Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

24-январь: Тарых барактары


Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов, 1963-жыл
Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов, 1963-жыл

Батыш Сибирь генерал-губернатору 1859-жылдын 24-январында Пишпек чебин алуу зарылчылыгын белгилеп падышага кайрылган. Рим императору Калигула 41-жылдын 24-январь күнү кутумчулар тарабынан өлтүрүлгөн.

Орусия империясы менен Кокон хандыгынын Кыргызстан аймагын ээлеп алыш максатынан чыккан таймашы 19-кылымдын экинчи жарымында кыйла курчуган. Орус аскер жетекчилиги 1859-жылы улуу жүз казактар менен кыргыздардын чегине Кастек чебин курууга жетишкен.

Кокон хандыгы болсо Пишпек менен Токмок чебин салууга үлгүргөн. Орусия империясы Сибирь менен Сыр-Дарыя тилкесин бириктирген стратегиялык алкак түзүү максатында кокондуктардын аталган чептерин басып алууну күндөлүк планга койгон.

Батыш Сибирь генерал-губернатору 1859-жылдын 24-январында Пишпек чебин алуу зарылчылыгын белгилеп падышага кайрылган. Империянын борборунда атайын чакырылган жыйын өткөрүлүп, генерал-губернатордун демилгеси жактырылган. Бирок ички саясий абалга байланыштуу Пишпек чебин ээлөө туурасындагы план кийинки жылга калтырылган.

Кокон хандыгынын 19-кылымдын экинчи жарымында Орусия империясына таянып, калкты ченемсиз эзүүсү Исахасан уулу Пулат баштаган көтөрүлүштүн чыгышына себеп болгон. Кокон ханы Насреддиндин өтүнүчү менен падышалык бийлик ханга жардам көрсөтүш үчүн башында генерал Кауфман турган 1400 жазалоочу аскер берген.

Анжыянды ээлеп алууну көздөгөн козголоңчулар 1876-жылдын 8-январь күнкү салгылашта оор жеңилүүгө учураган. Козголоң жетекчилери андан кийин да белгилүү бир убакытка чейин көтөрүлүштү жетектеп турушкан. Анткен менен каршылаш тараптын ийкемдүү сасатына жана алардын аскердик даярдыгынын артыкчылыгына көзү жеткен козголоңчулар орус аскерлерине багына башташкан.

Кыпчак урусунун жетекчиси Абдурахман Афтобачи орус аскер өкүлчүлүгү менен сүйлөшүү жүргүзүп, 1876-жылдын 24-январында Гинду кышлакта 26 жигити менен генерал Скобелевге колго түшүп берген.

Кыргыз айыл чарба институтунда окуган Чыңгыз Айтматов аттуу студент 1952-жылдын 24-январында кыргыз тилиндеги айрым сөздөрдү туура жазуу проблемасын көтөргөн. Анын «О терминологии кыргызского языка» аттуу макаласы «Советская Киргизия» гезитинде жарык көрүп, автор кыргыз тилине жумшак жана ичкертүү белгилерин киргизүү зарылчылыгын белгилеген.

«Кыргызстан-Сорос» фонду менен Борбордук Азиядагы Америка университети биргелешип өткөргөн эл аралык семинар 2003-жылдын бул күнү Чолпон-Ата шаарында ишин баштаган. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн чакырылган илим адамдары, «Постсоветтик аймактагы президенттик-парламенттик түзүлүшүнүн конституциялык мамилелеси» боюнча пикир алмашып, талкуу өткөрүшкөн.

Кыргыз адабияты 2003-жылы оор жоготууга учураган. Узакка созулган оорунун айынан белгилүү адабият таанычу, жазуучу, акын Камбаралы Бобуловдун жүрөгү 24-январда согуудан калды. Камбаралы Бобулов убагында «Правда» гезитинин Кыргызстандагы кабарчысы, «Кыргызстан пионери» гезитинин башкы редактору, автордук укук комитетинин башчысы, «Эне тил» коомунун президенти болуп иштеп келген.

Бишкек шаарынын Биринчи Май соту 2006-жылдын 24-январында криминалдык авторитет Рыспек Акматбаевдин болгон күнөөсүн толук актаган чечим чыгарган.

Буга чейин президенттин жардыгы менен Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация жетекчилигинен алынган Жусупжан Жээнбековду 2006-жылдын 24-январында тарапкерлери үчүнчү ирээт губернатордук кызматка кайра алып келишти. Ж. Жээнбековго тарапташтары башына калпак кийгизишип, чапан жабышып салтанат менен ордуна отургузушкан.

Карасуу районундагы Шарк айлынынын 500 чамалуу тургуну 2006-жылдын 24-январында митинг өткөрүшүп, мамлекет башчысынын жардыгы менен кызматынан алынган Ош облусунун губернатору Анвар Артыковду кайра кызматына коюлушун талап кылышкан.

