Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

19-январь: Тарых барактары


Жузеппе Вердинин "Аида" операсы Кыргызстандын сахнасында.
Жузеппе Вердинин "Аида" операсы Кыргызстандын сахнасында.

Кыргызстан КП (б) БК менен Элдик комиссарлар кеңеши 1944-жылдын 19-январында 9 миң чамалуу жер которгондорду жайгаштыруу туурасында токтом кабыл алган. Индира Ганди 1966-жылдын 19-январында Индиянын үчүнчү премьер-министри болуп шайланган.

Энесайлык кыргыздар менен сибирдеги орус воеводалары арасындагы мамиле 17-кылымдын башталышында кыйла оңолуп, андан ары алар соода-сатык алакага аралашкан. Анткен менен орус воеводалары кыргыздарга кысым көрсөтүү жана албан алуу максатында, 1609-жылдын бул күнү кыргыз жергесинен казак орустарды жиберишкен.

Энесайлык кыргыз урууларынын улугу Номча орустарга албан менен кошо аялын барымтага карматып, калган албанды кийин төлөөгө убада берген. Энесайлык кыргыздардын калган уруу башчылары - Көчебай, Ноян жана Кашкалар орустарга албан бермек түгүл, аскерлерди сабап, аларды камакка алып, ачка кармашкан.

Түркстан советинин IV чөлкөмдүк съезди 1918-жылдын 19-январында ишин баштаган.

Фрунзе шаарынын Эмен паркында орун алган мурдагы Николаевск собордук чиркөө имараты Кыргыз мамлекеттик сүрөт галереясы болуп өзгөртүлүп, 1935-жылдын бул күнү галереяда сүрөт көргөзмөсү салтанат менен ачылган.

Сүрөт көргөзмөсүнө Третьяков галереясынан алынып келген 54 сүрөт коюлуп, алардын он сегизи РСФСР Агартуу комиссариатындагы XVIII-XIX кк. таандык тарыхый эстеликтер эсептелген. Мындан сырткары көргөзмөгө 1934-жылы өткөрүлгөн I Республикалык Сүрөт көргөзмөсүнө катышкан жергиликтүү сүрөтчүлөрдүн чыгармалары коюлган.

Улуу Ата мекендик согуш маалында Кыргызстанга сырттан көчүрүлүп келген этникалык калктардын саны арткан. Сталиндик саясат айынан эл-жеринен безген калктар көбөйгөн. Улуу Ата мекендик согуш кайнап жаткан маалда Кыргызстанга 1943-жылдын соңунда чечен, карачай калктары көчүрүлүп, 1944-жылдын октябрь айында алардын саны 120 858 адамга жеткен.

Жер которгондорду жайгаштыруу, кабыл алуу пунктарын ачуу максатында 1944-жылдын 19-январында Кыргызстан КП (б) БК менен Элдик комиссарлар кеңеши биргелешкен Токтом кабыл алган. Токтомдо 9 миң чамалуу жер которгондорго ылайыктап кабыл алуу пунктарын ачуу, аларды жайгаштыруу маселелери аныкталган.

Финляндия тышкы иштер министри Эркки Туомиойянын Кыргызстанга сапары 2004-жылдын 19-январында башталган. Тышкы иштер министри кыргызстандык кесиптеши жана президент Аскар Акаев менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулаган.

Жогорку жашыруун кеңештин чечимине ылайык орусиялык императордук сарай 1728-жылдын 19-январында Санкт-Петербургдан Москвага көчүрүлгөн. Императордук бүлөөнүн максаты Москвага келээр замат жаш император Петр II таажы кийгизүү болгон. Бирок князь Долгорукийлердин чагымчыл аракети ишке ашпай, Петра II да суукка урунуп, оору чечекке өтүшүп кеткен. Ошентип императордук так Анна Иоанновнага калып, падышалык бийлик кийин кайра Петербургга көчүп келген.

Орусия императордук минералогиялык коому 1817-жылдын 19-январында курулган.

Москвадагы Чоң театр 1825-жылдын 19-январында түптөлгөн.

Жузеппе Вердинин «Трубадур» операсынын бет ачары 1853-жылдын 19-январында Рим шаарында өткөрүлгөн.

Бүгүнкү спорт мелдешинин айрыкча белгилүүлөрүнүн бири саналган «Тур де Франс» веложарышын уюштуруу туурасында кабар 1903-жылдын 19-январында белгилүү болгон.

Патриарх Тихон 1918-жылдын 19-январында совет бийлигине каргыш айткан.

Бүткүл дүйнөлүк профсоюздар федерациясынын Аткаруу Бюросунун кезектеги жыйыны 1949-жылдын 19-январында Рим шаарында ишин баштаган.

Судан мамлекети 1956-жылдын 19-январында Араб лигасына кошулган.

Индира Ганди 1966-жылдын 19-январында Индиянын үчүнчү премьер-министрлигине шайланган. Индиянын биринчи премьер-министри Жавахарлала Нерунун кызы Индира Приядаршини Ганди Индия мамлекетинин тарыхындагы биринчи аялзатынан чыккан премьер. Ал 1980-жылдын 14-январында дүйнөдөн көз жумганча өкмөттү жетектеп келген.

Түштүк Осетиянын 99% калкы 1992-жылдын 19-январь күнү өткөн референдумда Грузиядан бөлүнүү туурасында добуш беришкен.
XS
SM
MD
LG