Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

9-февраль: Тарых барактары


Грузия президенти Эдуард Шеварнадзеге 1998-жылдын 9-февраль күнү Тбилиси шаарында кол салынган.

Грузия президенти Эдуард Шеварнадзеге 1998-жылдын 9-февраль күнү Тбилиси шаарында кол салынган.

Энесайлык кыргыздардын өкүмдары Эренак 1680-жылдын 9-февралында Сибирь воеводаларына кайрадан адамдарын жиберип, согушту токтотууну суранган. Мындан сырткары ал кыргыздардын орус мамлекетинин курамына кабыл алыныш маселесин козгогон.

Эренак эки тараптуу сүйлөшүүгө жана энесайлык кыргыздардын орус бийлигине киришине жунгарлар тараптан өкүл катары Барчекейдин ортомулугун сунуш кылган. Бирок ал түнү сүйлөшүү аз жерден бузула жаздаган. Орус жоокери лагерге бейчеки кирген кыргызды өлтүрүп койгондугуна байланыштуу, кыргыз тарап кетүүгө камынып, сүйлөшүү жүрүшү кайрадан оордоп кеткен.

Ысыккөлдүк бугулардын Орусия империясынын букаралыгына кириши менен алардын салттуу башкаруу бийлигинде өзгөрүүлөр жүрбөй койгон эмес. Жаңы административдик талапка жараша бугу уруусунун башына улук бий коюлган. Орус администрациясы жогорку кызматка теги жагынан жогору турган, чарба турмушу бай, кыргыздар арасында таасирдүү жана орус өкмөтүнө берилген адамды тандаганга аракет жасаган.

Бугу уруусунун манаптык кызматы туурасында империянын Аскер министри Д.А.Милютин, 1865-жылдын 9-февралында Батыш Сибирь генерал-губернатору А.О.Дюгамелге көрсөтмө берген. Аскер министринин көрсөтмөсүндө аталган кызмат 1865-жылдын 1-январынан тарта ачылып, мамлекеттик казынадан бир жылдык маяна үчүн 343 рубль бөлүнгөндүгү белгиленген.

Пишпек областтык балдар комиссиясы 1926-жылдын 9-февралында кароосуз калган балдар үчүн түнөк үй ачкан. Дин адамдар союзу кароосуз калган жеткинчектер үчүн күн сайын 20 адамдык бекер тамак бере баштаган.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны 2006-жылдын 9-февралында өткөрүлгөн. Коопсуздук кеңеши күч структурасын реформалоонун концепциясын иштеп чыгуу маселесин талкуулаган. Жыйында президент К.Бакиев Кыргызстанга америкалык бийлик системасындай күчтүү президент жана таасирдүү парламент керектигин билдирген.

Коопсуздук кеңештин 2006-жылдын 9-февралында өткөрүлгөн жыйын ишине Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаевдин катышышына тоскоолдук жасалган. Коопсуздук кеңешке чогулган мамлекеттик кызматкерлер жыйын башталышында президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков менен спикердин ортосунда орун алган кайым айтышууга күбө болушту. Осол окуянын соңу парламент төрагасынын жыйындан чыгып кетиши менен жыйынтыкталган.

Англиянын епископу Жон Хупер 1555-жылдын 9-февраль күнү өрттөлгөн.

Орусия менен Речь Посполития ортосундагы тынчтык келишим 1667-жылдын 9-февралында Андрусов жарашуусу менен жыйынтыкталган. Андрусов жарашуусуна жараша 1654-1667-жылдары жүргөн орус-поляк согушуна чекит коюлган. Келишим натыйжасында Орусияга Смоленск жана Чернигов воеводалыктары кайтарылып, Сол жээк Украинанын Москвага кошулушу таанылган.

Пётр I 1699-жылдын 9-февраль күнкү жардыгына ылайык Москва шаарында Бурмистерлер палатасы негизделген. Жаңы жардыкка жараша соодагерлер менен ишкер адамдар воеводалардын карамагынан чыгарылап, алар өздөрү бурмистрлерди шайлоо укугуна жетишкен. Падышалык жардыкка ылайык Хаджи Бей порту 1795-жылдын 9-февраль күнү Одесса болуп өзгөртүлгөн.

Орусиядагы биринчи Жогорку илим училищеси 1805-жылдын 9-февралында Ярославлда ачылган.

Н.М.Карамзиндин «Истории Государства Российского» аталган 8 томдук эмгегинин биринчи китеби 1818-жылдын 9-февралында жарык көргөн.

Спорт дүйнөсүндө татыктуу орун алган теннисчилердин Дэвис Кубогу 1900-жылдын 9-февралында негизделген.

Айтылуу «Варяг» крейсери менен «Кореец» канонердик кемеси 1904-жылдын 9-февралында жапон флотилиясы согушкан.

Жоан Вудварддын урматына 1960жылдын 9-февралында Голливуд аллеясында биринчи жылдыз түшүрүлгөн.

Бүткүл Союздук Аткаруу комитети 1918-жылдын 9-февралында «Жерди социализациялоонун Негизги мыйзамын кабыл алган.

Фашисттик Германия 1941-жылдын 9-февралында Люксембургду аннексиялаган.

Генерал Войцех Ярузельский 1981жылдын 9-февралында Йозефа Пинтковскийдин ордуна Польшанын премьр-министрдик кызматына келген.

Грузия президенти Эдуард Шеварнадзеге 1998-жылдын 9-февраль күнү Тбилиси шаарында кол салынган. Тбилисинин борбордук көчөсүндө президенттик кортежге гранатомет жана автоматтык куралдан ок атылып, бирок брондолгон «Мерседес» Эдуард Шеварнадзенин өмүрүн сактап калган.
XS
SM
MD
LG