Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

2-март: Тарых барактары


Таасирдүү «Тайм» журналынын биринчи саны 1923-жылдын 2-мартында жарык көргөн.
Таасирдүү «Тайм» журналынын биринчи саны 1923-жылдын 2-мартында жарык көргөн.

Казакстандагы ачарчылыктан качкан адамдар 1932-жылдын бул күндөрү Фрунзе шаарынын Жумушчулар шаарчасы аталган райондо орун ала башташкан. Шаарчанын борборунда «Париж», «Берлин» жана «Нью-Йорк» аттуу соода чатырлары орнотулуп, анын айланасына жер которгон казактардын 200 чамалуу алачыктары тигилген.

Жумушчулар шаарчасынын азыркы паркы жайгашкан жерге ачарчылыктан кырылган адамдар коюлуп, тирилик менен өлүм аралашып, шаарчада баш аламандык өкүм сүргөн. Фрунзе шаардык бийлиги шаарчада тартип орнотуу максатында ал жерлерге маданий мекемелерди куруп, парк тигүү туурасында чечим кабыл алган.

Кыргызстан аймагын байланыштыра турган Фрунзе-Рыбачье-Нарын-Торугарт-Ош авто жолунун курулушу туурасындагы маалымат 1934-жылдын бул күндөрү коомчулукка маалым болгон. КыргызАССР ВКП (б) комитети менен Элдик комиссарлар кеңешинин биргелешип чыгарган чечиминде улуу жолдун курулушу 1935-жылга бүтөрү болжолдонгон. Анткен менен адегенде белгиленген курулуш маршруту өзгөрүп, кийин жол Фрунзе - Кара-Балта – Суусамыр - Ош багыты менен салынган.

Кыргызстандын 1991-жылдын август айындагы эгемендикке жетиши менен совет мезгилинде «беймаалым республика» атыккан өлкө, эми эл аралык мамилелерге катышып, дүйнөлүк биримдиктин өз алдынча өкүлүнө айланган. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун 1992-жылдын 2-март күнү өткөн Башкы Ассамблеясынын 46-сессиясында Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Чечим добуш берүүсү жок, бардык өлкөлөрдүн жактыруусу менен чыгарылып, ушул эле күнү Кыргыз мамлекетинин желеги Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун имаратына салтанат менен көтөрүлгөн.

Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаевдин өз эрки менен кызматтан кетишине байланыштуу парламентте кризисттик абал жаралып, биринчи шайлоо турунда спикер шайланбай калган. Депутат Марат Султанов 2006-жылдын 2-март күнкү шайлоодо жетиштүү добуш топтоп, Жогорку Кеңеш төрагасынын ордун ээлеген.

Васко да Гама жетектеген эскадра 1498-жылыдн 2-март күнү Мозамбике келген.

Француз изилдөөчүсү С. д’Ибервил 1699-жылдын 2-мартында Миссисипи дарыясынын өзөнүн ачкан.

Францияда семафор аталган жаңы байланыш түрү 1791-жылдын 2-март күнү киргизилген.

Александр Сергеевич Пушкин 1831-жылдын 2-мартында Москва шаарында Наталья Гончарова менен баш кошкон. А.Пушкин ал убакта 31 жашка, Наталья 18 жашка толгон. Шакек алмаштыра башташканда А.Пушкиндин шакеги жерге түшүп, андан соң анын шамы өчкөн. А. Пушкин өң алеттен кетип «Бүттү, бул жаман жоосун!» деген экен.

М. Е. Пятницкий курган орус элдик хорунун биринчи концерти 1911-жылдын 2-март күнү болгон.

АКШ Конгресси 1917-жылдын 2-март күнү Жонстун мыйзамын кабыл алган. Мыйзамга ылайык Пуэрто-Рико Америка Кошмо Штаттарынын аймагына кирип, анын калкы Кошмо Штаттардын адамдарына тийешелүү укукка ээ болушкан.

Таасирдүү «Тайм» журналынын биринчи саны 1923-жылдын 2-мартында жарык көргөн.

Иосиф Сталиндин «Ийгиликтен баш айлануу» аттуу макаласы «Правда» гезитинин 1930-жылдын 2-март күнкү санына жарыяланган. Макалада коллективдештирүүдө кетирилген кемчиликтер кескин сынга алынган.

«Кинг Конг» көркөм тасмасынын бет ачары 1933-жылдын 2-март күнү Нью-Йорк шаарында өткөн.

Америка Кошмо Штаттарындагы айтылуу НБА баскетболдук чемпионатынын бардык жылдыздарынын биринчи оюну 1951-жылдын 2-мартында өткөн.

В.Фукс жетектеген англис экспедициясы 1958-жылдын 2-мартында биринчи жолу Антарктиданы басып өткөн.

Советтер Союзундагы элдик ыктыярдуу кошуун (ДНД) 1959-жылдын 2-март күнү курулган.

Бирма мамлекетинде өткөн 1962-жылдын 2-март күнкү төңкөрүштүн натыйжасында бийликке социалистик өнүгүү багытынын жактоочулары келген.

Кытай Элдик Республикасы менен Пакистан ортосундагы чек ара маселесин тактаган убактылуу келишимге 1963-жылдын 2-март күнү Бээжинде кол коюлган.

Америка Кошмо Штаттарынын авиациясы 1965-жылдын 2-мартынан баштап Түндүк Вьетнам аймагын тынымсыз бомбалап («Rolling Thunder операциясы») баштаган.

Советтер Союзу менен Кытай Элдик Республикасы ортосундагы олуттуу чек ара чатагы 1969-жылдын 2-март күнү болгон. Уссури дарыясынын Төмөнкү Михайловка чек ара пунктуна караштуу Даманск аралына 30 кытай аскери кол салып, анын натыйжасында эки тараптан ок атылып, нечендеген адамдын өмүрү кыйылган.

Иран 1975-жылдын 2-мартынан тарта бир партиялуу мамлекетке айланган.

Мурдагы Советтер Союзуна кирген Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан 1992-жылдын 2-мартында Бириккен Улуттар Уюмуна мүчөлүккө кабыл алынган.

Орусияда үчүнчү президенттик шайлоо 2008-жылдын 2-март күнү өткөн.
XS
SM
MD
LG