Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:02

17-март Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги негизделген күнү. СССР Жогорку Кеңеши 1944-жылдын февраль айында союздук республикаларга өз алдынча тышкы саясат жүргүзүү багытын ыйгаруу максатында, алар үчүн атайын кызмат уюштурууга жол ачкан мыйзам кабыл алган.

Мыйзамда союздук республикалардын чет элдик мамлекеттер менен эл аралык байланыш куруп, консулдук өкүлчүлүктөрдү ачуу мүмкүнчүлүгү каралган. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин VII сессиясы аталган мыйзам алкагында 1944-жылдын 17-март күнү Кыргыз ССРинин Тышкы иштер Элдик комиссариатын жана Коргоо комиссариатын уюштуруу туурасында мыйзам чыгарылган. Аталган мыйзамда Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы чет элдик мамлекеттер менен өз алдынча мамиле курала тургандыгы белгиленген.

Бул күнү айтылуу адабиятчы, таанымал окумуштуу, көп кырдуу талант ээси Салижан Жигитов 74 жашка чыкмак. С.Жигитов 1936-жылдын 17-март айында Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1951-жылы туулган айлындагы жети жылдык мектепти бүтүрүп, борбор шаардагы айтылуу № 5 орто мектепке келип, 1959-ж. Кыргыз мамлекеттик университеттин филология факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Жогорку окуу жайдын жолдомосуна жараша 1962-1965-жж. Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын тил жана адабият Институтунун аспирантурасында окуп, 1956-ж. кандидаттык диссертацияны, 1992-ж. филология илимдеринин доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

Салижан Жигитовдун жемиштүү эмгек жылдары Илим академиясы, Улуттук университет, Кыргыз энциклопедиясы жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен байланышкан. Убагында ал Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук саясат боюнча мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеди. С. Жигитов 300 чамалуу илимий, илимий популярдуу жана популярдуу макалалардын автору болчу.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында кайгылуу дата катары калган Аксы окуясы 2002-жылдын 17-март күнү болгон. Камакка алынган А.Бекназаровдун тарапташтары буга чейин Кербен, Жаңы жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп, бийлик менен митингчилер арасындагы тирешүү жогорку чыңалуу чегине жеткен. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Бозпиек айлында топтолгон 500 чамалуу адамга каршы ок атып, 5 киши өлүп, 80 чамалуу адам жаракат алган.

17-март Ирландиянын коруучусу Ыйык Патриктин күнү катары белгиленет. Уламыштарга ылайык, ыйык Патрик кайырдин аралга христиан динин алып келип, мындагы жылаандарды жоготкон адам катары бааланат. Бул күнү пиво суудай агып, ыр, күлкү адамдын жан дүйнөсүн ээлейт. Ыйык Патрик майрамы жалаң эле Ирландияда эмес, ирланддар жашаган өлкөлөрдө белгиленет.

Римдик республикачылар менен Цезардын аскерлери ортосундагы Мунддагы согуш б.з.ч.45-жылдын 17-март күнү өткөн. Мунд салгылашында Гай Юлий Цезарь жетектеген аскерлер республикачыл Гней Помпейдин колун талкалап, анын натыйжасында жарандык согуш соңуна чыккан. Испаниянын Мунд жергесиндеги согуш Цезарь үчүн айрыкча маанилүү роль ойногон. Улуу полководец «мен буга чейин нечен жолу жеңиш үчүн согушсам, ал эми Мундда болсо өзүмдүн өмүрүм үчүн салгылаштым» деген. Помпейдин армиясы саны жагынан эле эмес, стратегиялык жактан ыңгайлуу позицияны ээлеп, Цезарь жеңиш үчүн өзү баштап чабуулга чыгып ийгиликке жетишкен.

Стивен Перри 1845-жылдын 17-март күнү эластикалык бинтти патенттеген.

Тарыхчы М.С.Грушевский төрагалык кылган Украина Радасы 1917-жылдын 17-март күнү уюшулган.

А. С. Пушкиндин Михайловск кыштагындагы ээлиги, анын Святогорск монастырындагы мүрзөсү жана аларга жакын жайгашкан Тригорск, Городище менен Воронич айылы 1922-жылдын 17-мартында Мамлекеттик корук деп жарыяланган.

Студенттердин козголоңунан кийин Испан өкмөтү 1929-жылдын 17-мартында Мадрид университетин жапкан.

Англия парламенти 1980-жылдын 17-март күнү Москва Олимпиадасына бойкот жарыялоо чечимин кабыл алган.

СССРди сактап калууга арналган Бүткүл союздук референдум 1991-жылдын 17-март күнү өткөн. Референдум тууралуу чечим СССР Элдик депутаттар кеңешинин төртүнчү чакырылган съезинде кабыл алынган. Референдумга Советтер Союзунун 148, 5 миллион атуулу катышып (79, 5 %), алардын 113, 5 миллиону (76, 43 %) жаңыланган СССРдин сакталып калышы үчүн добуш беришкен. Кыргызстан калкынын 92,9% референдумга катышып, шайлоочулардын 96,4% Союзду сактап калууну колдошкон.
XS
SM
MD
LG