Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

15-февраль: Тарых барактары


Советтик аскерлер 1989-жылдын 15-февралында Ооганстандан толук чыгарылган
Советтик аскерлер 1989-жылдын 15-февралында Ооганстандан толук чыгарылган

Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон тарта көчмөн калкты отурукташтыруу, кат-сабатын ачуу сыяктуу коомдук мааниси зор маселелер жүзөгө ашырылган. Калк отурукташа баштагандан тарта, аларды коллективдүү чарбаларга бириктирип, айыл-кыштактагы социалисттик өндүрүштүн пайдубалы түптөлгөн. Кыргызстандагы коллективдүү чарба бирдигигинин калыптаныш маселеси 1931-жылдын 15-февралында башталган Кыргызстан колхозчуларынын I съезди аркылуу айгинелеген.

Кыргызстандын илим-билим жактан жетилип, өз алдынча өнүгүү багытына түшүшүнө Ленинград шаары менен анда эмгектенген интеллигенция зор салым кошкон. СССР Илимдер Академиясы менен Ленинград илим-изилдөө мекемелери биргелешип XX кылымдын 30-жылдарынын башталышында Кыргызстанга комплекстүү экспедиция уюштуруп, республиканын жаратылыш байлыктарын иликтеп чыгышкан.

Комплекстүү экспедициялардын жыйынтыгы боюнча Ленинград шаарында илимий конфереция уюштурулган. Конференция Кыргыз АССРинде өндүрүш күчтөрүн жайгаштыруу маселесине арналып, илимий ийримдин иши 1932-жылдын 15-февралында соңуна чыккан.

Кыргыз ВКП (б) обкому менен көзөмөлдөө комитетинин IV бириккен пленуму 1933-жылдын 15-февралында ишин баштаган. Пленумда жазгы айдоо компаниясы жана түшүмдүүлүктү арттыруу, малчарбасын өнүктүрүү менен туруктуу тоют базасын куруу сыяктуу маселелер каралган.

Көрүнүктүү кыргыз советтик аскер ишмери, генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов 1927-жылдын 15-февралында жарык дүйнөгө келген. Генерал Москва районундагы Кепер Арык кыштагында туулган. Эмгек жолун 1945-жылдан тарта мугалимдик кесиптен баштап, Мамлекеттик коопсуздук органына 1946-жылы жиберилген.

Москвадагы Аскер-юристтик жогорку окуу жайын 1955-жылы бүткөрүп, 1961-жылы аталган комиттин Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси, 1967-жылдан тарта Кыргыз ССР Министрлер Кеңешине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетини төрагасы болуп Кыргызстан эгемендигинин башталгыч жылдарына чеийн эмгектенген.

Кыргызстанда 15-февраль советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарыш күнү катары белгиленет. Бул күнү жер-жерлерде Ооганстанда курман болгон жоокерлерди эскерүү митингдери өткөрүлүп, согушка катышкан жоокерлерге жардам көрсөтүлөт.

15-февраль рак менен ооруган балдардын Бүткүл дүйнөлүк күнү катары белгиленет.

Новгороддогу София соборунун курулушу 1045-жылдын 15-февралында башталган.

Рим империясы 1689-жылдын 15-февраль күнү Францияга согуш жарыялаган.

Карл Маркс менен Фридрих Энгелстин «Коммунисттик партияын манифести» аттуу чыгармасы 1848-жылдын 15-февралында Лондон шаарында жарык көргөн.

Гнесин үй-бүлөсүнүн демилгеси менен Москва шаарында 1895-жылдын 15-февралында өспүрүмдөр үчүн биринчи музыкалык мектеп ачылган.

Берлиндеги метро 1902-жылдын 15-февралында ачылган.

Император Николай II алкоголдук ичимдиктерин ашыкча колдонууга каршы кампанияны 1914-жылдын 15-февралында баштаган.

Советтер Союзу менен Норвегия ортосундагы дипломатиялык мамиле 1924-жылдын 15-февралында орногон.

Адольф Гитлер 1936-жылдын 15-февраль күнү элдик автомобиль «Фолксвагенди» өндүрүшкө киргизүүгө буйрук берген.

Чили 1945-жылдын 15-февралында Германияга каршы согуш жарыялаган.

Андрей Андреевич Громыко 1957-жылдын 15-февралында Советтер Союзунун Тышкы иштер министрлик кызматына дайындалган. Андрей Андреевич бир жерде 28 жыл бою үзгүлтүксүз жетекчи кызматта иштеген жана бул багыттан алганда ал советтик рекордсмендер арасынан татыктуу орун алган.

Советтик аскерлер 1989-жылдын 15-февралында Ооганстандан толук чыгарылган.

Президент Б.Н.Ельциндин 1994-жылдын 15-февраль күнкү жардыгына жараша Орусиянын Президенттик Штандарты кабыл алынган.
XS
SM
MD
LG