Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

31-январь: Тарых барактары


Гвардия ротмистри флигель-адъютант, барон Меллер-Закомельский Пулатхан жетектеген козголоңдун басылышы туурасында 1876-жылдын 31-январында рапорт берген. Гвардия ротмистри козголоңчулардын саны, курал-жарагы жана жасаган аракетин саймедиреп, аларга каршы көрүлгөн чара туурасында кең-кесири кабар берет.

Пулатхан менен жазалоочу отряд ортосундагы кагылыш, Үч-Коргон кыштагынан 84 чакырым алыстыкта орун алган Каратегин капчыгайында өтүп, козголоңчулар оор жеңилүүгө учураган. Беш жез замбирек, жүздөй мылтык, Пулатхандын туулары менен 200 төөсү орус аскерлери тарабынан олжолонуп, көтөрүлүш жетекчиси он жигити менен согуш талаасынан качып чыккандыгы белгиленген.

Он бир күнгө созулган Түркстан АССРиндеги кыргыз жана казак кедей-кембагалдарынын Олуя-Атадагы съезди, 1921-жылдын 31-январында соңуна чыккан.

Кыргыз калкынын жазма маданият тарыхындагы бурулуш окуя 1941-жылдын 31-январында жасалган. Буга чейин жүргөн даярдоо жана изилдөө иштеринин натыйжасында кыргыз алфавити латынчадан жаңы кирилл графикасына которулган. Кирилл тамгаларынын киргизилиши кыргыз илим-билиминин жаңы орбитага чыгышына өбөлгө түзгөн. Орус графикасы аркылуу советтик маданиятка аралашып, андан ары дүйнөлүк баалуулуктар менен баарлашуу багыты ачылган.

Фрунзе киностудиясында тартылган тасмадардын I фестивалы 1957-жылдын 31-январында борбор шаардын «Ала-Тоо» кинотеатрында салтанат менен ачылган. Фестивалга «Ысык Көл жээгинде», «Достук чокусу», «Тян-Шан тоосунун курорттору» өңдүү даректүү тасмалар коюлган. Мындан тышкары, Никита Хрущевдун Кыргызстанга Ленин орденин тапшыруу үчүн келишине арналган даректүү тасма фестивалдын олуттуу окуясы катары бааланган.

Февраль айына белгиленген Кыргызстандагы референдумга байланыштуу АКШ мамлекеттик департаментинин билдирүүсүнө, Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги 2003-жылдын 31-январында каршы жообун берген. Кыргыз ТИМдин жообунда Конституция жоболору эл аралык талаптарга шайкеш жаңыртылып, анда белгиленген нормалар бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактоого жана демократиялык өнүгүүгө салым кошоору белгиленген.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов 2003-жылдын 31-январында Индиялык кесиптеши Жасвант Сингх менен жолугушуп, консулдук Конвенцияга кол коюшкан. Жасвант Сингх 30-январда Кыргызстанга сапар менен келип, республика жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзгөн.

Социал-демократиялык партиянын төрагасы Алмаз Атамбаев 2004-жылдын 31-январында Аскар Акаев эгер келерки президенттик шайлоого катышса, анда өлкөдө калк толкуп кетиши мүмкүн экендигин эскерткен. Анын айтымында, азыр эл акыйкаттыкты соттон издебейт, алар чындык менен адилеттүүлүктү өздөрү барып алышат.

Пётр I Фонтанкадагы падышанын Жайкы сарайына дүйнөнүн ар кыл аймагындагы сейрек кездешчү ажайыптарды жыйноо туурасында 1714-жылдын 31-январь күнү буйрук берген. Падыша аны европалыктарга окшоп «Куншткамера» - сейрек кездешчүлөрдүн камерасы деп атаган. Ошентип Орусияда биринчи уникалдуу антропология жана этнография Музеи пайда болгон.

Пётр I 1714-жылдын 31-январында дворяндардын балдарына сөзсүз түрдө «эсеп жана геометрияны» окутуу туурасында жардык кабыл алган.

Дмитрий Менделеев 1865-жылдын 31-январында «Спирт менен суунун кошулушу туурасында» аттуу диссертациясын ийгиликтүү жактаган. Айрым окумуштуулардын ою боюнча диссертацияда орус арагынын даярдалыш рецепти айтылган.

Адам укугун коргоо жана кулчулук маселеси узак убакыт бою Америка Кошмо Штаттары үчүн бетине чиркөө болуп келген. АКШ президенттигине жүргөн шайлоо маалында Авраам Линколн кулдарды юридикалык жол менен бошотуу зарылчылыгын белгилеген жана анын көз карашы көпчүлүк америкалыктардын колдоосун тапкан.

А.Линколндун шайлоодон жеңгенден кийинки президенттик ишмердиги да ушул багытта башталган. Анын талабына жараша Конгресс 1865-жылдын 31-январында Конституциянын XIII түзөтүүсүнө өзгөртүү киргизип, АКШ өлкөсүндө кулчулук жоюлган.

Советтердин 1924-жылдын 31-январында өткөн II съездинде биринчи СССР Конституциясынын акыркы редакциясы кабыл алынган.

Лев Троцкий 1918-жылдын 31-январында тамак аш жана транспорт боюнча ЧК, башкача айтканда чукул чараларды көрүүгө укук алган комиссардыкка дайындалган.

«Знамя» журналынын биринчи саны 1931-жылдын 31-январында жарык көргөн.

КПСС Борбордук Комитети 1977-жылдын 31-январында «Улуу Октябрь социалисттик революциясынын 60 жылдыгын белгилөө туурасында» Токтом кабыл алган.
XS
SM
MD
LG