Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

28-январь: Тарых барактары


ГДРдеги Улуттук элдик армия 1956-жылдын 28-январында түзүлгөн
ГДРдеги Улуттук элдик армия 1956-жылдын 28-январында түзүлгөн

Кыргыздардын Энесай өрөөнүндөгү миң жылдан ашык жаркын тарыхынын акыры XVIII кылымдын башталышында соңуна чыккан. Кыргыздардын колунан ооматтын оошуна адегенде, алардын тышкы күчтөргө каршы жүргүзгөн саясатынын кесепети тийген.

Падышалык Орусиянын Сибирь бийлигинин билдирүүсүнө караганда, 1694-жылдын башталышынан тарта кыргыздарга жунгарлар топ-топ болуп келе башташкан. Жунгарлар кыргыздардан кол курап, орус чептерине кол салууну көздөп жатпасын деп кооптонгон Кузнецк воеводасы А. Синявин 1694-жылдын 28-январында чалгындоо максаты менен атаман М. Поповду алтырлык кыргыздарга жөнөткөн.

Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыл аскерлер депутаттар Кеңеши 1933-жылдын 28-январында жүк ташый турган унаа жана жандыктары бар адамдар үчүн мажбур эмгек түрүн киргизген. Унаасы бар ар бир шаардык адам сөсүз түрдө Рыбачье шаарынан Кантка чейин 640 килограмм нан ташып келүүгө милдеттендирилген.

Улуу Ата мекендик согуш маалында курчоого алынган Ленинград шаарынын бошотулушу туурасындагы кабар Кыргызстанда жылуу кабыл алынган. Шаардын бошотулушу Фрунзе шаарына эвакуацияланган Лесгафт атындагы дене тарбия институтунун эмгек коллективинде зор кубаныч жаратып, лесгафтчылар 1944-жылдын 28-январында студенттер менен бирдикте митинг өткөрүшкөн.

Айтылуу КырТАГ аталган телеграфтык агенттик 1937-жылдын 28-январь күнү уюшулган. Кыргызстандын коомдук-экономикалык, саясий жана маданий турмушунда жасалган өрнөктүү окуялар КырТАГ аркылуу таратылып турган. КыртАг агенттиги Кыргызстан эгемендик алгандан кийин «Кабар» агенттигине өзгөртүлгөн.

Пётр I 1724-жылдын 28-январь күнкү жардыгы менен Санкт-Петербург шаарында Россия Илимдер Академиясы жана Академиялык университетти негизделген. Азыркы «Санкт-Петербург мамлекеттик университети Пётр I курган илим борборунун мураскери деп эсептелинет. Россия Илимдер Академиясы жана Академиялык университетин убагында Миллер Герард Фридрих (1747—1750), Крашенников Степан Петрович (1750—1755), Ломоносов Михаил Васильевич (1758—1765) сыяктуу көрүнүктүү илим адамдары жетектешкен.

Пётр I 1724-жылдын 28-январь күнкү жардыгы менен Санкт-Петербургда Адмиралтейлик-коллегиянын архиви (азыркы РГА ВМФ) негизделген.

Лондондун көчөлөрү дүйнөдө биринчи жолу 1807-жылдын 28-январында газ менен жарыктандырылган.

Түркиянын жаңы парламенти 1920-жылдын 28-январында Анкара резолюциюсын жактырган. Анкара резолюциясында мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн жактаган чечим кабыл алынган.

Германия 1935-жылдын 28-январында биринчи жолу жасалма каухарды чыгарган.

ГДРдеги Улуттук элдик армия 1956-жылдын 28-январында түзүлгөн.

Дүйнөлүк космонавтикадагы кайгылуу окуя 1986-жылдын 28-январында болгон. Ичинде жети астронавт болгон америкалык «Челленджер» космос корабли учканына 73 секунд өтпөй абада жарылган.
XS
SM
MD
LG