Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:07

21-январь: Тарых барактары


Кыргызстан калкынын Курултайы 1994-жылдын 21-январында өткөн. Пётр I 1701-жылдын 21-январында инженердик мектеп куруу туурасында жардык чыгарган.

Падышалык Орусия менен энесайлык кыргыздар ортосундагы саясий мамилеге монголдордун Алтын хан бийлиги олуттуу таасир тийгизип турган. Монгол алтынхандары кыргыздарга керек учурда кол салып, болбосо орус бийлигине күчүн көрсөтүү максатында Түштүк Сибирь тургундарына колдоо көрсөтүп, ар түркүн амал менен кыргыздарды өз эркине койгон эмес.

Монголдордун көчмөн талаадагы чексиз бийлигине халхалык хандардын XVII 60-жж. күч алышы, Лоджан хандан саясий багытын өзгөртүүгө себеп болгон. Эми ал кыргыздардан колдоо алуу максатында орус бийлигине жакындаша баштаган. Мындай ынактыкты сезген орус бийлиги С. Гречанинди Лоджан ханга жөнөткөн. С. Гречанин Лоджан хан менен жолугушуулардын биринде, 1660-жылдын 21-январь күнү ага Орусиянын букаралыгына киришин сунуш кылган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин улуттук уңгу ташыган мекемелердин аталыштары өзгөртүлө баштаган. Мурдагы «В. И. Ленин музейи» «Мамлекеттик тарых музейи» болуп өзгөртүлүп, бирок имараттын кире беришиндеги «В. И. Ленин атындагы музей» аттуу жазуу узак убакыт бою сакталып келген.

«Бүткүл дүйнөлүк пролетарийлердин жол башчысынын» аталышын алып салууга колу барбаган жаңы бийлик, «Улуу көсөмдүн» өлгөн датасына бир күн калганда 1992-жылдын 21-январында «В. И. Ленин атындагы музей» аттуу жазууну алып салууга киришкен.

Жумушчулар «В. И.» тамгаларын сындырып бүтүп калганда журналисттердин келишине байланыштуубу же алардын пролетарийлик сезими ойгонгондон уламбы, айтор аман калган «Ленин атындагы» музей жазуусу дагы бир топ убакытка сакталып турган.

Өлкө эгемендик алгандан кийинки мамлекет түптөө салты жана Кыргызстанда жашаган калктарды бириктирүү максатында 1994-жылдын 21-январында өткөрүлгөн Кыргызстан калкынын курултайы менен жыйынтыкталган. Курултай демилгесин өлкөнүн 11 коомдук уюм жетекчилери көтөрүшүп, алар мындай сунуш менен 1993-жылдын декабрь айынын башталышында президент Аскар Акаевге кайрылышкан.

Курултайга Кыргызстанда жашаган калктардын өкүлдөрү, саясий партия жетекчилери, коомдук ишмерлер чакырылып, анын ишине президент Аскар Акаев катышкан. Курултайда сүйлөгөн мамлекет башчысы, азыркы Кыргызстан мамлекетин курууга мында жашаган калк өкүлдөрү жапырт катышкандыгын белгилеп, кыргыз өлкөсү жалпыга таандык деген идеологияны жыйын талкуусуна койгон. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы үчүн кош жарандык керек экендигин жана ал норманы Конституция аркылуу бекемделиш зарылчылыгын көтөргөн.

Пётр I 1701-жылдын 21-январында инженердик мектеп куруу туурасында жардык чыгарган. Анын урматына Орусия Федерациясынын Куралдуу күчтөрү 21-январда инженердик аскерлер күнүн белгилейт.

Инженердик аскерлер 1812-жылкы, Севастополдогу салгылаш (1854-1855), Биринчи дүйнөлүк согуш жана Улуу Ата мекендик согуштарда кайталангыс каармандыктарды көрсөтүшкөн.

Америка Кошмо Штаттарында 1911-жылдын 21-январында Улуттук прогрессивдүү лига негизделген.

Советтер Союзунун Борбордук Аткаруу комитети 1918-жылдын 21-январында падышалык жана Убактылуу өкмөт тарабынан кабыл алынган мамлекеттик заёмдорду жокко чыгарган Жардык кабыл алган.

Италия Коммунистик партиясынын Уюштуруу курултайы 1921-жылдын 21-январында өткөрүлгөн.

Жапония Советтер Союзун 1925-жылдын 21-январында таанып, куралдуу күчтөрүн Ыраакы Чыгыштан чыгарып баштаган.

Эл аралык Лондон деңиз конференциясы 1930-жылдын 21-январында ишин баштаган.

Кытай Элдик Республикасынын Жогорку Соту 2001-жылдын 21-январында интернет аркылуу «Мамлекеттик сырды уурдоо, сатып алуу жана жарыялоого каршы» мыйзам кабыл алган. Жаңы мыйзамда электрондук жол менен кылмыш жасоо өлүм жазасына тартылары каралган.
XS
SM
MD
LG