Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

18-февраль: Тарых барактары


Түркия менен Греция 1952-жылдын 18-февралында НАТОго кошулган.
Түркия менен Греция 1952-жылдын 18-февралында НАТОго кошулган.

Падышалык Орусиянын Фергана өрөөнүн ээлеп алуу максатында жүргүзгөн саясатынын натыйжасында аймактагы геосаясий кырдаал курчуган. Бир тарабынан кыргыздар Кокон хандыгына каршы көтөрүлүш башташса, экинчи жагынан хандык эми империя менен кыргыздарга каршы күрөшүүгө аргасыз абалда калган.

Орус аскерлеринин 1865-жылкы ири аскер операциясынын натыйжасында Кокон хандыгынын ээлиги Фергана өрөөнү менен кыргыздар жашаган Памир-Алай аймагы менен чектелген. Кыргыздар болсо империяга моюн сунууну көздөп, Мамыр баштаган кыргыздардын бир жарымы 1874-жылдын жаз айында Түркстан генерал-губернатордугуна кайрылышкан.

Падышанын 1876-жылдын 18-февралында манифестине ылайык Кокон хандыгынын аймагы Орусия империясына киргизилген. Аталган аймак Түркстан генерал-губернатордугуна караштуу Фергана областы болуп уюшулган.

Совет мезгилиндеги кыргыз мамлекетинин түптөлүш процесси тышкы борбордук талаптарга жана ички жарым феодалдык коомдук өнүгүш өзгөчөлүгүнө ылайык өнүккөн. Кыргызстанда таптык күрөш күч алгандыгын белгилеген СССР Ички иштер министри Н.Ежов «он миң тап душмандарын жок кылуу» туурасында жергиликтүү күч органдарына буйрук берген.

Бийлик үчүн жүргөн күрөштө саясий оппоненттер ыплас ыкма колдонушуп, Абдыкерим Сыдыковдун бай-манаптык тегин көтөрүп чыгышкан. Мындан тышкары, ага «Туран», «Алаш ордо» партиясынын өкүлү деген жалаа жабылып, акыры 1934-жылдын 28-февралында А. Сыдыковго «антисоветтик ишмердиги» үчүн кине коюлуп, камакка алынган. Кыргыз ССР НКВД үчилтигинин 1938-жылдын 10-февраль күнкү токтомуна ылайык А. Сыдыковду атууга өкүм чыгарылган. НКВД өкүмү 18-февраль күнү аткарылып, кыргыз мамлекетин түптөөгө олуттуу салым кошкон ишмердин өмүрү 49 жаш курагында кыйылган.

Президент Аскар Акаев 2003-жылдын 18-февралында Конституциянын Жаңы редакциясына кол койгон. Конституциянын Жаңы редакциясы 2003-жылдын 2-февралында өткөрүлгөн референдумда кабыл алынып, ал Кыргызстанда эле эмес, дүйнөлүк коомчулук арасында да эки ача пикир жараткан.

Кыргыз өкмөтү 2003-жылдын 18-февралында Кыргызстандын Экономикалык саясат боюнча кеңешинин кезектеги жыйынын өткөргөн. Жыйында Дүйнөлүк Банктын 2003-2006-жж. аралыгында Кыргызстанга көрсөтө турган каржы жардамынын стратегиясы талкууланган.

Рим империясынын императору Фридрих II 1229-жылдын 18-февралында египеттик султан Малик менен христиандык дин адамдарын Иерусалим жана Назаретке зыяратка койо берүү туурасында макулдашкан.

Пётр I 1722-жылдын 18-февралында монархтын мураскерин падыша өзү тандай турган жардык кабыл алган.

Петербург шаарындагы Адмиралтейство бастионунан түшкү тыныгуу маалы келгендигин аныктай турган пушкадан куру дүрмөт менен атуу салты биринчи жолу 1865-жылдын 18-февраль күнү колдонулган.

Академик Делил 1735-жылдын соңунда Илим Академиясынын жыйынында козгоп, түшкү тыныгуу убактысын калкка маалымдоо керектигин белгилеген. Академиктин долбоору колдоого алынган эмес. Бирок Петербург шаарын мезгил-мезгили менен суу каптап тургандыктан, Екатерина II 1777-жылкы жардыгы менен Нева суусунун көтөрүлгөндүгүн билдирген атайын белгилер иштелип чыккан.

