Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:05

Кыргыз обком партиясынын кезектеги IX пленуму 1937-жылдын 25-март күнү ишин баштаган. Кыргызстандык коммунисттер ВКП (б) Борбордук комитетинин февраль-март пленум чечимдерин талкуулашкан.

Пленумда обком партиянын биринчи катчылыгына жаңыдан дайындалган М. К. Аммосов сөз сүйлөп, улутук кадрларга көңүл буруу зарылчылыгын жана аларга колдоо көрсөтүлүш керектигин белгилеген. Пленум чечимине ылайык Орозбеков менен Эсенаманов обком партиянын бюро мүчөлүгү калыбына келтирилген.

Пишпек уезддик Элдик депутаттар кеңешинин аткаруу комитети 1919-жылдын 25-март күнү «Нан баасынын ыксыз көтөрүлгөнүнө байланыштуу уезддин калкын ачарчылыктан сактоо үчүн шашылыш чара көрүү» туурасында токтом кабыл алган. Совет бийлиги ал үчүн Пишпек уездинде 1000 тешеге жалаң буудай айдоо ишин пландаштырган.

Кыргызстан журналисттеринин I съезди 1959-жылдын 25-март күнү өткөн. Жаңы уюм 8 республикалык, 4 облустук, 64 шаар жана райондук, 13 журнал, КырТАГ, радио жана сыналгынын 270 алдыңкы журналисттеринин башын кошкон.

Жыйынга Кыргызстандын бардык тармактагы жетекчилери катышкан жана журналисттерге «партиялык уюмдарга жардам берип, болгон күчтү коммуниздин курулушуна арнагыла» деген тапшырма жүктөлгөн. Журналисттердин съезди Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин жыйын залында өтүп, совет бийлиги маалымдоо каражатына болгон мамилесин ушундай мааниде түшүндүргөн.

Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев 1994-жылдын 25-март күнү «Жеке ишкердикти коргоо жана өнүктүрүү чаралары» туурасындагы жардыкка кол койгон. Жаңы жардыкка ылайык жеке ишкерлердин өлкө экономикасы үчүн салымын арттыра турган жана өздүк капиталын көтөрө турган жоболор белгиленген. Мындан тышкары жаңы акча алмаштыруу пунктарын ачылышы үчүн тоскоолдуктар азайтылган.

Шаңхай Кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин улуттук координаторлор кеңешинин кезектеги жыйыны 2003-жылдын 25-март күнү Чолпон-Ата шаарында ишин баштаган. Жыйын ишине Шаңхай Кызматташтык уюмуна кирген Кыргызстан, Орусия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин өкүлдөрү катышып, анда уюмдун катчылыгы, каржылоо маселеси жана регионалдык антитеррордук структураны аныктоо сыяктуу маселелер талкууланган.

Борбордук Азиядагы бейөкмөт уюмдардын үч күндүк конференциясы 2004-жылдын 25-мартында Бишкек шаарында ишин баштаган. Конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын бейөкмөт уюмдары чакырылып, алар акыйкат башкаруу менен бейөкмөт уюмдардын мамилеси тегерегинде пикир алмашышкан.

Бишкек шаарындагы Демократиялык коопсуздук кеңешинин кеңсеси 2004-жылдын 25-март күнү салтанат менен ачылган. Демократиялык коопсуздук кеңеш кеңсесинин ачылыш салтанатына президент Аскар Акаев катышып, Кыргызстанда үлгүлүү демократиянын орнооруна ишеним арта тургандыгын билдирген.

Кыргызстандагы бийлик алмашкандан кийин 2005-жылдын 24-мартынан 25-мартка караган түнү Бишкек шаарында талоончулук орун алган. Борбордогу өкмөт үйүнөн башталган талоончулук түнкү каракчылык менен уланган. Бишкектеги айрым дүкөндөрү тонолуп, кээси түбү менен өрттөлгөн. Түнкү каракчылыктан 3 адам каза болуп, 164 киши жаракат алып, алардын 98и ооруканага жаткырылып, алтооно операция жасалган.

