Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

23-март: Тарых барактары


Кубанын лидери Фидел Кастро (солдо) Совет лидери Леонид Брежнев менен.
Кубанын лидери Фидел Кастро (солдо) Совет лидери Леонид Брежнев менен.

Кыргыздар менен казактардын XIX кылымдын ортосундагы тиреши кыргыздардын жеңиши менен аяктап, казак уруулары Чүй жана Или өрөөндөрүн таштап, Казакстандын ички аймактарына жер которушкан.

Ормон хан ыңгайлуу учурдан пайдаланып 400 чамалуу түтүндү баштап, Или суусунун сол жээги менен Каскелеңдин батыш тарабына көчүп барган. Жасалган ишти расмийлештирүү максатында жана орус бийлиги менен мамиле бузуп албаш үчүн ал 1852-жылдын 23-мартында император Николай I кайрылуу жолдогон.

Кайрылууда мурда аталган аймакта казактардын албан, дуулат уруулары жашагандыгы жана алар жерин таштап, кыпчактарга качкандыгы кабарланат. Мындан ары казактардын кыянатчылыгын чектөө максатында Ормон хан кыргыздарды баштап, бош калган жерге көчүп келгендигин падышага билдирген. Казактардын мындагы таасирин чектеш үчүн Ормон хан Чыгыш Ала Тоо жерин толугу менен кыргыздарга берүү керектигин белгилеген. Кат Чилек суусунун боюнан жазылып, ага Ормон хан менен анын уулу Үмөтаалынын мөөрү басылган.

Кара-Кыргыз автоном облусу уюшулгандан кийин Кыргызстан аймагында уезддик жана шаардык партиялык комитеттер, облустук партиялык бюролор болуп кайра түзүлө баштаган. Партиялык бийлик шатычасын жаңы шартка ылайык уюштуруу максатында 1925-жылдын 23-март күнү Пишпек шаарында 1-облустук партиялык конференция ишин баштаган.

Конференцияда областтык партиялык комитет, областтык көзөмөлдөө комиссиясы жана революциялык комитеттер уюшулган. Мындан тышкары облустагы бай-манаптарга каршы күрөш жүргүзүү, жер-суу реформасын жүзөгө ашыруу сыяктуу маселелер талкууга алынган.

Кыргыз автоном облусунун I партиялык конференциясы 1925-жылдын 23-март күнү ишин баштаган.

Кыргыз мамлекеттик салтынын түптөлүшүнө 1937-жылдын 23-мартында кабыл алынган Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Конституциясы маанилүү ролду ойногон. Кыргыз ССР Кеңешинин V съездинин 23-март күнкү жыйынында курамы 101 адамдан турган конституциялык комиссия уюушулган.

Комиссияга Кыргызстан компартиясынын жаңы биринчи катчысы Аммосов, Жээнбаев, Исакеев, Эсенаманов сыяктуу жооптуу кызматчылар кирген. Конституцияда Кыргызстанда социализм толук жеңди деп тыянак чыгарылып, баш мыйзамда Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп кайра уюштурулушу мыйзам түрүндө бекитилген.

Парламенттик шайлоодон кийин курчуган ички абалды калыбына келтирүү максатында президент Аскар Акаев 2005-жылдын 23-март күнү кадрдык алмашууларды жасоого барган. Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Мурат Суталинов келген.

Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков башка кызматка которулгандыгына байланыштуу анын ордуна вице-премьер-министрдин жана ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Кеңешбек Дүйшөбаев дайындалган.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Мурат Суталинов 2005-жылдын 23-март күнү Кыргызстандагы саясий кырдаалдын курчушуна оппозиция күнөөлүү экендигин билдирген. Анын пикирине ылайык өлкөнүн түштүгүндөгү бийлик кылмыштуу топтун колуна өтүп, оппозиция Ош жана Жалал-Абаддагы кырдаалды башкара албай калган. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу мындай кырдаалга тиешеси бар 500 чамалуу адамга укуктук жаза колдонула тургандыгын белгилеген. Анын ичинде бийликке каршы аракет көрүп, мамлекеттик мекемелерди басып алууну уюштурган, өлкөнү баш аламандык сазына батырып, өзүмбилемдикке жол берген 50дөй адамга 10 чамалуу берене боюнча кылмыш иши козголот деп айткан.

