Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:15

17-февраль: Тарых барактары


Косово, Приштина, 17-февраль, 2008-жыл
Косово, Приштина, 17-февраль, 2008-жыл

Пишпек уезддик элдик депутаттар кеңешинин I курултайы 1919-жылдын 17-февралында ишин баштаган. Курултай ачылышы Пишпектеги Советк бийлигинин орнош күнүнүн урматына ыроолонгон. Анткен менен майрамдык маанай курултайга келген депутаттар тарабынан бузулуп, ал депутаттар ортосунда өткөн чатак мене жыйынтыкталган.

Курултайга чогулган 90 депутат чогулуш адеп башталганда эле бири-бирин айыптоого өтүшкөн. Пишпектик большевик-коммунисттердин лидери Иваницын менен депутаттар кеңешинин Аткаруу комитетинин төрагасы Швец-Базарный ортосунда башталган кайым айтышуу курултайдын ыркын бузган.

Пишпектик большевик-коммунисттердин лидери Иваницын, Швец-Базарныйды солчул эсерлердин партиясын жоюп, «Беловодскидеги ак гвардиячылардын козголоңун» баштагансың десе, Швец-Базарный аны «сен турмуштан артта калгансың» деп айыптаган.

Кыргыз областтык саламаттык сактоо бөлүмү менен облсоцстрахкасса биргелешип 1928-жылдын 17-февралында борбор шаардагы профсоюз мүчөлөрүн толук каттоо туурасында чечим кабыл алышкан. Эки тармак чыгарган чечимдин максаты, шаардык жумушчулар менен кызматкерлердин саламаттыгын текшерип, алардын арасынан татыктуу профсоюз мүчөлөрүн санаторий, курортторго жиберүү болгон.

Кыргызстан колхозчуларынын I курултайы 1931-жылдын 17-февралында ишин аяктаган. Фрунзе шаарында өткөрүлгөн курултайдын иши үч күнгө уланып, анда колхоздоштуруу ишин жандандыруу маселеси талкууланган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына карата жасалган кезектеги түзөтүү жана оңдоолор 1996-жылдын 17-февралында киргизилген.

Герцог Филипп Кайрымдуу 1454-жылдын 17-февралында Константинопол шаарына кресттүү жортуул уюштурууга ант берген. Герцог буга чейин түрктөр басып алган Константинопол шаарын бошотуп, кайырдиндерди ыйык шаардан кууп чыгам деген убадасын христиандардан аяган эмес. Герцогдун анты калктын делебесин козгоп, бул күнү майрамдык салтанат өткөрүлгөн. Анткен менен анын француз королу менен араздашуусунан улам, герцогдун анты аткарылбай калган.

Астрономиялык көз карашы жана эркин философиялык ой жүгүртүүсүнөн улам католиктик чиркөө тарабынан еретик таанылган Жордано Бруно 1600-жылдын 17-февраль күнү Римдин Гүлдүү аянтында өрттөлгөн. Жордано Брунону желдеттер оозуна чүпүрөк тыгып жазалоочу жерге алып келишкен. Ойчул окумуштууну казыкка чынжыр жана суу аркан менен таңышкан. Суу аркан отко тийгенде чыйралып денеге батып, жазаны оордоткон ыкма болгон. Бруно «Менин акыркы демим менен жаным бейишке чыгат деген ишенимде мен өз эрким менен азап тартып өлүмгө бара жатам» деген акыркы сөзүн айткан. Замандаштарынын айтымында, от начар күйгөндүктөн бир кары кемпир жаны ачыгандан отко тутам куурай ыргыткан экен.

Орус ханышасы Анна Иоанновнанын башкаруу маалында адамдын аброюна шек келтирген ар түркүн маскарапоз оюндар өткөрүлүп келген. Ханышанын кезектеги шылдыңына кабылган князь М. А. Голицын 1740-жылдын бул күнү калмак маскарапозу А. Буженинова менен муздан курулган сарайда «үйлөнүү үлпөтүн» өткөрүшкөн. Өчөшкөнсүп бул күнкү суук - 45 градуска төмөндөп, үйлөнүү тойго ылайык кийинген «жаш жубайлар» аз жерден тоңуп кала жаздашкан.

Павел I аскер реформасына каршы пикирин билдирген фельдмаршал А. Суворов 1797-жылдын 17-февралында кызматтан кетирилген.

Англичандардын 3 миң аскери 1843-жылдын 17-февралында индиялык мусулмандардын 30 миң колун Миани согушунда тыптыйпыл талкалаган.

Француз флоту 1859-жылдын 17-февралында Вьетнамдын түштүгүндө орун алган Сайгон шаарын басып алган.

Петербургдагы Жаңы Эрмитаж музейи 1859-жылдын 17-февраль күнү ачылган.

Эл аралык Кызыл Крест уюму 1863-жылдын 17-февралында Женева шаарында уюшулган.

Айтылуу географ жана зоолог, Борбордук Азиянын көрүнүктүү изилдөөчүлөрүнүн бири - Григорий Ефимович Грумм-Гржимайло 1874-жылдын 17-февралында жарык дүйнөгө келген. Григорий Ефимович Борбордук Азиянын географиясы жана байыркы калктардын этникалык тарыхын изилдөөгө зор салым кошкон. Г. Е. Грумм-Гржимайлонун «Западная Монголия и Урянхайский край» аттуу таанымал эмгегинде кыргыздардын орто кылымдагы тарыхы туурасында баалуу маалымат камтылат.

Электрондук жазма машинканын жана жазма машинкаларды чыгаруучу америкалык ири өнөр жайчы Томас Уотсон 1874-жылдын 17-февралында жарык дүйнөгө келген.

Орусия ак падышаларынын Кышкы сарайында 1880-жылдын 17-февралында бомба жарылган. Александр II өмүрүнө кол салууну “Эл эрки” революциалык кыймылынын өкүлү С. Н. Халтурин уюштурган. Ал ак сарайга жыгач уста болуп ишке орношуп, падышанын ашканасынын алдындагы подвалда жашоого уруксат алган. С. Халтурин жашаган жерине бир канча ирээт динамит ташууга үлгүргөн. С. Халтурин падышанын түшкү тамакка келишине чактай динамитти жардырган. Бирок ал күнү Александр II түшкү тамакка кеч келгендигине байланыштуу кутум ийгиликсиз аяктаган.

Польша тагынын мураскери Ядвига менен Литванын улуу князы Владислав Ягайлонун 1386-жылдын 17-февралындагы баш кошушунун натыйжасында польяк-литвалык уния курулган.

Чайковскийдин музыкасына коюлган «Ак куу көлү» балети биринчи жолу 1895-жылдын 17-февралында Санкт-Петербург шаарында коюлган.

«Америка үнү» 1957-жылдын 17-февралынан тарта Советтер Союзуна радио берүүлөрүн уктуруп баштаган.

Б. Н. Ельцинди КПСС БК Политбюросунун кандидаттык мүчөлүгүнөн ажыраткан КПСС БКнын Пленуму 1988-жылдын 17-февралында ишин баштаган.

Америка Кошмо Штаттарынын Лейк-Плэсиде шаарында биринчи жана акыркы жолу өткөрүлгөн кышкы «Изги ниет оюндары» 2000-жылдын 17-февралында ачылган.

Косово парламенти 2008-жылдын 17-февралында өлкө эгемендигин бир тараптуу кабыл алган.
XS
SM
MD
LG