Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:04

3-февраль: Тарых барактары


Дүйнөдөгү эң кымбат гезит 2005-жылдын 3-февраль күнү Кытайда чыккан.

Дүйнөдөгү эң кымбат гезит 2005-жылдын 3-февраль күнү Кытайда чыккан.

Түркстан Республикасынын Борбордук Аткаруу комитети 1920-жылдын 3-февралында качкын кыргыздарга жардам көрсөтүү туурасында токтом кабыл алган. Түркстан Республикасынын бийлик органы, 1916-жылкы көтөрүлүш айынан мекенин таштай качкан кыргыздардын кайра өлкөсүнө кайтып келишин кубаттап, аларга колдоо көрсөтүү чарасын белгилеген.

Кыргыз автоном облустук кылмышты тергөө органы 1926-жылдын 3-февралында тармактык музейди ачуу туурасында чечим чыгарган. Кылмыш тинтүү органы кылмышкерлер колдонгон ачкыч, кастет сыяктуу уруулук кесиптин куралдарын музейге жайгаштырууну пландаштырган.

Сталиндик кандуу террор маалында Кыргызстандын НКВДсын жетектеп турган Лоцманов, 1939-жылдын 3-февралында камакка алынган. Ушул эле жылдын август айында ал «тыюу салынган ыкмаларды колдонуп, революциялык мыйзамдуулукту бузган» деген беренеге ылайык мурдагы жазалоо органынын анабашчысы атылып кеткен.

Лоцмановго Кыргызстан КП БК (б)нын мурдагы биринчи секретары М.К.Аммосовго, Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешинин мурдагы төрагасы Б.Д.Исакеевге ж.б. каршы ыплас тергөө ыкмаларын колдонгон деген айып коюлган. Кыргызстан НКВДсын Четвертаков жана Лоцманов жетектеп турган маалда бейкүнөө кыргызстандыктардын каны суудай аккан.

Архивдик маалыматтарга караганда Четвертаков менен Лоцмановдордун маалында НКВД органы 7610 кыргызстандыкты камап, алардын көбү атылып, калгандары адам чыдагыс кыйноону башынан кечиришкен.

Фрунзе шаарында орун алган темир бетон иштетүү ишканасы 1956-жылдын 3-февралында көп кабаттуу үйлөргө колдончу бетон плитаны чыгарган. Советтик үй курууда кеңири колдонулган бетон плиталарды чыгарылышы менен Фрунзе шаарынын совет мезгилиндеги архитектурасы аныкталган. Көп кабаттуу үйлөр жалаң бетондон салынып, борбор шаарда кичи райондордун курулушу тездетилген.

Бартоломеу Диаш 1488-жылдын 3-февралында Африка континентинин түштүк жээгиндеги «Изги ниет» кайкысына жеткен.

Америкадагы биринчи кагаз акчалар 1690-жылдын бул күнү Массачусетс шаарында чыгарылган.

Россия ичиндеги бажыларды жойгондугунунун урматына деп, орус көпөстөрү 1754-жылдын 3-февралында Елизаветта ханышага 56 карат салмактагы бриллиантты тартууга беришкен.

Император Мэйдзи атыккан он беш жаштагы Муцухито 1867-жылдын 3-февралында Жапониянын императордук тагын ээлеген. Император Мэйдзинин тушунда Жапония саясий, социалдык жана индустриалдык революцияны башынан өткөрүп, өлкө дүйнөдөгү күчтүү державалардын катарына кошулган.

Бүткүл союздук Борбордук Аткаруу комитети 1918-жылдын 3-февралында падышалык Россия менен Убактылуу өкмөттүн 60 миллиард рубль көлөмүндөгү карызын жокко чыгарган Декрет кабыл алган.

Француз химиги Нгуен Бу Хои 1957-жылдын 3-февралында тамеки түтүнү рак оорусун козгой тургандыгын билдирген.

Бельгия, Нидерландия жана Люксембург 1958-жылдын 3-февралында Бенилюкс уюмуна биригишкен. Уюмдун аталышы аталган мамлекеттеринин баш тамгаларынан куралган жана башында ал Бенилюкска кошулган өлкөлөр курган Башкы бирикмесин белгилеш үчүн колдонулган. Бенилюкс уюмунун расмий тили катары француз, немис жана люксембург тилдери колдонулат.

Космос мейкиндигине 31-январда ийгиликтүү чыгарылган советтик «Луна-9» планеталар аралык автоматтык станциясы 1966-жылдын 3-февраль күнү дүйнөдө биринчи жолу Айга барып конгон.

Дүйнөдөгү эң кымбат гезит 2005-жылдын 3-февраль күнү Кытайда чыккан. Гуандун провинциясынын Шэнчжэн шаарында жарык көрчү «Economic Daily» гезитинин материалдары бул күнү алтын барактарга басылган.

Гезиттин саны «Гүлдөгөн Кытайдын мезгили» аталып, анда Кытай Элдик Республикасынын мыйзам чыгаруу жыйынынын кийинки жылдардагы ишкердиги чагылдырылган.

Гезит «коллекциялык» жана «люкс» басылыш варианттында ар бири 36 экземпляр менен чыгарылган. «Коллекциялык» басылыштын ар бир гезитине 500 грамм алтын, «люкс» басылмага 200 грамм алтын сарпталган. Гезиттин ар бир варинты 8100 жана 3500 долларга сатылган.
XS
SM
MD
LG