Казак Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев 2005-жылдын 23-мартында Кыргызстан калкына кайрылуу жолдогон. Кайрылууда Кыргызстанда курчуган саясий кырдаалга кабатылануу билдирилип, казак президенти кыргыз элин ынтымакка чакырган.

Ушул эле күнү Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын түштүгүндө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кабатырланган билдирүү тараткан.

Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк метеорологдордун күнү. Метеорологдордун күнүн белгилөө жөрөлгөсү Бүткүл дүйнөлүк метеорологдор уюмунун 1950-жылдын 23-мартта кабыл алынган Конвенциясына ылайык жасалып келет.

Бир тууган Райттар 1903-жылдын 23-март күнү биринчи учакка патент алышкан.

Немис аскерлер 1918-жылдын 23-марттан баштап Париж шаарын «Чоң Берта» аталган эбегейсиз пушкалар менен аткылап башташкан. Салмагы 126 тонналык пушканын сайы 34 метрге жетип, ал 120 килограммдык ок менен аткан. Жарым жыл аралыгында немистер Парижге 120 километр алыстыктан 351 ок чыгарышып, андан 256 адам өлүп, 620 киши жаракат алган.

Бенито Муссолини 1919-жылдын 23-март күнү Милан шаарында «Фашио ди комбаттименто» аталган «Күрөш союзун» уюштурган. Ошентип дүйнөгө алаамат алып келген биринчи фашисттик уюм пайда болгон.

Германияда 1933-жылдын 23-мартында Адолф Гитлерге кошумча ыйгарым укук берген мыйзам кабыл алынган. Ошентип Гитлер мыйзамдуу түрдө Германиянын диктаторуна айланган. Кыска аралыкта профсоюз уюму таратылып, нацисттик партиядан башка бардык саясий партиялардын ишине тыюу салынган.

КПСС Борбордук комитетинин башкы катчысы Л. И. Брежневдин өмүрүн кыскарткан окуя 1982-жылдын 23-март күнү Ташкент авиациялык заводунда болгон. Л. И. Брежнев Өзбекстанга Ленин орденин тапшыруу максатында Ташкентке барган.

Сапар маалында Ташкент авиациялык заводунун эмгек жамааты менен жолугушуу каралган. Бирок баш катчынын чарчаган абалына байланыштуу жамаат менен жолугушуу токтотулган.

Эртең менен Брежнев Ташкенттеги эки ишкана эмгекчилери менен жолугушуп, кайра резиденцияга баратканда кокустан саатына карап, Рашидовго кайрылып, «түшкү тамакка чейин дагы убакыт бар экен. Биз заводго келебиз деп убада бергенбиз. Адамдар чогулуп бизди күтүп жатышса керек. Туура болбой калат. Ар кандай сөздөр чыгат... Барып келели», деген экен. Жергиликтүү коопсуздук кызматы кайра келип, заводдогу кырдаалды көзөмөлдөгөнгө жетише албай, ал эми заводдун радиосунан Л. И. Брежнев ишканага келди деп кабарлап салган. Жумушчулар иштерин таштап, Брежнев менен жолугушканга ашыгып, баш аламандык башталган.

Өлкө жетекчиси учактын канатынын алдынан өтөөрдө ишчилер аны көрүү үчүн ал жакка жулкунуп, тирөөч көтөрө албай учактын иш аянты төмөн кулаган. Сынган темирдин учу Л. И. Брежневдин кулагын тилип, акырегин сындырган. Дарыгерлер баш катчыны ооруканага жаткырууну талап кылышкан. Бирок Москвага кайтып келгенден эки күн өтпөй Л. И. Брежнев дагы бир башка салтанатка катышкан. Сырттан караганга Брежнев мурунку күнү катуу ичип алгандай көрүнүп, калк арасында күдүк сөздөр көбөйгөн.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Роналд Рейган 1983-жылдын 23-мартында «Жылдыздар согушу» аталган пограмманын алкагында жасалчу америкалык ракетага каршы коргонуу системасынын курулушу башталгандыгын жар салган.
XS
SM
MD
LG