Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

1-февраль: Тарых барактары


Орус империясы Кашгар жана Индия багытында тышкы саясатын активдештирип, ага жакын жайгашкан аймактарды өздөштүрүү максатында, Кыргызстанга титулярдык кеңешчи А.Л.Бубеновдун экспедициясын жиберген.

А.Л.Бубенов буга чейин Кыргызстанда бир канча ирет болуп, жергиликтүү калктын кулк-мүнөзүн мыкты билген адис катары эсептелген. Бубеновдун экспедициясы менен кошо соодагерлер кербени катары жабдылган тыңчылар тобу жөнөтүлгөн.

Экспедиция 1827-жылдын 1-февралында Омск шаарынан чыгып, Кыргызстанга бет алган. Инструкцияга ылайык Бубенов менен Броневскийлер билдирүүлөрүн империялык бийликке тынымсыз салып турууга милдеттендирилген.

Совет бийлигинин алгачкы жылдарынан тарта билим берүү тармагына көңүл бурулуп, мектептер ачыла баштаган. Совет убагындагы адегенде ишке киришкен мектептердин бири - Пишпек уездинин Канай волостунда 1919-жылдын 1-февралында ачылган окуу жай болгон.

СССР Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу комитет Президиумунун 1926-жылдын 1-февралында кабыл алган токтомуна ылайык Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы уюшулган.

Кыргыз АССРинин негизделиши 1925-жылдын ноябрь айында өткөрүлгөн Кыргыз Автономиялык Областыныны Ш сессиясынын чечимине ылайык ишке ашырылган.

Сессияда Автономиялык союздук республиканы уюштуруу чечими чыгарылган. Токтомдо каралгандай Кыргыз АССРи мурда белигленген чекте, РСФСР курамындагы федеративдик шартта куралган. КАССР Элдик комиссарлар советинин биринчи төрагалыгына 25 жаштагы Юсуп Абдрахманов дайындалган.

Кыргыз областтык ВКП (б) комитетитетинин II пленуму 1931-жылдын 1-февралында ишин баштаган. Пленумда областтагы коллективдештирүүнүн жүзөгө ашырылышы, жазгы айдоо компаниясынын жүргүзүлүшү жана мал чарбасынын абалы сыяктуу маанилүү маселелер талкууга алынган.

Мектеп жашындагы өспүрүмдөргө арналган «Кыргызстан пионери» гезитинин биринчи саны 1932-жылдын 1-февралында жарык көргөн.

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын уюшулганынын 15 жылдыгы 1941-жылдын 1-февралында салтанат менен белгиленген. Республика жетекчилиги юбилейдик датага утурлай өлкө башчылары И. В. Сталин менен В. М. Молотовго бир канча маанилүү маселелерди оң чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Анын бири - республика үчүн жогорку кадрларды даярдоо максатында Кыргыз мамлекеттик университетинин ачылышы жана СССР Илимдер Академиясынын Кыргызстандагы филиалын куруу сунушу болгон.

Жергиликтүү улуттагы кыз-келиндердин билимин арттырып, педогогика багытындагы адистерди тарбиялоодо В. В. Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту маанилүү роль ойногондугу белгилүү.

Педагогикалык институтту ачуу чечими Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу комитетинин 1944-жылдын 15-декабрындагы токтому менен кабыл алынып, окуу жай 1945-жылдын 1-февралында уюшулган. Кыргыз кыз-келиндер окуу жайынын базасында 1950-жылы Мугалимдер институту курулуп, ал 1952-жылы В. В. Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту болуп өзгөртүлгөн. Окуу жайда адегенде 27 кафедра, китепкана, мектепке чейинки мекемелер, музыкалык бөлүм иштеген.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин өлкө эркиндигин тааныган да, Кыргызстанга биринчи элчилигин ачкан мамлекет да Америка Кошмо Штаттары болгон. Кошмо Штаттар 1992-жылдын 1-февралында Кыргызстанда биринчи чет өлкө элчилигин ачкан. АКШ элчилигинин имараты Эркиндик бульварында мурдагы КГБ имаратынын жанында орун алган. Ушул эле күнү Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин ачылыш салтанаты өткөн.

Демократиялык күчтөр коалициясы 2006-жылдын 1-январында, Кыргызстанда саясий кризистик кырдаал түзүлгөндүгүн билдирген. «Ачылбаган буйрутма киши өлтүрүүлөр, менчикти басып алуу, кылмыш күчтөрдүн ачыкка чыгышы, Улуттук коопсуздук кеңештеги жана кадр маселелери боюнча чыр-чатактар өлкө үчүн коркунуч жаратаары» белгиленген.

Демократиялык күчтөр Коалициясы - «Ата мекен», «Ар намыс», Социал-демократиялык, Демократиялык күчтөр Биримдиги партиялары, бир катар бейөкмөт, укук коргоо уюмдарынын башын кошкон.

Торун тынчтык келишимине 1411-жылдын 1-февралында кол коюлуп, анын натыйжасында «Улуу согуш» соңуна чыккан. «Улуу согуш» Тевтон ордени менен Польша королдугу жана Улуу Литва княздыгынын союздук аскерлери ортосунда жүргөн.

Француз королу Людовик XIV 1669-жылдын 1-февралында дин эркиндигин чектеген.

Польшадагы «Дудук сеймдин» бир күндүк иши 1717-жылдын 1-февралында өткөрүлгөн. «Дудук сейм» талкуу жасабастан король Август II укуктарын чектеп, поляк шляхтасына эбегейсиз бийлик берген.

Декабристтердин «Союз спасения» аттуу биринчи жашыруун саясий уюму 1816-жылдын 1-февралында уюшулган.

Британия 1924-жылдын 1-февралында Советтер Союзун шарттуу түрдө тааныган.

Советтик аскерлер 1940-жылдын 1-февралында Карел кысыгы аркылуу Финляндия аскерлерине каршы чабуулга өтүшкөн.
XS
SM
MD
LG