Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

4-февраль: Тарых барактары


Никита Хрущев менен Фидель Кастро
Никита Хрущев менен Фидель Кастро

Энесайлык кыргыздардын саясий жана согуштук дарамети таланттуу өкүмдар Эренак башкарган учурда туу чокусуна жеткен. Буга чейин башы кошулбаган кыргыз бектиктерин бир ордого бириктирген Эренак, 1679-жылы Сибирдеги орус ээликтерине каршы чапкын уюштура баштаган. Мындан улам Красноярск жана Том воеводалары биргелешип кыргыздарга каршы жортуул уюштурушкан.

И. Гречанин баштаган орус аскерлери 1680-жылдын февраль айынын баш ченинде кыргыздарга каршы аттанган. Орус аскерлеринин чапкыны туурасында маалымат алган Эренак кыштоосун таштап, башка аймакка жер которгон. Жолу болбогон И. Гречанин аларды ордунан таппай артка кайткан. Кыргыздардын 400 чамалуу колу 4-февраль күнү таңга жуук орус лагерин курчап, бирок күтүүсүз жерден кайра артка тартышкан.

Жетисуу облусунун коомчулугуна 1918-жылдын бул күндөрү Пишпек шаарын Эмен паркында чогулган «бакырчаактар менен зөөкүрлөр» басып алды деген маалымат тараган. Жетисуулук демократтардын пикирине караганда, Эмен паркындагы чогулуш Пишпек шаардык кызыл аскерлер менен жумушчу депутаттар Кеңешинин төрагасы Григорий Швец-Базарныйдын көз боёмочул саясатын гана канааттандырып калган. Мында өткөн шаардык Кеңештин жыйындары анархиялык абалга жетип, добуштарды саноо ыкмасы көз божомол менен аныкталат деген айып коюлган.

Коргоо министри Эсен Топоевдин 2003-жылдын 4-февралында журналисттер үчүн уюштурган маалымат жыйынында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 2010-жылга чейинки Аскердик доктринасы кабыл алынгандыгы кабарланды. Министрдин айтымында, доктрина алкагында куралдуу күчтөрдү реформалоо жана анын техникалык, тактикалык сапатын арттыруу багыттары белгиленген.

Мындан тышкары, дүйнөлүк масштабдагы террордук кыймылдын күч алышын эске алып, Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн курамында чакан чагылган аракетчил топтун түзүлө тургандыгы маалымдалган.

Өзбекстан ислам кыймылынын жетекчи кеңешинин өкүлү Шерали Акботоев 2003-жылдын 4-февралында сот жазасына тартылган. Баткен райондук соту Кылмыш жаза Кодексинин 6-беренесинде каралган жазага ылайык анны 25 жылга эркинен ажыратуу туурасында бүтүм чыгарган.

Русь мамлекетинин тарыхындагы падышаны такка көтөрүү каадасы биринчи жолу 1498-жылдын 4-февралында өткөрүлгөн. Русь өлкөсү такка көтөрүү каадасын Византия мамлекетинен алып, Москва Улуу князы Иван III Васильевичтин он беш жаштагы уулу Дмитрий Ивановичке Мономахтын шапкасы кийгизилген.

Санкт-Петербург шаарында 1717-жылдын 4-февралында жаштар үчүн акыл насаат китеби жарык көргөн. Китепте “жаман сүйлөбө, ушак айтпа, карыларды сыйла” сыяктуу адам баласынын акыйкат тарбияланышы үчүн түбөлүктүү маселелер козголот.

Падыша Пётр I 1719-жылдын 4-февралында Россияда биринчи жолу калк каттоону өткөрүү туурасында жардык кабыл алган.

Пётр I өлөөрүнө үч жума калганда 1725-жылдын 4-февралында Витус Берингди Чыгышты карай экспедицияга жөнөткөн.

Америка Кошмо Штаттарындагы жарандык согуш алдында 1861-жылдын 4-февраль күнү Америка Конфедеративдик штаттары негизделген. Американын түндүк жана түштүк аймактарынын ортосунда орун алган карама-каршылык жарандык согуш менен жыйынтыкталган.

Согуш 1861-1865-жж. күч алып, каршылашкан тараптар ортосунда 2 миң чамалуу кандуу кармаш жүргөн. Адистердин айтымында, АКШ тарыхында катышкан бардык согушту кошкон күндө да, Кошмо Штаттар өлкө ичиндеги бул согуштай адам жоготкон эмес.

Америка Конфедеративдик Штаттарына башында Түштүк Каролина, Миссисипи, Флорида, Алабама, Жоржия жана Луизиана кирген. Жаңы курулган мамлекеттин президенттигине Авраам Линколн шайланган.

Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилиндеги маанилүү саясий-дипломатиялык ийгиликтердин бири Ялта конференциясы менен байланыштуу. Ялта конференциясы үчилтик союздук бирикмеге кирген СССР, АКШ жана Британия мамлекет башчылары ортосунда жүргөн.

Ялта конференциясы 1945-жылдын 4-февраль күнү ишин баштаган. Конференцияда негизинен эки маселеге көңүл бурулган. Биринчиси, Үчүнчү рейх тарабынан оккупацияланган аймакта жаңы мамлекеттик чек араны белгилөө болсо, экинчиси дүйнө картасын аныктоого арналган.

Советтер Союзунун экономикасы үчүн оор экономикалык келишимге 1960-жылдын 4-февралында кол коюлган. Советтер Союзунун соода министри А.И. Микоян менен Куба мамлекетинин жетекчиси Фидел Кастро Гавана шаарында кубалык кумшекерди Советтер Союзу сатып алуу келишимине жетишишкен.

АКШнын Кубага жасаган экономикалык блокадасына каршы Советтер Союзу Кубанын кумшекерин төрт эсеге кымбат сатып алып, эркин аралга кайра валютага келген эгинди берип турган.
XS
SM
MD
LG