Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

18-март: Тарых барактары


Советтик космонавт Алексей Архипович Леонов
Советтик космонавт Алексей Архипович Леонов

Кыргызстандык маалымдоо каражаттары 1929-жылдын 18-март күнү Нарын кантонунун Кытай менен чектеш жергесинде «Ташраб» деген уникалдуу тарыхый эстеликтин ачылгандыгы туурасында жазып чыгышкан. Буга чейин илимге белгисиз эстелик Ат-Башы тоосунун арасында орун алгандыгы коомчулукка маалым болгон.

Уникалдуу эстеликтин 40 бөлмөдөн тураары белгиленип, кыска аралыкта чара көрүлбөсө тарыхый мурас таштандыга айлана тургандыгы кабарланган. Маалымдоо каражаттарынын белгилөөсүнө караганда, жергиликтүү калк эстеликти сакташтын ордуна, аны мал сарайга айландырышкан.

Кыргызстан президенти Аскар Акаев 2004-жылдын бул күнү Европа биримдигинин тышкы байланыштар боюнча комиссары Кристофер Паттенди кабыл алган. Эки тараптуу сүйлөшүү маалында кызматташууну арттыруу жана аталган биримдиктин Бишкектеги өкүлчүлүгүн ачуу зарылчылыгы белгиленген.

Чуулгандуу парламенттик шайлоодон кийин жер-жерлерде кырдаал курчуп, 2005-жылдын 18-март күнү нааразылык акциясына чыккандар Ош облусунун мамлекеттик администрациясын басып алышкан.

Кыргызстандагы 2005-жылкы парламеттик шайлоо жалаң эле кыргыз коомчулугун эмес, чет элдик мамлекеттердин да бүйүрүн кызыткан. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын өлкөдөгү саясий кырдаалга кийлигишкен доклады интернетте жарыяланып, ал коомчулукту эки анжы пикирге кириптер кылган. Буга байланыштуу Кошмо Штаттардын Бишкектеги элчилиги 18-март күнү атайын билдирүү таратып, интернеттеги маалымат жасалма документ экендигин белгилеген.

«Журналисттердин эмгек укугуна» арналган семинар 2003-жылдын 18-март күнү Нарын шаарында өткөн. Семинар Кыргызстандын журналисттер профсоюзу тарабынан уюштурулуп, анда маалымдоо каражат кызматкерлеринин эмгек укугун коргоо маселелери талкууланган.

Борбордук Азиядагы туризмди өнүктүрүү маселесине арналган симпозиум 2005-жылдын 18-март күнү Ташкент шаарында ишин баштаган. Симпозиумду уюштуруу демилгеси жапон өкмөтү тарабынан көтөрүлүп, анын ишине Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Жапониянын мамлекеттик уюмдары менен ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышкан.

Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын ачкачылык жарыялаган 5 кызматкери 2006-жылдын 18-мартында үч күнгө уланган акцияны токтотушкан. Ачкачылык акциясына чыккандар кыргыз радиосунун жетекчиси Байма Сутенованы кызматтан кетирүүнү талап кылышып, ал оюн бийликке жеткирүүнү көздөшкөнүн билдиришкен.

Монголияда 18-март элдик армиянын күнү катары майрамдалат.

Рим императору Калигула 37-жылдын 18-мартынан баштап бийлик жүргүзүүгө киришкен. Императордук бийликте турганда Калигула жосунсуз жоруктары менен тарыхта калган. Замандаштарынын айтымында, ал адегенде өзүн кудай деп жар салып, кызмат орундарын сатыкка койгон. Андан кийин Калигула жылкыларга жылдык салык киргизип, салык акысын төлөбөй калган жылкыларды тирүүлөй кескилеткен. Калигула муну менен эле тим турбай Инцитата аттуу күлүгүн «бардык кудайлардын ширелиши» деп жарыялап, ага сыйынууга буйрук берген. Калигула Инцитата аргымагын консул кылууга белсенип калган маалда өлтүрүлүп, тарыхта кайталангыс жорук ишке ашпай калган. Император өлтүрүлгөндөн кийин Рим сенаты Инцитатага ыйгарылган укуктарды алуу менен алпурушкан.

Айрым сенаторлор жылкы айрым адамдардан айырмаланып эч кимди өлтүргөн эмес, ал түгүл императорго да жаман кеңеш берген жок деп Инцитатаны жактап чыгышкан. Мындан тышкаары сенаторлор эми Инцитатаны сенаттан кандайча жол менен ажыратуу маселесине кабылышкан. Рим укугуна жараша мөөнөтү бүтмөйүнчө атты да болсо сенаттан чыгарууга уруксат берилген эмес. Ошондо император Клавдий Инцитатанын айлык акысын кесип, аргымакты финансалык ценз менен сенаттан орун алгыс кылып жол таап, атты сенаттан чыгарткан.

Король Сигизмунд III 1596-жылдын 18-март күнү Польшанын борборун Краковдон Варшавага которгон.

Биринчи коомдук транспорт 1662-жылдын 18-март күнү Париж шаарындагы жүргүнчүлөрдү тейлөөгө киришкен. Омнибус аталган 8 орундук каретага ат коштолуп, коомдук транспорт шаардык жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкташтырылган.

Париж коммунасы 1871-жылдын 18-март күнү уюшулган. Улуттук гвардия бул күнү коммунанын курулгандыгын жарыялаган.

Лорд Стэнли 1892-жылдын 18-март күнү Канаданын мыкты хоккей командасы үчүн кубок белгилеген (азыркы Стэнли кубогу).

Голландиянын «Аякс» футболдук клубу 1900-жылдын 18-март күнү негизделген.

РСДРП (б) VIII съезди 1919-жылдын 18-мартында ишин баштап, жыйында партия аталышы РКП (б) болуп өзгөртүлгөн. Мындан тышкаары, дүйнөлүк революцияга багытталган большевиктик программа кабыл алынган.

СССР менен Швеция ортосундагы дипломатиялык мамиле 1924-жылдын 18-мартында орногон.

«Телевизионный клуб кинопутешествий» аталган кино саякатчылардын биринчи берүүсү 1960-жылдын 18-март күнү эфирге чыккан.

Советтик космонавт Алексей Архипович Леонов 1965-жылдын 18-мартында адамзат тарыхында биринчи жолу «Восход-2» кораблинде ачык космоско чыккан.

Кезектеги грузин-абхаз жаңжалы 1989-жылдын 18-мартында башталган.
XS
SM
MD
LG