Рим шаарында салттуу өткөрүлчү Палатин оюндарынын маалында 41-жылдын 24-январь күнү Калигула аталган император Гай Юлий Цезарь Германик кутумчулардын колунан өлтүрүлгөн. Кутумчуларды преториандык аскер трибуну Кассий Херей жетектеп, Рим тарыхындагы төрт жылдык анархияга чекит коюлган. Калигуланын жосунсуз жоруктары Рим империясынын тарыхына кара көч болуп жабылган. Анын Инцинат аттуу күлүгүн консул кылууга жасаган аракети сыяктуу акылга сыйгыз иштери, акыры анын киши колдуу өлүмүнө себепкер болгон.

Матяш Хуняди 1458-жылдын 24-январында Венгриянын королу болуп аталган. Такка отургандан кийин ысмы Матвей I Корвин деп аталган. Король Хуняди кланынан чыккандыктан ал лакап ысым катары чогуу колдонулган.

Пётр I 1709-жылдын 24-январында Санкт-Петербургдагы Адмиралтейлик модель-камерага караштуу биринчи деңиз музейин куру туурасында жардык жарыялаган.

Ханыша Екатерина II жардыгына жараша княгиня Екатерина Романовна Дашкова 1783-жылдын 24-январында Императордук Илимдер жана сүрөт академиясынын жетекчилигине дайындалган. Орусия академиясы Француз академиясынын үлгүсүндө уюшулуп, княгиня Екатерина Дашковага орус тилинин орфографиясын, грамматикасы жана туура жазылыш эрежелери менен орус тарыхын терең өздөштүрүш максатында сөздүк даярдоо милдети жүктөлгөн. Ошентип Екатерина Дашкова Орусиянын Илимдер академиясын жетектеген биринчи аял катары тарыхка кирген.

Павел I 1797-жылдын 24-январында «немис көйнөгүнө» тыюу салган жардык жарыялаган.

«Саттер» карагай тилген жайда 1848-жылдын 24-январь күнү алтын табылып, адам баласынын акылын адаштырган «алтын безгеги» башталган. Саттердин карагай тилген жайы XIX кылымдан тарта калифорниялык ишкер Жон Саттерге тиешелүү болгон. Ал Американ-Ривер суусунун боюндагы Колома аттуу чакан шаарда жайгашкан. Саттердин жумушчуларынын бири 1848-жылдын 24-январь күнү бир канча тоголок алтын таап алган. Бул окуя уйкуда жаткан Калифорнияны будуң-чаңын чыгарган «алтын безгегине» түрткөн.

Буга чейин Осман империясына караштуу Молдавия жана Валахия автономдук княздыктарынын парламенти 1859-жылдын 24-январь күнү Румыния аттуу бир мамлекетке бириккендиги туурасында чечим кабыл алган. Жаңы саясий биримдиктин башына румындык бояр Александру Иоан Куза келген.

Генерал Михаил Дмитриевич Скобелев жетектеген бириккен корпус 1881-жылдын 24-январында түркмөндөрдүн теке уруусуна караштуу Геок-Тепе чебин басып алган. Ошентип бул дата Түркмөнстандын падышалык Орусиянын аскерлери багынткан күн катары эсептелинет

Швед деңиз саякатчысы Карстен Эгеберг Борхгревинк 1895-жылдын 24-январында «Антарктик» кемеси менен Антарктиданын жээгине чыккан.

Элдик Комиссарлар кеңеши1918-жылдын 24-январында Орусияда европалык календарь киргизилиши туурасында Декрет кабыл алган. Календарлык өзгөртүү натыйжасында Совет мамлекетинде 1918-жыл эң кыска жыл катары тарыхта калган.

Совет мамлекетиндеги Жумушчу-Дыйкандардын Кызыл Аба флотунун Башкы башкармачылыгы 1918-жылдын 24-январь күнү уюшулган.

Италияда 1924-жылдын 24-январь күнү фашисттик уюмдан башка профессионалдык бирикмелердин курулушуна тыюу салынган.

Авиациялык жана химиялык курулушка жана СССРди коргоого көмөктөшүү Коому (ОСОАВИАХИМ) 1927-жылдын 24-январында уюшулган.

Москвадагы «Ромэн» цыган театры 1931-жылдын 24-январында негизделген. Адегенде ал «Индо-Ромэн» цыгандык театр студиясы деп аталган. Бир ай өтпөй студия эки бөлүктөн турган чыгармасын көрөрмандарга тартуулаган.

СССР Борбордук Аткаруу комитети 1938-жылдын 24-январында медалдар туурасында токтом кабыл алган.

Франциянын мурдагы «деңиздин нары жагындагы департаменти» эсептелген Алжирде 1960-жылдын 24-январь күнү Франция президенти Шарл де Голлго каршы козголоң башталган. Президент Шарл де Голл 1959-жылдын сентябрь айында Алжирге өзүн-өзү аныктоо укугун бериле тургандыгын билдирген. Бирок кийинки саясий өнүгүү президенттин айтканынан айырмалангандыктан алжирликтер өз укугун активдүү коргоого өтүшкөн. Бирок даярдыксыз чыккан нааразылык бир жумадан кийин полиция тарабынан басылган.
XS
SM
MD
LG