Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

Түркстан чөлкөмүнүн Элдик комиссарлар кеңеши 1918-жылдын 16-мартында Кызыл-Кыя жана Сүлүктүдөгү көмүр кендерин мамлекет менчигине алуу туурасында декрет кабыл алган.

Совет өкмөтүнүн мамлекеттик бийлик түзүлүшү, аны менен бирге Кыргызстан сыяктуу улуттук республикалардын маданий өнүгүшү 1921-жылдын 16-мартында ишин жыйынтыктаган РКП (б) X съездинде аныкталган. Партиялык жыйында «Улуттук маселедеги партиянын кезектеги милдеттери» аныкталып, советтик автономиялык системанын курулуш принциптери белгиленген.

Съезд Резолюциясында партиянын негизги милдеттеринин бири катары, орус эмес артта калган калктардын абалын Борбордук Орусия деңгээлине жеткирүү талабы коюлган. Орус эмес калктардын улуттук турмуш шартына жараша мамлекеттик курулушту чыңдоо; улуттук тилдеги сот, администрация, чарба органдарын, бийлик кызматын куруп, аларды өнүктүрүү; улуттук тилдеги маалымдоо каражаттарын, мектеп, театр, маданий мекемелерди өркүндөтүү; эне тилдеги мектеп жана профессионалдык-техникалык билим берүү тармагын жайылтуу маселеси белгиленген.

Кыргыз АССРинин жер жайгаштыруучулардын курултайы 1929-жылдын 16-март күнү Фрунзе шаарында ишин баштаган курултайга Кыргызстан аймагында эмгектенген адистер чакырылып, алар жер маселеси жана аны пайдалануу ыкмалары тегерегинде пикир алмашышкан.

Фрунзе клиникалык ооруканасынын жаңы имаратында 1942-жылдын 16-март күнү госпиталдык хирургия, госпиталдык терапия жана терапия факультети ачылган. Жаңы ачылган окуу практикалык бөлүмдөрдү Советтер Союзуна аттары таанылган профессорлор - Фабрикант, Коган-Ясный Вольский жетектешкен.

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик депертаменти Кыргызстандагы 2005-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын кескин сынга алган. Мамлекеттик департаменттин баамында парламенттик шайлоо арбын мыйзам бузуулар менен коштолуп, бийлик тарабынан ыплас ыкмалар колдонулган.

Болгариядагы православ чиркөө менен диний иерархия 870-жылдын 16-март күнү негизделген.

Португалдык саякатчы Фернан Магеллан жер шаарын айланып сүзүү убагында 1521-жылдын 16-март күнү Филиппиндин жээгине жеткен.

Англиядагы “Узак парламент” аталган бийлик бутагы 20 жыл иштегенден кийин 1660-жылдын 16-мартында таратылган.

АКШ Конгрессинин 1802-жылдын 16-март күнү Вест-Пойнттогу Аскер академиясы уюшулган.

РКП (б)нын X съезди 1921-жылдын 16-мартында соңуна чыккан. Партия жыйынында «согуштук коммунизмден» жаңы экономикалык саясатка өтүү маселеси оң чечилген.

РСФСР менен Түркия ортосундагы достук жана тилектештик келишимине 1921-жылдын 16-март күнү кол коюлган.

Оптико-механикалык трест 1927-жылдын 16-мартында Советтер Союзундагы биринчи көз айнектерди чыгарууга киришкен.

Нацисттик Германия 1935-жылдын 16-мартында милдеттүү түрдө жалпы аскердик чакырууну киргизген. Германия бийлигинин бул демаршы Версал келишимин одоно бузган жана аалам бейпилдигине каршы жасалган чакырык болгон. Версал тынчтык келишими (1919-ж.) Биринчи дүйнөлүк согушту (1914—1918-жж.) жыйынтыктап, Германиянын согуштук күчүн чектеген чечим кабыл алынган.

Горький унаа заводунан лимузин маркасындагы «М-1» биринчи советтик жеңил унаа 1936-жылдын 16-мартында чыгарылган.

СССР ИИМине караштуу социалисттик мүлктү уурдоого каршы күрөшкөн ОБХСС аталган бөлүм 1937-жылдын 16-мартында түптөлгөн.

КПСС БКнын биринчи катчысы Никита Хрущёв 1962-жылдын 16-мартында Советтер Союзу континент аралык ракетасын чыгаргандыгын жар салган.

Казакстандын Республикалык гвардиясы 1991-жылдын 16-мартында негизделген.

Орус Илимдер академиясы 1999-жылдын 16-мартында «астрология, шаманчылык, оккультизм» сыяктуу көз бойомочулукка каршы күрөш жүргүзүү туурасында токтом кабыл алган.
XS
SM
MD
LG