Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

24-февраль: Тарых барактары


Казат Акматовдун «Архат» романы 2009-жылдын 24-февраль күнү Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка арзыган.
Казат Акматовдун «Архат» романы 2009-жылдын 24-февраль күнү Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка арзыган.

Падышачыл Орусиянын Орто Азия аймагын басып алуу саясаты мындагы ички абалды жана тышкы таасирлерди эске алуу менен этият жүргүзүлгөн. Узак убакыт бою аймак кылдат изилденип, кырдаалга доо кетирчү күчтөр белгиленген. Империялык бийлик мындан улам колониялык ээликтин чегин Чүй суусу менен белгилөөгө ниеттенген.

Илинин аркы тарабы туурасындагы чечим Өзгөчө комитет тарабынан 1861-жылы чечилип, империя чегин Чүй суусу менен белгилөө келечектеги саясат багытына жооп бербестиги аныкталган. Орус империясынын Аскер министри Дмитрий Алексеевич Милютин 1862-жылдын 24-февраль күнү Батыш Сибирь генерал-губернатору Александр Осипович Дюгамелге берген көрсөтмөсүндө Чүй суусу эч качан империянын чеги катары каралбагандыгы белгиленген.

Пишпек уезддик жумушчу, кызыл аскер жана дыйкандардын Советинин I съезди 1918-жылдын 24-февралында ишин баштаган. Уезддик жумушчу, кызыл аскер жана дыйкандар Совет бийлигин таануу туурасында чечим чыгарышып, анын натыйжасында Совет бийлиги Жети Суу аймагынын ичинен Чүй өрөөнүндө биринчи болуп орногон.

Сталиндик катаал көзөмөлдөө менен шектүү элементтерди ашкерелөө убагында такшалган кыргыз интеллигенциясы мезгилдин өксүк ооруларынан арыла алган эмес. Айрыкча, кыргыз көркөм адабиятынын негиз салуучулары Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаев ортосунда орун алган пикир келишпестик, коомдун этикалык жана моралдык калыптануусуна таасир тийгизбей койгон.

К.Тыныстановдун ишкердигине байланыштуу көз караш XX к. 30-жж. башталышында өзгөрө баштаганы менен «Академиялык кечелер» театрда коюла баштагандан тарта сын макалалар кайра жанданган. А. Токомбаевдин «Академиялык кечесинин тыянагы» деген макаласы “Кызыл Кыргызстан” гезитинин 1933-жылдын 24-февраль күнкү санына жарыяланган.

«Азаттык» үналгысыгын берүүлөрү 2005-жылдын 24-февралынан тарта «Кыргызтелеком» акционердик коомуна караштуу радио өндүрүш түйүнү аркылуу УКВ (ультра кыска толкун) жана орто толкундарынан уктурулушу токтотулган.

Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовдун «Архат» романы 2009-жылдын 24-февраль күнү Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка арзыган. Ушундай эле сыйлык Опера жана балет театрынын солисти Элвира Асанкуловага «Травиата» операсындагы Виолеттанын партиясын аткаргандыгы үчүн ыйгарылган.

Белгиянын Брюгге шаарында 1446-жылдын 24-февраль күнү дүйнөдөгү биринчи лотерея оюну өткөрүлгөн. Лотереяны фламанд живописчиси Ян ван Эйктин жесири уюштурган.

Француз королу Франциск I 1525-жылдын 24-февраль күнү Павийде өткөн салгылашта испандыктар тарабынан туткундалган. Ал энесине «Менин абийирим менен өмүрүмдөн башка эч нерсем калган жок» деп кат жазган.

Рим папасы Григорий XIII 1582-жылдын 24-февралында календарга байланыштуу атайын мыйзам кабыл алган.

Америка Кошмо Штаттарынын өкүлчүлүк конгресси 1868-жылдын 24-февралында президент Эндрю Жонсонго каршы импичмент кабыл алган. Президенттин кызматтан кетиши кийин сената каралып, ал үчүн болгону бир добуш жетпей калган.

Панама каналынын курулушу 1881-жылдын 24-февралында башталган.

Таллин шаарында 1918-жылдын 24-февралында Эстония демократиялык республикасынын курулушу туурасында чечим кабыл алынган. Убактылуу өкмөт башына К.Пятс шайланып, өлкөдө демократиялык өнүгүүгө шарт түзүлгөн. Мындан улам бул дата Эстониянын мамлекеттик эгемендик күнү катары белгиленет.

Венгрия Коммунистик партиясы 1919-жылдын 24-февралында буржуазиялык өкмөттү кулатуу туурасында кайрылуу кабыл алган.

Сергей Петрович Капицанын «Очевидное – невероятное» программасы Советтер Союзунун Борбордук сыналгысында биринчи жолу 1973-жылдын 24-февралында көрсөтүлгөн.

2500 миңинчи «Запорожец» унаасы 1986-жылдын 24-февралында чыгарылган.

Орус президентинин жардыгы менен премьер-министр Михаил Касьянов жетектеген өкмөт 2004-жылдын 24-февралында отставкага кеткен.
XS
SM
MD
LG