүнүн карамагынан чыгып, Москва мамлекетине кирүү туурасында сунуш киргизген.

Капитан Жеймс Куктун дүйнөнү айланган үчүнчү саякат маалында 1778-жылдын 18-январында Тынч океандын ортосунда орун алган эбегейсиз архипелагды ачып, ага «Сандвич аралдары» деген аталыш ыйгарган. Азыр ал Гавай аралдары деп аталып, капитан Куктун сүймөнчүк жерине айланган. Жергиликтүү калк да капитанга башында жылуу мамиле жасаган. Бирок анын аралдарга кийинки келүүсү капитандын өлүмүнө себепкер болгон.

Грузин хандыгы 1801-жылдын 18-январында Орусия мамлекетинин курамына кошулган.

Версал шаарында 1871-жылдын 18-январь күнү Германия империясынын курулгандыгы жар салынып, Германиянын биринчи императордук тагына прусс кайзери Вилгелм I Жеңүүчү отурган.

Академик Г. И. Вилддин демилгесине ылайык 1872-жылдын 18-январында Петербург шаарында Аба ырайы боюнча бюро ачылган.

Версал Тынчтык конференциясы 1911-жылдын 18-январында ишин баштаган.

Жапония 1915-жылдын 18-январында Кытайга жашыруун ультиматум жолдогон. Жапон бийлиги Кытайдан Шандун жарым аралындагы темир жол бойлой кеткен кендерди чалгындоо жана аларды өздөштүрүү, ошондой эле Манчжурияны толугу менен ижарага берүү талабын койгон.

Биринчи дүйнөлүк согуштун жеңүүчү мамлекеттеринин демилгеси менен чакырылган Париж Тынчтык конференциясы 1919-жылдын 18-январында ишин баштаган.

«Новый мир» журналынын биринчи саны 1925-жылдын 18-январында жарык көргөн.

Айтылуу кинорежиссер С. М. Эйзенштейндин «Броненосец Потемкин» фильми 1926-жылдын 18-январында экранга чыгарылган.

«М.В. Фрунзе атындагы Борбордук авиахиммузей» 1927-жылдын 18-январында ачылган.

СССР Конституциясынын долбоору 1936-жылдын 18-январында маалымдоо каражаттарында жарыялап, жалпы элдин талкуусуна коюлган.

Советтик аскерлер 1943-жылдын 18-январында Ленинград шаарынын блокадасын бузушкан. Фашисттик оккупанттар шаарды 900 күн камашып, расмий маалыматтарга караганда анын айынан 641.000 чамалуу адам өлгөн.

РСФСР курамына кирген Сахалин областы 1947-жылдын 18-январында уюшулуп, жаңы административдик бирдикке Курил аралдары кошулган.

КПСС Борбордук Комитети 1961-жылдын 18-январында Н.С. Хрущевдун Советтер Союзунун айыл чарбасын кайра куру туурасындагы планын жактырган. Калк арасында “Хрущевдун жүгөрүсү” аталган икая советтик экономикага оор залакасын тийгизген.

Советтер Союзунда Балдар телевидениеси 1963-жылдын 18-январында негизделген. Бул күнү Балдар программасы үчүн Борбордук редакция иш алып бара баштаган.

«Венера-4» аталган автоматтык станция 1967-жылдын 18-январь күнү Венера планетасына багыт алган.

СССР Жогорку Кеңеш Президиумунун 1974-жылдын 18-январь күнкү жардыгына ылайык Эмгек Даңкы ордени (үч баскычтагы) жана «Эмгек ардагери» медалы кабыл алынган.

Эстония Советтик Социалисттик Республикасы 1989-жылдын 18-январында эстон тилин Мамлекетик тил деп кабыл алган.

РСФСР Советинин I съезди 1990-жылдын 18-январында Орусия Федерациясынын мамлекеттик эгемендигин кабыл алган.
XS
SM
MD
LG