Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

2-февраль: Тарых барактары


Айтылуу Сталинград үчүн согуш 1943-жылдын 2-февралында соңуна чыккан

Айтылуу Сталинград үчүн согуш 1943-жылдын 2-февралында соңуна чыккан

Энесайлык кыргыздардын саясий жана аскердик дарамети Эренак башкарган учурда туу чокусуна жеткен. Буга чейин башы кошулбаган кыргыз бектиктерин бир ордого бириктирген Эренак, 1679-жылы Сибирдеги орус ээликтерине каршы чапкын уюштура баштаган. Бул максатта ал аскерди экиге бөлүп, Шанды баштаган колду Томскиге багыттап, экинчи колду өзү жетектеп Красноярскийге жортуул жасаган.

Эренактын чапкыны орус ээлигине зор зыян алып келген. Мындан улам Красноярск жана Томь воеводалары биргелешип кыргыздарга каршы жортуул уюштурушкан. И. Гречанин баштаган орус аскерлери 1680-жылдын 2-февралында кыргыздар кыштайт деген Терекли Йол суусуна келгенде, алар ордунда жок болуп чыккан.

Генерал Г.А.Колпаковский 1876-жылдын 2-февралында Түркстан аскер округунун командачысы К. П. фон Кауфманга билдирүү жолдогон. Генералдын билдирүүсүндө генерал Скобелев баштаган орус аскелери Намангандан чыгып, гвардия ротмистри флигель-адъютант, барон Меллер-Закомельскийдин атчандар ротасы Каратегин тоосунда бекинген Пулатхандын колуна чапкын уюштургандыгы кабарланат.

Барон Меллер-Закомельскийдин атчандар ротасы тапкычтык менен козголоңчуларга түн ичинде кол салып, согуш артыкчылыгын камсыз кылышкан. Козголоңчулар толук талкаланып, алар мал-мүлкүн таштап качканга мажбур болушкан.

Кыргызстан Конституциясын кезектеги түзөтүү үчүн жасалган референдум 2003-жылдын 2-февралында өткөрүлгөн. Элдин талдоосуна Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу жана мамлекет башчысынын кызмат мөөнөтүн конституциялык нормага ылайык улантуу суроолору коюлган.

Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан маалыматка ылайык референдумга жалпы шайлоочунун 87% катышып, анын 77 % Конституциянын жаңы редакциянын кабыл алынышына жана президент Аскар Акаевдин 2005-жылдын декабрь айына чейинки мамлекет башында калышына шайлоочулардын 79% макул экендигин билдиришкен.

Кыргызстан аксакалдар сотунун кезектеги жыйыны 2005-жылдын 2-февраль күнү Бишкек шаарында өткөрүлгөн. Жыйын ишине катышкан президент Аскар Акаев, чет элдик тажрыйбаны экспорттогусу келет деп оппозицияны айыптап, алардын мамлекеттин саясий, социалдык стабилдүүлүгүн бузууга жасаган аракетине каршы туруп, коопсуздукту сактоо милдетин Аксакалдар сотуна жүктөгөн.

Бу күнү, 1238-жылы монгол ханы Батый Москваны басып алып, 1522-жылы италиялык математик Людовико Феррари, 1883-жылы советтик композитор Михаил Гнесин, 1885-жылы Михаил Фрунзе, 1893-жылы Монгол Элдик Республикасынын негиз салуучусу Сухэ-Батор, 1952-жылы акын, котормочу Эсентур Кылычев жарык дүйнөгө келген.

Америка Кошмо Штаттары, Канада жана Австралия 2-февралда Суурдун күнүн белгилешет. Салттык ишенимге ылайык, 2-февралда суур кышкы чээнден чыгат экен. Эгер суур чээнден чыкканда өзүнүн көлөкөсүн көрүп, кайра ийинге кире качса, анда дагы 6 жума аба ырайы оңолбойт. Суур чээнден чыкканда көлөкөсү көрүнбөсө, анда жаз келгендин белгиси катары кабыл алынган. Суур күнү биринчи жолу 1886-жылдын 2-февралында белгиленген.

Батый хан 1238-жылдын 2-февралында Москва шаарын кыйраткан. Бату (1209 -1255/1256) Чыңгыз хандын небереси катары, атасы Жучи хандын улусун башкарган. Орус княздары Батый хандын тушунда Алтын Ордо бийлигин толугу менен таанышкан.

Испаниялык Педро Мендоса 1536-жылдын 2-февралында Ла-Платанын батыш тарабында Аргентинанын азыркы борбору Буэнос-Айрес шаарын түптөгөн.

Нью-Амстердам 1665-жылдын 2-февралында шаардын жаңы ээси герцог Йоркскийдин урматына Нью-Йорк болуп өзгөртүлгөн.

Петербургдагы Египет көпүрөсү 1904-жылдын 2-февралында талкаланган.

Элдик Комиссарлар Кеңеши 1918-жылдын 2-февралында «Чиркөөнүн мамлекет жана мектептерден бөлүү туурасында» Декрет кабыл алган. Тынчтык келишимине ылайык 1920-жылдын 2-февралында РСФСР Эстония эгемендигин тааныган.

Советтер Союзунун Мамлекеттик фильм фонду 1937-жылдын 2-февралында уюшулган.

Айтылуу Сталинград үчүн согуш 1943-жылдын 2-февралында соңуна чыккан. Сталинград салгылашы Улуу Ата Мекендик согуштун чечүүчү кармаштарынын бири эсептелинет. Советтик Армия Сталинград үчүн согушта нацисттик Германия, Румыния, Италия, Венгрия биргелешкен армиясына каршы салгылашкан.

Кызыл Армия тарабынан ишке ашырылган «Уран» операциясынын натыйжасында вермахттын 6-армиясы курчоого алынып, жарымы талкаланып, калган аскер бөлүгү колго түшүрүлгөн. Сталинград үчүн салгылаштан кийин нацисттик Германия толук калыбына келе алган эмес.

Михаил Калинин 1946-жылдын 2-февралында Түштүк Сахалин жана Курил аралдарынын Советтер Союзунун курамына алынгандыгы туурасындагы Жардыкка кол койгон.
XS
SM
MD
LG