Пулков обсерваториясы курулуп, 1862-жылы телеграф линиясы тартылгандан кийин эки жыл өтпөй, Борбордук телеграф станциясына обсерваториядан так убакыт белгиси түшө баштаган. Эми убакытты калкка кантип кабарлайбыз деген суроо пайда болгон. Ошентип академиктин 150 жыл чамалуу киргизген долбоору эске түшүп, пушкадан куру дүрмөт менен атуу жол аркылуу убакытты калкка жарыялоо салты киргизилген.

Британия менен Жаңы Зеландия ортосундагы түз телеграф байланышы 1876-жылдын 18-февралында курулган.

Орус окумуштуусу Александр Попов дүйнөдө биринчи жолу 1900-жылдын 18-февраль күнү радио аркылуу деңиздеги алааматка кабылганда кабарлоочу SOS сигналын берген.

Париж тынчтык келишими дүйнө маселесин талкуулап жаткан маалда 1919-жылдын 18-февралында Франциянын премьер-министри Жорж Клемансого кол салуу жасалган. Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийинки ааламдык алаканы чечүүгө Төрттүктөр союзу киришкен. Төрттүктөр союзунун жетекчилери Вудро Вилсон (АКШ), Ллойд Жорж (Англия), Клемансо (Франция) жана Витторио Эмануэле Орландо (Италия) дүйнөлүк согуштан кийинки кырдаал боюнча татаал сүйлөшүүлөрдү башташкан.

Сүйлөшүүлөр чечүүчү стадияга жетип, 1919-жылдын 18-февраль күнү эртең мененки саат 9да Жорж Клемансо Сан-Доминик көчөсүндөгү резиденцияга кетип бараткан маалда анархист Эмил Коттен премьер-министрдин унаасына ок ачкан. Эмил Коттен анархисттик уюмду токтоткондугу үчүн Жорж Клемансодон өч алууну самап жүргөн. Аскер трибуналы Эмил Коттенге өлүм жазасына өкүм чыгарган. Бирок премьер-министрдин өтүнүчү менен ал он жылдык түрмөгө жаза өтөө менен алмаштырылган.

ВЦИКтин 1919-жылдын 18-февраль күнкү токтомуна ылайык «Темир жол милициясы жана темир жолду коргоо кызматы» уюшулган.

Украинанын Советтик Элдик комиссариты 1920-жылдын 18-февралында курулган.

Америкалык ышкыбоз астроном Клайд Томбо 1930-жылдын 18-февралында Күн системасындагы 9-планета – Плутонду ачкан.

Манчжурия жергесиндеги Жапонияга ык алган Манчжоу-Го мамлекети 1932-жылдын 18-февралында курулган. Манчжоу-Го мамлекетинин башына мурдагы кытай императору Пу-И келип ал, жаңы өлкөнү Кытайга баш ийбей тургандыгын жарыялаган.

«Правда» гезитинин 1945-жылдын 18-февраль күнкү санына Польша өкмөтүнүн кыйраган Варшава шаарын калыбына келтирүүгө жардамдашуу туурасындагы өтүнүчү жарыяланган. СССР Элдик Комиссарлар Кеңеши Польшанын борборуна адистерди жөнөтүп, Варшава шаарын калыбына келтирүү үчүн жумшалчу чыгымдын 50% совет өкмөтү көтөрө тургандыгын билдирген.

ВКП(б) Борбордук Комитетинин 1948-жылдын 18-февраль күнкү Пленумунда Николай Александрович Булганин ВКП (б) БК мүчөлүгүнөн чыгарылып, Советтер Союзунун Коргоо Министрдик кызматынан алынган.

Вашингтон келишимине кол коюлгандан үч жыл өткөндөн кийин Түркия менен Греция 1952-жылдын 18-февралында НАТОго кошулушкан.

Марк Твендин «Геклберри Финндин жоруктары» аттуу чыгармасы 1885-жылдын 18-февралында жарык көргөн.

Москвадагы Киев (Брянск) темир жол вокзалы 1918-жылдын 18-февралында ачылган.
XS
SM
MD
LG