Линктер

logo-print
жума, 02-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:58

Түркстан Республикасынын Элдик комиссарлар Кеңеши «кара кыргыздардын Манас Баатыр туурасындагы уламыштарын» жарыялоо туурасында токтом кабыл алган.

Кокон хандыгына каршы көтөрүлгөн кыргыздар менен кыпчактардын колу 1876-жылдын январь айында хандыкка каршы айыгышкан күрөш жүргүзүшкөн. Абдылдабек баштаган козголоңчулар январь айынын соңунда Насреддинбекке сокку урушуп, Кайнар алдындагы кармашта кыргыздар менен кыпчактар оор жеңилүүгө дуушар болушкан. Согуш талаасына 200 чамалуу адамды калтырган козголоңчулар Махрага качкан.

Ошентип Коконго жол ачылып, хандын тарапташтары Насреддинден такты ээлешин өтүнүшүп элчилик жиберишкен. Насреддин өкүлчүлүктүн өтүнүчүн жылуу кабыл алып, 1876-жылдын 30-январында салтанат менен Коконго келип такка отурган.

СССР Советинин I съезди 1922-жылдын 30-декабрында өтүп, анда Советтик Социалисттик Союздук Республикасын уюштуруу туурасында тарыхый чечим кабыл алынган. Совет мамлекети адегенде Россия Советтик Федеративдик Социалистик Республикасы (РСФСР) Украина жана Белорусь советтик социалисттик республикалары, Закавказия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикаларынан куралган.

«Туркестанская правда» гезитинин 1924-жылдын 30-январдагы санында Түркстан Республикасынын Элдик комиссарлар Кеңешинин токтому жарыяланган. Токтомдо «кара кыргыздардын Манас Баатыр туурасындагы уламыштарын» жарыялоо керектиги белгиленет. «Туркестанская правда» гезити “Манас Баатыр биз үчүн али белгисиз каарман, анткен менен кыргыздар Манас мындан 900 жыл чамалуу илгери жашаган деп эсептешет” деп жазган.

Советтер Союзунун Борбордук Аткаруу Комитети (ЦИК) 1935-жылдын 30-декабрында «Кыргыз АССРинин трактор бригадирлерин, молотилка машинисттерин эгинди мол өндүрүүдөгү жетишкендиги үчүн» сыйлоо туурасында Токтом кабыл алган.

Кыргыз коомчулугу жана маданият дүйнөсү 1989-жылдын 30-январында оор жоготууга учураган. Бул күнү алп акын Турар Кожомбердиевдин жүрөгү согуудан калган. Акын жараткан «Көлчүктөгү ай», «Кызыл алма», «Таңкы симфония» ырлар жыйнагы кыргыз адабиятынын алтын казынасын толуктаган.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки саясий тирешүү 1993-жылдын соңунда туу чокусуна жеткен. Президенттин сунушу менен өкмөт башына келген Апас Жумагуловдун ишмердиги мамлекеттик маалымдоо каражаттарында кескин сынга алынып, премьер-министр коңулга киргендей саясий активдүүлүгүн азайткан.

Президент Аскар Акаев абалын мындан да чыңдоо максатында, 1994-жылдын 30-январында референдум өткөргөн. Референдумга «1991-жылдын 12-октябрында жалпы эл тарабынан шайланган Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укугун аныктайсызбы» деген суроо коюлуп, шайлоочулардын басымдуу көпчүлүгү ага оң жооп беришкен.

Америка Кошмо Штаттар элчилиги 2003-жылдын 30-январында Кыргызстандагы конституциялык реформага тынчсызданган билдирүү тараткан. Билдирүү АКШ мамлекеттик департаментинде даярдалып, Кошмо Штаттар Кыргызстан президентинен адам укугун коргоп, бийлик бутактары ортосундагы тең салмактуулукту сакташын өтүнгөн. Конституциясынын жаңы редакциясында Конституциялык Кеңешме тарабынан сунуш кылынган маселелер көңүлгө алынбай, тескерисинче эларалык нормаларга шайкеш келбеген жоболордун киргизилиши менен президенттик бийлик күч алып, ал граждандык коомду алсырата тургандыгы эскертилет.

Кыргызстан калктарынын кезектеги IV курултайы 2004-жылдын 30-январында өткөн. Курултайда «2004-жыл мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы» деген ураан кабыл алынып, президент Аскар Акаев Кыргызстан калктар ассамблеясын «Данакер» ордени менен сыйлаган.

Англис королу Карл I 1649-жылдын 30-январында өлүм жазасына тартылып, Англияда республикалык бийлик орногон.

Россия менен Речь Посполития 1667-жылдын 30-январында Андрусов келишимине кол коюшкан. Анын натыйжасында 1654-1667-жж. уланган орус-поляк согушуна чекит коюлган. Россия мамлекетине Смоленск жана Чернигов воеводалыктары кайтарылып, Польша Сол жээк Украинанын Россияга кошулушун тааныган. Оң жээк Украина (Киевден башкасы), Белоруссия Польша ээлигинде калган.

Адамзат тарыхын алаамат алып келген окуя 1933-жылдын 30-январында Германия мамлекетинде жасалган. Улутчул-социалисттердин ана башчысы Адольф Гитлер бул күнү Германиянын рейхсканцлердик кызматын ээлеген.

Германиянын «Жаңы мамлекеттик курулушу туурасындагы» фашисттик мыйзам 1934-жылдын 30-январында кабыл алынган.

Сан-Ремодогу италиялык ырдын биринчи фестивалы 1951-жылдын 30-январында ачылган.
XS
SM
MD
LG