Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:56

Ставрополь губерниясынын Пишпек уездинде орун алган меринос койлорду асыраган чарбанын тагдыры CCCР Борбордук Аткаруу Комитетинин көзөмөлүнө алынган. CCCР Борбордук Аткаруу Комитети 1924-жылдын 6-мартында РСФСР жер иштетүү боюнча Элдик комиссариатына чарбага байланыштуу эки вариантты сунуш кылган. Биринчи сунуш боюнча, ставрополдук чарбаны мал жана жайыттары менен сактап калуу болсо, экинчиси аларды жеңилдетилген тариф менен башка аймакка көчүрүп кетүү маселеси коюлган.

Кыргыз автономиясынын облустук инженери 1926-жылдын 6-мартында Пишпекте II разряддагы сейсмикалык станция ачуу сунушу менен Облустук Аткаруу комитетке кайрылган. Анын айтымында, Кыргызстан сейсмикалык жактан кооптуу аймак эсептелет жана облустагы жер титирөө коркунучун алдын алуу үчүн Алматы шаарында курулган сейсмологиялык станциядай мекеме ачылышы учур талабына жооп бермек.

Кыргыз АССРинин радиолоштуруу жана радиоуктуруу комитети 1934-жылдын 6-мартында радиоприемниктер үчүн абоненттик акы киргизүү чечимин кабыл алган.

Кыргыз музыкалык-драма театрынын кызматкерлерине ардак наамдарын ыйгаруу чечими 1939-жылдын 6-мартында чыгарылган. Кыргыз ССР искусствосуна эмгек сиңирген биринчи ишмердик наам театрдын көркөм жетекчиси, дирижер Василий Целиковскийге, композиторлор Владимир Власов менен Владимир Фереге, артист Арнольд Самарин-Волжскийге берилген. Кыргыз ССР эмгек сиңирген артисттик наамга Канымкүл Айбашева, Бүбүсара Бейшеналиева жана Сайра Кийизбаева татыктуу болушкан.

Кыргыз республикасындагы кезектеги кадрдык алмашуулар 1958-жылдын 6-мартында жүргүзүлгөн. Кыргызстандагы профессионал дипломаттардын бири Казы Дыйкамбаев Кыргыз ССР министрлер кеңешинин төрагалыгына дайындалып, мурдагы премьер-министр Абды Сүйөркулов Москвага «окууга жөнөтүлгөн».

Кыргызстан калкынын кезектеги II курултайы 2003-жылдын 6-мартында Бишкек шаарында өткөрүлгөн. Расмий Бишкек курултай «Кыргыз мамлекеттүүлүгү - тынчтыктын жана туруктуулуктун жылы» деген ураан менен белгилеп, ал мекендин чыныгы патриоттору жана прогрессивдүү күчтөрүнүн башын бириктирүү максатын көздөй тургандыгын жар салган. Курултайга Кыргызстан калктарынын өкүлдөрү, жергиликтүү жамаат, бейөкмөт уюм, саясий партиялар жана мамлекеттик бийлик органдарынан чакырылган 600 чамалуу делегат катышкан.

Фердинанд Магелландын жер жүзүн айланган саякат маалында 1521-жылдын 6-март күнү Гуам аралы ачылган.

Роберт Морей 1661-жылдын 6-мартында Британия королдук коомунун (Британия Илим Академиясы) биринчи президенттигине шайланган.

«Королдук коомдун философиялык эмгектери» аталыштагы дүйнөдөгү биринчи журнал 1665-жылдын 6-март күнү Лондон шаарында жарык көргөн.

Канададагы Йорк шаары 1834-жылдын 6-мартында Торонто болуп өзгөртүлгөн.

Дмитрий Менделеев 1868-жылдын 6-март күнү Мезгилдик таблицанын биринчи вариантын сунуш кылган.

Немис химиги Феликс Хоффман 1899-жылдын 6-мартында аспиринге патент алган. Окумуштуу ревматизм менен ооруган атасына жардам берүү максатында иликтөөлөрдү жүргүзүп, буга чейин алты ай мурун ацетилсалицин кислотасынын даарылык касиетин ачкан.

Испаниядагы «Реал» (Мадрид) футболдук клубу 1902-жылдын 6-мартында негизделген.

Сталиндин кызы Светлана Аллилуева 1967-жылдын 6-мартында Делидеги Америка Кошмо Штатынын элчилигинен саясий баш паанек сураган.

Советтер Союзу менен Ботсвана Республикасы ортосундагы дипломатиялык мамиле 1970-жылдын 6-мартында орногон.

Ооганстанда Нажибулланын өкмөтү 1990-жылдын 6-мартында мамлекеттик төңкөрүштү баскан.

Азербайжандын биринчи президенти Аяз Муталибов куралдуу оппозициянын кысымы менен 1992-жылдын 6-мартында кызматтан кетүү туурасындагы талапка кол койгон.

Британ ханышасы Елизавета II 1997-жылдын 6-мартында расмий сайты ачылып, убакыт жарышынан артта калбагандыгын көрсөткөн.
XS
SM
MD
LG