Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

15-март: Тарых барактары


Ил-76 борту Кыргызстанга 90 тонна кыргыз валютасы - сомду жеткирген.
Ил-76 борту Кыргызстанга 90 тонна кыргыз валютасы - сомду жеткирген.

Тынай бий уулу Атаке баатыр 1875-жылдын 23-августунда Орусиянын императору Екатерина II кат жолдогон. Атаке баатырдын катын кыргыз элчилери Абдрахман менен Шергазы жеткиришип, аларды Екатерина II кабыл алган.

Кыргыз элчилигинин Екатерина II тарабынан кабыл алыныш салтанаты, 1786-жылдын 15-мартында камер-курьер журналында жарык көргөн. Екатерина II вице-канцлер Иван Остермандын коштоосу менен чет элдик министрлер менен жолугушуп, андан кийин кыргыз элчилиги менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Жолугушуу учурунда кыргыз элчилиги императрицага Атаке баатырдын белектерин тапшырышкан.

Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу комитетинин биринчи сессиясы 1927-жылдын 15-мартында ишин баштаган.

Кыргызстандагы жеңил өнөр жайдын ыкчам өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында билимдүү адистерди тарбиялоо маселеси күн тартибине коюлган. Ал үчүн билим берүү тармагын өркүндөтүү багыты кошо каралган. Кыргызстан жетекчилиги борбор шаарда жеңил өнөр жай боюнча кечки техникум ачуу маселесин оң чечип, ал окуу жай 1954-жылдын 15-мартында салтанат менен ачылган.

Кайра куруунун эпкини менен башкаруу бийлик системасында өзгөрүүлөр жүрүп, 1990-жылдын 15-мартында Фрунзе шаардык кеңешинин төрагалыгына шайлоо өткөн. Шайлоого Улукбек Чыналиев менен Амангелди Муралиев ат салышып, ал 55 добуш топтоп, Фрунзе шаардык кеңешинин төрагалыгына шайланган.

Кыргыз валютасын колдонууга киргизгенге чейин даярдык иштери жүргүзүлүп, акча Британияда басылганы маалым. Кыргыз жетекчилиги жана банк адистери 1993-жылдын 15-март күнү «Манас» аба майданына конгон Ил-76 учагын тосуп чыгышкан. Ил-76 борту Кыргызстанга 90 тонна кыргыз валютасы - сомду жеткирген. Ошентип эгемен өлкөнүн өздүк валютасынын жүрүшү «Манас» аэропортунан башталган.

Кыргыздын көрүнүктүү сүрөтчүсү, Кыргыз ССР искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Сабырбек Акылбеков 1914-жылдын 15-мартында жарык дүйнөгө келген. Сабырбек Акылбековдун киндик каны Панфилов районунун Кум Арык айылына тамган. Москва шаарындагы «1905-жыл эстелиги» атындагы сүрөт техникумун 1939-жылы бүткөрүп, адегенде С. А. Чуйков, В. В. Образцов, Н. П. Крымов, П. И. Петровичтен таалим алган. Сүрөтчүнүн биринчи чыгармасы 1939-жылы тартылган «Колхоздун короо жайы» аталып, ал адистер арасында татыктуу баасын алган.

15-март Бүткүл дүйнөлүк Керектөөчүлөрдүн күнү. Бул күн керектөөчүлөрдүн укугун коргоп, алардын таламын талашууга арналат. Керектөөчүлөр күнүн белгилөө жөрөлгөсү АКШнын 35-президенти Жон Фицжеральд Кеннединин 1961-жылдын 15-март күнкү тарыхый билдирүүсүнө байланышкан. АКШ президенти «Керектөөчүлөр - бизбиз. Керектөөчүлөр экономикалык чечимдерге таасир тийгизе турган олуттуу экономикалык катмар» деген баасын берген.

Король Теодорих 493-жылдын 15-мартында борбору Равенндеги остготтордун мамлекетин түптөгөн.

Орусия менен Генуя республикасы ортосундагы дипломатиялык мамиле 1712-жылдын 15-мартында орногон.

Император Александр I колдоосу менен 1818-жылдын 15-мартында «Орус империясынын Мамлекеттик уставдык грамотасы» аталган биринчи орус конституциясы иштелип чыккан.

Айтылуу ДнепроГЭСтин курулушу 1927-жылдын 15-март күнү башталган.

А.Гитлер 1933-жылдын 15-мартында Германияда Үчүнчү рейх орногондугун жар салып, солчул маалымдоо каражаттарына тыюу салган. Фюрердин айтымында, Үчүнчү рейх Ыйык Рим империясынын мураскери катары миң жылдарга чейин өкүм сүрүшү каралган.

Н. И. Бухарин, А. И. Рыков, Н. Н. Крестинский сыяктуу ВКП (б)нын көрүнүктүү өкүлдөрү 1938-жылдын 15-мартында сот өкүмүнө жараша атылган.

Фашисттик Германия 1939-жылдын 15-мартында Чехословакияны оккупациялаган.

Египет 1976-жылдын 15-мартында СССР менен достук мамиле туурасындагы келишимди үзгөн.

Рыбинск шаары 1984-жылдын 15-мартында Андропов аталышына өзгөртүлгөн.
XS
SM
MD
LG