Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:38

26-март: Тарых барактары


RВладимир Владимирович Путин 2000-жылдын 26-март күнү Орусия Федерациясынын президенти болуп шайланган.

RВладимир Владимирович Путин 2000-жылдын 26-март күнү Орусия Федерациясынын президенти болуп шайланган.

Совет мамлекети түптөлүп, партия жар салган улуттук автономия идеясына жараша кыргыз калкынын прогрессивдүү инсандары Советтер Союзунун курамында мамлекет түптөө идеясын көтөрүп чыгышкан. Алардын демилгесине ылайык Түркстан Республикасынын Борбордук Аткаруу комитетинин кичи президиуму 1924-жылдын бул күнү Тоолуу облустун уюшулушу туурасында чечим чыгарган.

Тоолуу облус курамына Жети-Суу облусундагы Пишпек, Каракол, Нарын уездери жана Сырдарыя облусунун Олуя ата уездине караштуу тоолуу аймактары кирген. Ал эми Түркстан Республикасынын Борбордук Аткаруу комитети Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыздардын тагдырын мында кулач жайган басмачылык кыймылга байланыштуу кийинкиге калтырган.

Кара-Кыргыз автоном облусунун Биринчи Уюштуруу курултайы мамлекеттик уюшулуштан тарта, билим берүү тармагы жана кыргыз алфавитине чейинки татаал маселелердин ажаатын ачкан.

Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдү көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Абдыкерим Сыдыков 1925-жылдын 26-март күнү Бүткүл Союздук борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы Серафимовдун баяндамасы боюнча жарыш сөзгө чыккан.

А. Сыдыков Кыргызстандагы жер реформасы жана кыргыздарды отурукташтыруу проблемасы тегерегинде бир канча олуттуу көйгөйлөрдү көтөргөн. Анын бири - падышалык мезгилде пайда болгон орус жер которуучулары менен жергиликтүү калктын мамилеси жана жер иштетүүнүн өндүрүмдүүлүгүн арттыруу керек экендигин белгилеген.

Кыргыз АССР Элдик комиссарлар кеңешинин 1928-жылдын 26-марттагы чечимине ылайык мамлекеттик кызматкерлердин «окуу сааты» белгиленген. Мамлекеттик кызматкерлер эртең мененки 8ден түшкү 2 жарымга чейин үй-бүлөсүнүн жанында калып, сабатын арттырууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Нарын облусунун Сары Булак жергесинде 2003-жылдын 26-марттан 27-мартка караган түнү 21 адам өлтүрүлүшү коомчулукту кыжаалат кылган. Каргашага кабылган адамдар Кытайга каттаган ишкерлер экендиги жана аларды ташыган автобус өрттөлүп, кылмыш жасалган жерде автомат октору табылган.

Чүй өрөөнүнүн Кемин районунда 2005-жылдын 26-мартында эл толукуп, 1000ге жакын адам Бишкекти карай багыт алышкан. Алар өлкөдөгү Конституциялык түзүлүштүн бузулбастыгын талап кылышкан. Жүрүш катышуучулары түштөн кийин Чүй өрөөнүнүн Чымкоргон айылына чейин келип токтошкон. Алар менен Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова жана Чүй облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Тургунбек Кулмурзаев жолугушкандан кийин жүрүшкө чыккандар үйлөрүнө тарашкан.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 2005-жылдын 26 март күнү чукул өткөрүлчү президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктаган. Эл өкүлдөр жыйынынын бүтүмүнө ылайык чукул өткөрүлчү президенттик шайлоо ушул жылдын 26-июнга белгиленген.

Британияда бүгүн Энелердин күнү белгиленет. Майрам башаты викториандык мезгилден башталат. Ал убакта жаш жеткинчектер каражат табуу үчүн сыртта иштешип, акчаларын үйлөрүнө жиберчү. Аларга жылда бир күн үйүндө болууга уруксат берилгендиктен, балдар адатта энелери же чоң энелерине белек алып келишчү. Мындай адат кийин майрамдык салтка айланган.

Советтер Союзундагы Сталиндин сыйлыгы 1941-жылдын 26-мартында киргизилген. Кийин ал Мамлекеттик сыйлык болуп өзгөртүлгөн.

Америкалык дарыгер Жонас Эдвард Солк 1953-жылдын 26-март күнү полиомиелитке каршы вакцинанын ийгиликтүү сыноодон өткөндүгүн билдирген.

«Немистер менен боярларга» каршы чыккан козголоңду басыш үчүн граф Шереметьев жетектеген аскерлер 1706-жылдын 26-март күнү Астрахань шаарына кирген.

Англия 1668-жылдын 26-март күнү Бомбей шаарын ээлеген.

Киев шаарына келген Екатерина II 1787-жылдын 26-март күнү анын Орусиянын түштүгүнө жасаган сапарынын урматына медаль чыгарууга буйрук берген.

Император Николай I 1848-жылдын 26-мартында «Манифест» жарыялаган. Падышалык «Манифест» Париждеги февраль революциясы Париж жана Венадагы революциялык козголоңго байланыштуу кабыл алынып, анда «Орусия Европанын бастиону, ошондуктан эч кандай революциялык таасирге кабылбайт» деп айтылган.

Париж коммунасынын кеңеши 1871-жылдын 26-март күнү түптөлгөн.

Златаустта козголгон жумушчулар падышачылык аскерлер тарабынан 1903-жылдын 26-март күнү атылып, бул окуя тарыхта «Златоуст кыргыны» деп аталып калган.

Орус империясындагы Мамлекеттик Думага шайлоо 1906-жылдын 26-март күнү башталган.

СССР Элдик Комиссарлар кеңеши 1928-жылдын түзөтүү-эмгек колонияларын көбөйтүү туурасында токтом кабыл алган.

Англия 1934-жылдын 26-март күнү унаа айдоого экзамен киргизген.

Америка Кошмо Штаттары 1948-жылдын 26-март күнү социалистик өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө стратегиялык товарларга эмбарго киргизген.

Л. П. Берия 1953-жылдын 26-мартында Коммунисттик партиянын Борбордук Комитет Президиумуна советтик түрмөдө жаткандардын жарымына мунапыс берүү туурасындагы токтом долбоорун сунуш кылган.

Советтер Союзунун өкмөтү 1954-жылдын 26-март күнү ГДР өлкөсүнүн толук эгемендигин тааныган билдирүү жасаган.

Советтер Союзунун өкмөтү 1956-жылдын 26-март күнү кош бойлуулук дем алууну 77ден 112 күнгө көбөйткөн.

Египет мамлекетинин президенти Анвар Садат 1976-жылдын 26-март күнү советтик аскер кемелеринин египеттик портторго кирүүсүнө тыюу салган.

Советтер Союзундагы биринчи альтернативалык шайлоо 1989-жылдын 26-март күнү өткөн.

Шенген келишимине ылайык Европа Биримдигине кирген жети өлкөдө чек аралардагы визалык көзөмөл 1995-жылдын 26-март күнү жоюлган.

Владимир Владимирович Путин 2000-жылдын 26-март күнү Орусия Федерациясынын президенти болуп шайланган.

Бамиан провинциясында орун алган ченемсиз көлөмдөгү Будданын кыйратылган айкелдерин Ооганстандагы Талибан кыймылынын өкүлдөрү 2001-жылдын 26-март күнү журналисттерге көрсөтүшкөн.
XS
SM
MD
LG