Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

23-январь: Тарых барактары


Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов
Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов

Князь А.А.Вяземский 1787-жылдын 23-январында Атаке баатырга кат жолдогон. Князь Атаке баатыр жазган катты алгандыгын жана ал императорго берилгендигин кабарлайт. Ал императордун атынан Атаке баатыр жиберген арапка, үч илбирстин, беш мадылдын терисине ыраазычылык билдирет.

Ал үчүн император Атаке баатырга 500 рубль күмүш акча жана белекке деп 300 рубль күмүш акча берген. Князь А. А. Вяземский Атаке Баатыр менен ишенимдүү мамиле орногондугуна ыраазычылык билдирип, алака мындан ары да өнүгө тургандыгын белгилеген.

Орусия империясынын Башкы прокурору, князь А.А.Вяземский 1787-жылдын 23-январында канцелярия кеңешчиси Муратовго кат жолдогон. Башкы прокурор Атаке баатырдын элчилерине татыктуу урмат-сый көрсөтүп, аларды Ыйык Петр чебине жеткирип койуусун өтүнгөн. Эгер кыргыз элчиси сыркоолоп калса, анда ал сакайып кеткенче күтүш керектиги эскертилет.

Пишпек уезддик депутаттар Совети 1919-жылдын 23-январында «Беловодск козголоңун» басууга катышкан кызыласкерлерге акчалай сыйлык тапшыруу туурасында чечим кабыл алган. Козголоңду басууга өз ыктыяры менен тартылган кызыласкерлерге күн сайын 25 рублден акча төлөнүп, мындан тышкары аларга бир айлык көлөмдөгү акчалай сыйлык тапшырылган.

Кыргызстандык космонавт Салижан Шарипов 1998-жылдын 23-январында биринчи жолу космоско учкан. С. Шарипов америкалык «Ендевор» кемесинде Флориданын Канаверал кысыгынан космоско көтөрүлгөн. Салижан Шариповдун эрдиги Кыргыз Республикасынын Баатырдык наамы менен бааланып, Бишкек мэриясы ага үч бөлмөлүү үйдү белекке берген.

Президент Аскар Акаевдин Орусия Федерациясына жасаган сапарынын алкагында, 2005-жылдын 23-январында ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуккан. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана аны өркүндөтүү маселелери талкууланган.

Президенттин жардыгы менен кызматынан бошотулган Талас облусунун мамлекеттик администрация жетекчиси И. Айдаралиев 2006-жылдын 23-январында митигчилер тарабынан кайра кызматына коюлган. Талас шаарында өткөн митингге он миң чамалуу адам катышып, алар И.Айдаралиевге чапан жаап, башына калпак кийгизип, салтанат менен губернатордук креслого отургузушкан.

Чжу Юанчжан 1368-жылдын 23-январында Кытайдын Мин династиясын негиздеген. Кытай салтына ылайык Чжу Юанчжан кийин храмдык Тай-цзу ысмын алган. Император өлгөндөн соң ага Гао-хуанди аталышы ыйгарылган. Чжу Юанчжан дыйкан тегинен чыгып, Чжу фамилиясына тиешелүү болгондуктан, ал аталыш императорго биринчи лакап аталыш ордуна берилген.

Адамзат тарыхындагы өтө катуу жер титирөө 1556-жылдын 23-январында Кытай мамлекетинин Шанси провинциясында болгон. Жер титирөөнүн очогу Хуанхэ дарыясынын боюндагы Сиан шаарында орун алган. Жер титирөө 830 000 адамдын өмүрүн алып кеткен.

Франция менен Швеция 1631-жылдын 23-январында антигермандык келишимге кол коюшкан.

Англия, Нидерландия жана Швеция 1668-жылдын 23-январында Францияга каршы үчтүктөр союзун куруу туурасында келишимге жетишкен.

Германия императору Карл VI Габсбург 1719-жылдын 23-январында Лихтенштейн княздыгынын эгемендигин тааныган.

Москва шаарындагы Чоң театрда 1881-жылдын 23-январында «Евгений Онегин» операсынын бет ачары өткөн.

Норвегиядагы Олесунн шаары 1904-жылдын 23-январында толугу менен өрттөлгөн.

Иерусалим шаары 1950-жылдын 23-январында Израилдин борбору деп аталган. Иерусалим иврит тилинде «‎Йерушалаим», арабча “ал-Кудс” деп айтылып, мында байыркы мезгилден тарта ыйык жер катары байырлап келишкен. Археологиялык маалыматтарга караганда, Иерусалимдин жашы 3500 жыл деп белгиленет.

1989-жылдын 23-январь күнү жергиликтүү убакыт менен 05.02 минута өткөндө 5-6 баллдык күчтө жер силкинген. Жер титирөөнүн очогу Дүйшөмбү шаарынын түштүк-чыгышынан 30 км алыстыкта орун алып, зилзаладан Гиссар району катуу жабыркаган. Жер титирөөдөн 1000 чамалуу адам набыт болуп, жүздөгөн үйлөр кыйраган.

Кытай Элдик Республикасынын борбору Бээжин шаарындагы Тянанмэн аянтында 2003-жылдын 23-январында нааразы болгон адамдар өзүн-өзү өрттөшкөн.
XS
SM
MD
LG