Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

29-январь: Тарых барактары


Уолт Диснейдин «Уйкудагы сулуу» аттуу мультфильминин бет ачары 1959-жылдын 29-январь күнү өткөн
Уолт Диснейдин «Уйкудагы сулуу» аттуу мультфильминин бет ачары 1959-жылдын 29-январь күнү өткөн

Анжыян, Маргалаң, Кокон, Ош жана Өзгөндүн кадырлуу адамдары 1876-жылдын 29-январь күнү генерал М. Д. Скобелев орун алган Асаке кыштагына келишип, империяга баш ийгендигин билдиришкен.

Түркстан генерал-губернатору К. П. фон Кауфман Кокон ханы Худояр менен 1868-жылдын 29-январында тынчтык келишимге кол койгон. Келишимге ылайык хандык империянын вассалына айланып, ички жана тышкы саясат багытынан ажыраган. Анын аймагы орус товарлары жана көпөстөрү үчүн ачылып, аларга каалаган жерге соода түйүндөрүн куруп, чет өлкөлөргө чыгууга шарт түзүлгөн.

Орус жазалоочу отряды менен Пулатхан баштаган козголоңчулар ортосунда жүргөн чечүүчү кармаш 1876-жылдын январь айында Үч Коргон кыштагынан 84 чакырым алыстыкта орун алган Каратегин капчыгайында өтүп, козголоңчулар оор жеңилишке учураган.

Пулатхандын 5000 чамалуу атчан аскери толук талкаланып, ал он жигити менен согуш талаасынан качып чыккан. Бир канча орус аскери жаракат алып, жазалоочу отряд 1876-жылдын 29-январында Асаке кыштагына өргүүгө келген. Ушул эле күнү орус аскер жетекчилигине Анжыян, Маргалаң, Кокон, Ош жана Өзгөндүн кадырлуу адамдары келишип, империяга баш ийгендигин билдиришкен.

Акгвардиячылар козголоңунан улам Пишпек шаарынын тышкы дүйнө менен болгон байланышы 1919-жылдын бул күндөрү толук кесилген. Түркстан крайындагы Совет бийлигинин мурдагы комиссары Осипов, акгвардия тарапка ооп Ташкент шаарын камакка алган. Ушул эле маалда акгвардиячыл Меньков Жетисуу автоунаа жолун бууп, Верный-Пишпек жолу кесилген. Ошентип Кыргызстандын Ташкент жана Верный шаарлары менен байланышы бузулуп, маалымат алуу каражаты токтогон.

Ош уездинин Төөмоюн жергесинен радий кенинин чыккандыгы туурасында маалымат 1924-жылдын бул күндөрү коомчулукка маалым болгон. Радий кенинин жалпы запасы 100-200 миң пуд чамалуу деп эсептелип, аны өндүрүш жолуна коюу багыты белгиленген.

Иван IV Грозныйга 1547-жылдын 29-январь күнү Москва шаарында падышалык таажы кийгизилген.

Иван V 1696-жылдын 29-январындагы өлүмүнө байланыштуу Пётр I жеке бийлигине жол ачылган.

Пётр I 1710-жылдын 29-январь күнкү жардыгына ылайык орус граждандык алфавити кабыл алынган. Жаңы алфавит чиркөөлүк кирилл тамгаларын алмаштырып, калктын илим-билимге аралашуусун ыкчамдатууну көздөгөн.

Чыгыш Европадагы мурда негизделген окуу жайлардын бири эсептелген В. Н. Каразин атындагы Харьков улуттук университети 1804-жылдын 29-январында түптөлгөн.

Карл Фридрих Бенц 1886-жылдын 29-январында бензин мотору менен иштеген автомобилди ийгиликтүү патенттөөгө жетишкен. К. Бенцтин унаасынын үч темир дөңгөлөгү болгон. Ойлоп тапкыч ишти 1885-жылы бүткөрүп, аны «Motorwagen» деп атаган.

Элдик комиссарлар Кеңешинин 1920-жылдын 29-январь күнкү Декретине ылайык Совет мамлекетинде эмгек жазасы кабыл алынган.

Уолт Диснейдин «Уйкудагы сулуу» аттуу мультфильминин бет ачары 1959-жылдын 29-январь күнү өткөн.

СССР, Британия жана Иран мамлекеттери 1942-жылдын 29-январында өз ара биримдик жана фашисттик Германияга каршы күрөшүү келишимине кол коюшкан.

Жаратылышты жабыр тарттырбоо максатында Швеция мамлекети 1978-жылдын 29-январында аэрозолдук спрейлерди колдонууга тыюу салган.

Советтик аскерлердин Ооганстанга киргизилишин айыптаган Ислам уюмунун конференциясы 1980-жылдын 29-январында Исламабад шаарында ишин аяктаган.
XS
SM
MD
LG