Кыргызстандын президентинин жана өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 25-мартта алгачкы бир нече жардыкка кол койгон. Жардыкка ылайык Кыргызстандын мамлекеттик катчылыгына Дастан Сарыгулов, президенттик администрациянын жетекчилигине Үсөн Сыдыков, Ош облусунун губернаторунун милдетин аткарууга Анвар Артыков, Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткарууга Жусупжан Жээнбеков, Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткарууга Тургунбек Кулмурзаев жана Башкы прокурордун милдетин аткарууга Азимбек Бекназаров дайындалган.

Андан тышкары ички иштер министринин милдетин аткарууга Мыктыбек Абдылдаев, Юстиция министринин милдетин аткарууга Эркинбек Мамыров, Коргоо министринин милдетин аткарууга Исмаил Исаков, транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткарууга Ишенбай Кадырбеков, Тышкы иштер министринин милдетин аткарууга Роза Отунбаева жана президенттин иш башкаруу башкармасынын жетекчисинин милдетин аткарууга Акылбек Дүйшөмбиев бекитилген.

Бүгүн кант кызылчасын өстүрүүчөлөрдүн майрамы. Наполеон Бонапарттын тушундагы согуштарга байланыштуу Вест-Индиядан ташылып келчү кант тростниги континенталдык Европага түшпөй калган. Император Наполеон Бонапарт 1811-жылдын 25-мартында кант кызылчасын өстүрүү үчүн 80 000 акр жер бөлүп, айыл чарба адистерин окутуу жана кант заводун куруу туурасында декрет кабыл алган. Ошентип буга чейин малга берилип келген кант кызылчасы императордун жардыгы менен бакча маданиятына айланган.

Эки күн мурда эле Рим папалыгына шайланган Стефан (II) 752-жылдын 25-март күнү капыстан дүйнөдөн кайткан.Күтүүсүз окуядан улам ал керектүү расмий жол-жоболордон өтпөй, ал түгүл жаңы папанын ысмы понтификтер тизмесине киргизилбей калган. Мындан улам тарыхта ал кээде Стефан II же Стефан III деп жазылып келет.

Индия менен Малаккини басып алыш үчүн жабдылган португалдык экспедиция 1505-жылдын 25-мартында Лиссабондон жолго чыккан. Португалдык экспедициянын негизги максаты Индияга багыт алган сода байланышындагы египет-араб үстөмдүгүн жою болгон. Ал үчүн Индиянын вице-королу деген кызмат ачылып, ага экспедиция жетекчиси Франсишку Алмейда дайындалган. Экспедицияга 22 кеме жабдылып, 1500 аскер камдалган. Экспедиция курамына кирген Фернан Магеллан кийин дүйнө жүзүн айланып чыккан.

Борис Годунов 1604-жылдын 25-мартында сургуттук казак башчысы Гавриил Писемской менен тобольсктук стрелецтердин жетекчиси Василий Тырковду Томь дарыясынын жээгине чеп куруу үчүн жөнөткөн.

Жетинчи антифранцуздук коалиция (Орусия, Британия, Австрия жана Пруссия) 1815-жылдын 25-март күнү түптөлгөн.

Греция 1821-жылдын 25-март күнү Осмон империясына болгон күңкордугуна кутулуп, боштондукка жетишкен.

Орусиядагы Убактылуу өкмөт 1917-жылдын 25-март күнү өлүм жазасын жойгон токтом чыгарган.

Белоруссиянын улутчул партиялары менен коомдук кыймылдары 1918-жылдын 25-мартында Орусияга баш ийбеген Белорус Элдик Республикасынын уюшулгандыгын жар салышкан.

Литванын улуттук валютасы эсептелген лита 1941-жылдын 25-март күнү советтик рублге алмашылган.

Советтик аскерлер 1944-жылдын 25-мартында Проскуров (азыркы Хмельницкий) шаарын бошотушкан.

Латвиянын миңдеген адамдары 1949-жылдын 25-март күнү Сибирге күчтөп көчүрүлгөн.

Бельгия, Батыш Германия, Франция, Италия, Люксембург жана Нидерландиянын мамлекет башчылары 1957-жылдын 25-март күнү Рим шаарындагы Капитолий дөбөсүндө орун алган Гораций жана Куриаций сарайында Европалык экономикалык кызматташуу уюмун түзүү туурасындагы келишимге кол коюшкан.

Экономикалык тартыштык айынан Англиянын юмористтик «Панч» журналы 1992-жылдын 25-март күнүнөн тарта чыкпай калган.
XS
SM
MD
LG