Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:58

14-февраль: Тарых барактары


14-февраль Ыйык Валентин күнү катары белгиленет.

14-февраль Ыйык Валентин күнү катары белгиленет.

Кыргыз мамлекетин түптөөгө активдүү катышкан Абдыкерим Сыдыков башында падышалык бийлик администрациясында иштеп, ал жерден жеткиликтүү даражада башкаруу даярдыгынан өткөн. А. Сыдыков Пишпек уезддик башкармалыгында тилмеч кызматына алынып, иш билги мамилесине жараша ал кыска аралыкта жетекчилердин купулуна толгон.

Бир жыл өтпөй ал Романовдордун 300 жылдыгына байланыштуу юбилейдик медал менен сыйланган. Дагы бир жылдан кийин Пишпек уезддик башкармалыгынын жетекчиси Путинцев, тилмеч А.Сыдыковду өрнөктүү эмгеги үчүн Кичи күмүш медал сыйлыгына көрсөткөн рапортту 1915-жылдын 14-февралында Жети Суу Аскер губернаторуна жолдогон.

Кыргызстандын эркин басылмасына адегендеги чабуул 1919-жылдын 14-февралында жасалган. Пишпек шаарында чыкчу жападан жалгыз «Пишпекский листок» гезитинин жетекчилиги 14-февраль күнү алмашкан. Большевиктик бийлик гезит редакциясына коллегиалдык башкаруу киргизип, либерал-редактор И.Алексеев жеке жетекчиликтен айрылган. Редакциялык коллегияга: большевик-коммунисттердин Пишпек фракциясынын лидери Иваницын, элге билим берүү боюнча уезддик кеңештин башчысы Александрович жана типографиялык жумушчу Чупин киргизилген.

Айтылуу эмир Тимурдун урпагы, Улуу Могол мамлекетинин түптөөчүсү Захириддин Мухаммад Бабур 1483-жылдын 14-февралында жарык дүйнөгө келген. Башында ал Фергана өрөөнүн башкарып кийин Кабулду басып алып, 1526-1527-жылдары Бабурдун аскердик кубаты Түндүк Индияга чейин саясий таасирин таратып, Улуу Могол мамлекетин курган.

Захириддин Бабур тарыхта көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана таанымал акын катары аты калган. Ал илим, искусство жана адабиятка камкордук көрсөтүп, болгону 47 жаш кыска өмүрүндө өрнөктүү адабий жана илимий мурас калтырганга үлгүргөн.

Анын калеминен жаралган айтылуу «Бабур-намэ» кол жазмасы тарыхый даректик жактан жана учкул лирикасы менен айырмаланган чыгарма катары дүйнөлүк маданият казынасынан татыктуу орун алган. Захириддин Бабур ай ааламды буй кылган аскер башчы катары чыгармасында согуштук өнөр туурасында таасын өрнөктөрдү мисал келтирген.

14-февраль Ыйык Валентин күнү катары белгиленет. Уламышка караганда император Клавдийдин тушунда 269-жылы Валентин аттуу дин адамы жашаган. Император аскерлер канчалык бой жашашса, ошончолук алардын жоокерчилик өнөрү артат деп ойлогон. Валентин болсо махабат отуна чалдыккан жоокерлерди жашыруун үйлөндүрүп, императордун амирине каршы иш кылып келген.

«Кыңыр иш кырк жылда» дегендей Валентиндин «ишкердиги» императорго билинип, Клавдий анын башын алууга буйрук берген. Ошентип христиандар Валентинди ыйыктардын катарына кошушкан. Жүрө-жүрө Ыйык Валентин күнү бүткүл ашыктардын күнүнө айланган.

Пётр I 1718-жылдын 14-февраль күнкү Манифестине ылайык кутумчуларга кошулгандыгы үчүн канзаада Алексей такка мураскердик укугунан ажыратылган.

Израил парламенти - Кнессеттин биринчи жыйыны 1949-жылдын 14-февраль күнү ишин баштаган.

Москва шаарында КПССтин XX съезди 1956-жылдын 14-февралында ишин баштап, анда Сталиндин керт башына сыйынуу культу сынга алынган.

Совнаркомдун 1918-жылдын 14-февраль күнкү Декрети менен Социалисттик жумушчу-дыйкандардын Кызыл флоту уюшулган.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы «Бисмарк» аттуу германдык кубаттуу согуш кемеси 1939-жылдын 14-февралында сууга түшүрүлгөн. «Бисмарк» кемеси 1941-жылы биринчи согуш кайгуулуна чыгышы, анын акыркы деңиз жортуулуна айланган.

Советтер Союзунун борбордук маалымдоо каражаттары 1942-жылдын 14-февраль күнкү санына генерал Власовдун аскердик өнөрүн жогору баалап, сүрөтүн басып чыгарышкан.

Советтер Союзу 1961-жылдын 14-февралында Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешин таратуу сунушун козгогон.

РСФСР Жогорку Кеңешинин төрагасы Б.Н.Ельцин 1991-жылдын 14-февраль күнү СССР президенти М. С. Горбачевдун кызматтан кетишин талап кылган.
XS
SM
MD
LG