Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

13-февраль: Тарых барактары


Юлия Тимошенко
Юлия Тимошенко

Фергана облусунун аскер губернатору 1896-жылдын 13-февралында Түркстан генерал-губернаторуна рапорт жолдогон. Аскер губернатору Анжыян жана Наманган уезддеринде өткөн жергиликтүү администрация жетекчилерин шайлоо жана андан чыккан жаңжал туурасында кабар берген.

Анын пикирине караганда жаңжалдын чыгыш себеби жергиликтүү сот системасынын кырдаалды жетик түшүнбөстүгүнөн жана орус бийлигинин Фергана өрөөнүндөгү көздөгөн саясатын эске албай жасагандыгынан улам жаралган.

Совет өкмөтү кыска аралыкта экономиканы коллективдештирүү жолуна түшүрүп, 1935-жылдын 13-февралында колхозчу ударниктердин II Бүткүл союздук съездин өткөргөн.

Кыргызстандык сүрөтчүлөр А. Воронинин, А. Каменский жана З Хабибулин 1972-жылдын бул күндөрү Москва шаарынын Перов районунда курулган «Киргизия» кинотеатрын жасалгалаш үчүн Союздук борборго чакырылган. Жаңы кинотеатр 1275 орунга эсептелип, анын жасалгасына Кыргызстандан алынып келген айкел таштар колдонулган.

Кыргыз өкмөтүнүн 2003-жылдын 13-февралында өткөн кенен жыйынында 2002-жыл жыйынтыгы чыгарылып, 2003-жыл үчүн социалдык-экономикалык чаралардын багыты белгиленген. Финансы министри Болот Абилдаевдин билдирүүсүнө караганда өлкө экономикасынын 2002-жыл үчүн өсүш өлчөмү 4,7 % жеткен.

Жогорку Кеңештин 2006-жылдын 13-февраль күнкү жыйыны парламент спикери Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүү туурасында жазган арызын талкуу менен өттү. Ага Жогорку Кеңеш төрагасынын президент Курманбек Бакиевдин дарегине айткан бир канча осол салыштармалары себеп болгон.

Жогорку Кеңештин ушул эле күнкү жыйынында парламент спикеринин орун басарлары Болотбек Шерниязов менен Эркинбек Алымбеков Өмүрбек Текебаевге тилектеш экендигин айтышып, спикер менен бирге кызматтан кете тургандыгын билдиришкен.

Византия мамлекетинин императору Юстиниан I 528-жылдын 13-февралында 10 адамдан турган комиссия курган. Комиссия бир жыл өткөн соң Юстиниандын кодексин иштеп чыккан. Юстиниандын кодекси же болбос «Граждандык укуктун корпусу» а или (Corpus juris civilis) Европа өлкөлөрүнүн мыйзам чыгаруу жана укук маселеси боюнча өрнөк болуп келген.

Орусиянын падышасы Иван IV 1565-жылдын 13-февралында «өкүмдардын ээлиги» аталган – опричнинаны киргизген. Опричнинага кирбеген жерлер земщина аталып калган.

Англиядагы Даңктуу революция 1689-жылдын 13-февралында башталган.

Падыша Пётр I 1720-жылдын 13-февраль күнкү жардыгына жараша Орусия империясындагы жогорку бюрократиялык мекеме – Башкы магистрат негизделген.

Екатерина II чакырыгы менен айтылуу италиялык архитектор Жакомо Кварнеги 1780-жылдын 13-февралында Петербургга келген. Архитектор Санкт-Петербург шаарынын көркүн ачкан Падыша айылындагы Александр сарайын жана Смольный институтунун имараттарын курган.

Кырым аталышы 1784-жылдын 13-февралында Таврия болуп өзгөртүлүп, жаңы жергиликтүү администрация Екатеринослав губерниясына кошулган.

Жон Хеннинг Спик 1858-жылдын 13-февраль күнү буга чейин европалыктар үчүн беймаалым Виктория көлүн ачкан.

Советтик «Челюскин» пароходу 1934-жылдын 13-февраль күнү муз жаргылчагына кабылып, Түндүк Муз океанына чөгүп кеткен.

Советтик «Мирный» антарктикалык станциясы 1956-жылдын 13-февралында негизделген.

КПСС Борбордук комитетинин кезексиз чакырылган Пленуму 1984-жылдын 13-февралында 72 жаштагы Константин Черненкону КПСС БКнын генералдык секретардыгына дайындаган. Кремл истеблишментинде Константин Черненко «Да, Леонид Ильич» деген ылакап ысымга конгон адам болгон.

Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенко 2001-жылдын 13-февраль күнү Киев шаарында камакка алынган.
XS
SM
MD
LG