Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

3-март: Тарых барактары


Адольф Гитлер
Адольф Гитлер

Орусия империясында падышалык бийлик кулатылгандыгы туурасында телеграмма Пишпек шаарына 1917-жылдын 3-март күнү курулган.

Кыргыз коомучулугу 1934-жылдын бул күндөрү Фрунзе-Рыбачье-Нарын-Торугарт-Ошту бириктире турган кыргыз жолунун курулушу туурасында кабардар болгон. Кыргыз облустук ВКП (б) менен Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңеши өлкө аймактарын бириктире турган жолдун курулушу 1935-жылы бүтөт деп убада берген. Бирок жол курулушу адегенде пландаштырылган маршрут боюнча аткарылбай, Ош аймагына кеткен жол Фрунзе - Кара Балта - Суусамыр аркылуу салынган.

Фрунзе шаарындагы аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө жардам берүүнүн он күндүгү 1944-жылдын 3-мартында соңуна чыккан. Согуш маалындагы оор абалга карабастан шаардыктар жардам үчүн 260 миң накталай акча, 1645 жуп ич кийим, 2500 жуп байпак, 523 жуп бут кийим жана арбын тамак-ашы менен кайрылышкан. Мындан тышкары жумушчулар аскер кызматчыларынын балдары үчүн бир эмгек күндү бекер иштеп берүүгө убадасын беришкен.

Борбор шаардын искусство күйөрмандары 1944-жылдын бул күндөрү Крупская атындагы орус драма театрында коюлган «Мылтыкчан адам» аттуу пьесанын бет ачарына ортоктош болушту. Пьеса Н.Погодиндин чыгармасына ылайык коюлуп, театр артисттеринен революциялык реализмди жаратууда чыгармачыл эле эмес, «саясий чеберчилик» да талап кылынган.

Бүткүл дүйнөлүк пролетарийлердин жол башчысынын ролун аткаруу республиканын эмгек сиңирген артисти С.Дигамга жүктөлүп, кадимки Сталинди чагылдыруу милдетин республиканын эмгек сиңирген артисти А.Балаев алган. Партиялык жана театр сынчыларынын пикирине ылайык эки искусство чебери тең оор милдетти татыктуу аткарып, жалындуу революционерлердин образын көрүүчүлөргө татыктуу жеткире алышкан.

Кыргызстан Коммунисттик партиясынын XIV съезди 1966-жылдын 3-мартында ишин баштаган.

Кыргызстан Коммунисттик партиясынын XV съезди 1971-жылдын бул күнү күн тартибин кароого киришкен.

Кыргызстан ЛКСМинин XI съезди 1958-жылдын 3-мартында өткөн.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги 1992-жылдын 3-март күнү кабыл алынган. Жогорку Кеңештин Токтомуна ылайык Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик желеги жөнүндөгү жобо аныкталган. Мамлекеттик Желек кызыл түстөгү төрт чарчы шекилинде белгиленип, анын ортосуна түндүк коюлуп, анын тегерегине алтын түстөгү күндүн кырк нуру түшүрүлгөн.

Жазуучулар үчүн 3-март Тынчтыктын эл аралык күнү катары белгиленет.

Болгариядагы православ чиркөөсү 870-жылдын 3-мартында негизделген.

Немиге дарыясындагы салгылашка байланыштуу Минск аталышы 1067-жылдын 3-мартында биринчи жолу жазма булактарда эскерилет.

Жон Гарварддын демөөрчүлүгүнүн урматына Америка Кошмо Штаттарынын Бостон шаарындагы колледжи 1639-жылдын 3-март күнү Гарвард аталышын алган.

Орусиянын императору Александр I 1804-жылдын 3-март күнү дыйкандарды жерсиз сатууга тыюу салган жана помещиктин уруксаты жок аларга үйлөнүүгө уруксат берген жардык кабыл алган.

Америка Кошмо Штаттары 1842-жылдын 3-мартында балдардын эмгегин жөнгө салган дүйнөдөгү биринчи мыйзамды кабыл алган.

Америка Кошмо Штаттарынын Илимдер Академиясы 1863-жылдын 3-мартында негизделген.

Киев шаарындагы Калк китепканасы 1866-жылдын 3-мартында ачылган.

Жорж Бизе даярдаган «Кармен» операсы 1875-жылдын 3-мартында Париж шаарында коюлган.

Канаданын Монреал шаарындагы «Виктория» муз залында 1875-жылдын 3-март күнү биринчи жолу хоккей боюнча расмий таймаш өткөрүлгөн.

Кокон хандыгы 1876-жылдын 3-мартында Орусия империясынын курамына Фергана облусу деген аталыш менен кабыл алынган.

Өлкөдөгү негизги саясий партиялардын башын бириктирген Украина Борбордук Радасы 1917-жылдын 3-мартында уюшулган.

“Басма үйү” аттуу журналисттердин уюму 1920-жылдын 3-мартында Москва шаарында түптөлгөн.

Канадалык физиолог Фредерик Грант Бантинг 1921-жылдын 3-март күнү шакирттери менен бирге инсулин гормонун ачкан. Илимпоздун илимге кошкон салымы 1923-жылы Нобель сыйлыгына арзыган.

Түркиянын Улуттук ассамблеясы 1924-жылдын 3-мартында Осман династиясын жою туурасында чечим кабыл алган. Жогорку бийлик органы кабыл алган өкүмгө ылайык халифат токтотулуп жана башка дин органдарынын ишмердигине тыюу салынган. Айдың окуу жайларын куруу үчүн атайын мекеме уюшулуп, Түркия мамлекети жаңы багыт жолуна түшкөн.

А.Гитлер 1933-жылдын 3-март күнү Потсдам шаарында Үчүнчү рейхтин курулгандыгын жар салган.

И.В.Сталиндин «социализм канчалык кулач жайып өнүккөн сайын таптык күрөш ошончолук курчуйт» деген «айтылуу» теориялык жобосу ВКП (б) БК Пленумунун 1937-жылдын 3-март күнкү жыйында айтылган.

Фашисттер тарабынан жардырылган Днепр ГЭСинин биринчи агрегаты 1947-жылдын 3-март күнү ишке киргизилген.

Арал көлүн сактоо боюнча Эл аралык фонд 1995-жылдын 3-март күнү түзүлгөн.

Моника Левински АКШ президенти США Билл Клинтондун импичментине байланыштуу ыроолонгон жагымсыз ролду аткаргандыгы үчүн 1999-жылдын 3-март күнү америкалыктардан кечирим сураган.
XS
SM
MD
LG