Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

12-март: Тарых барактары


Чехия, Польша жана Венгрия 1999-жылдын 12-мартында НАТО уюмуна кабыл алынган.
Чехия, Польша жана Венгрия 1999-жылдын 12-мартында НАТО уюмуна кабыл алынган.

Фергана облусунун губернатору жана аскер командачысы, генерал-майор М. Д. Скобелев «Мурдагы Кокон хандыгындагы 1875-жылдын 25-декабрынан, 1876-жылдын 7-февралына чейинки согуш аракети» аталган «Илимий аскердик» отчетун 1876-жылдын 12-мартында жогорку бийликке жолдогон.

Генералдын отчетунда Кокон хандыгына каршы чыккан көтөрүлүш жана анын кыймылдаткыч күчү, козголоңду басыш үчүн жабдылган жазалоочу отряддын максат, милдеттери толук кабарланат. Мындан тышкары, генерал жазалоочу отряд менен кыргыз козголоңчулары ортосунда жүргөн кагылышты күн санай кагаз бетине түшүрүп, согуш жүрүшүнө баа берип турган.

Азыркы «Слово Кыргызстана» гезитинин биринчи саны 1925-жылдын 12-мартында Пишпек шаарында жарык көргөн. Ал кезде гезит «Батрацкая правда» аталып, ал облустук басма сөз органы катары эсептелген. Кийин 1925-жылдын 24-июнунда гезит «Крестьянский путь», 1927-жылдын 9-январында «Советская Киргизия» болуп өзгөртүлгөн.

Орусия империясынын борбору Петрограддагы өкмөткө каршы кыймыл туурасындагы маалымат Пишпек уезддик бийлигине 1917-жылдын 12-мартында белгилүү болду. Пишпек уезддик жана шаардык бийлиги империянын борборунда бийлик алмашып, ал Убактылуу өкмөткө өткөндүгүнөн кабардар экендиги менен бирге жаңы бийликти колдой тургандыгын билдирген.

Кыргызстан борбору Фрунзе шаарында калктын саны өсүп, аны менен кошо мектептердин саны да арткан. Мындан улам борбордогу мектептердин ишин уюштуруу максатында 1930-жылдын 12-мартында шаардык Элге билим берүү бөлүмү уюшулган.

Шериктеш мамлекеттердин чек ара кызмат жетекчилеринин кезектеги 46-жыйыны 2003-жылдын 12-март күнү Бишкек шаарында ишин баштаган. Жыйында өткөн жыл жыйынтыгы чыгарылып, Кеңештин жобосуна айрым өзгөртүүлөр киргизилип, чек ара кызматын өркүндөтүү үчүн бирдиктүү аракет көрүү, белгиленген долбоорду каржылоо сыяктуу маселелер талкууланган.

Кыргызстандагы агрардык реформанын 10 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция 2004-жылдын бул күнү Бишкек шаарында ишин баштаган. Илимий конференцияга Шериктеш мамлекеттерден, Европа жана Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын эксперттери, Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы илимпоз-адистер болуп, жалпы жонунан 400 чамалуу адам катышкан.

Крестүүлөрдүн армиясы 1229-жылдын 12-март күнү Иерусалим шаарын ээлешкен.

Бермуд аралдары 1609-жылдын 12-мартында Британия колониясына айландырылган.

Петербургдук Англис жыйыны (Англис клубу) 1770-жылдын 12-мартында түптөлгөн.

Франция мамлекетинин Тунистеги протектораты 1881-жылдын 12-мартында орногон.

Петербург шаарындагы университет имаратында 1896-жылдын 12-мартында А. С. Попов ойлоп чыгарган аспап менен дүйнөдөгү биринчи радиограмма жөнөтүлгөн.

Орусиядагы биринчи эл аралык хоккей оюну 1899-жылдын 12-мартында өткөрүлгөн.

Канберра шаары 1913-жылдын 12-мартында Австралиянын борбору деп аталган.

Советтик Балтика флоту 1918-жылдын 12-март күнү Гелсингфорстон (Хельсинки) Кронштадтка өтүшкөн. Совет тарых наамасына бул окуя «Муз жүрүшү» деп аталган.

Совет-фин согушу 1940-жылдын 12-мартында аяктаган. СССР менен Финляндия ортосунда жетишилген келишимге ылайык Выборг жана Карелия аймактары Советтер Союзуна берилген.

Фашисттердин колдоосу менен 1945-жылдын 12-мартында Берлин шаарында Украинанын улуттук комитети уюшулган.

Советтер Союзунун элдик депутаттар кеңешинин кезексиз чакырылган III съезди 1990-жылдын 12-мартында ишин баштаган.

Чехия, Польша жана Венгрия 1999-жылдын 12-мартында НАТО уюмуна кабыл алынган.
XS
SM
MD
LG