Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:29

30-март: Тарых барактары


Бул күнү Эдуард Стекл Аляска жарым аралын АКШга сатылышы туурасындагы келишимге кол койгон.
Бул күнү Эдуард Стекл Аляска жарым аралын АКШга сатылышы туурасындагы келишимге кол койгон.

Кара-Кыргыз автономиясынын облустук кеңешинин I Уюштуруу курултайы 1925-жылдын 30-март күнү ишин аяктаган. Курултайга облус аймагынан 135 делегат чакырылып, алардын 81и кыргыз, 29у орус, калгандары башка калктардын өкүлдөрү болгон.

Облустук революциялык комитеттин жоюлушуна байланыштуу, 30-март күнү 63 адамдан турган Аткаруу комитети уюшулган. Облустук кеңештин уюштуруу курултайында «Кара-Кыргыз автономиялык облусунун жобосу» талкууга алынган. Облустук жобону, тактап айтканда Конституцияны иштеп чыгуу үчүн курамында Айдарбеков, Абдрахманов, Каменский, Султанаев жана Кизин турган атайын комиссия уюшулган.

Атайын уюшулган комиссияга, Кара-Кыргыз автоном облусу деген аталыштан «Кара» сөзүн алып, өлкө аталышы расмий түрдө Кыргыз Автономиялык облусу деп жазылсын деген тапшырма жүктөлгөн. Мындан тышкары Өзбекстандын Хожент уездине караштуу кыргыз болуштуктарын Кара-Кыргыз облусуна кайтарылыш маселеси козголгон.

Совет мезгилиндеги кандуу кезең арасынан адамга жасалган мыкаачылык жагынан 1937-1938-жылдар башка убактан айрыкча айырмаланып турат. Сталиндик кандуу террордун башы 1937-жылдын февраль-март айында өткөн пленумда аныкталган. Пленумдун материалдары жарыяланбагандыктан советтик тарых илиминде анын максат, милдеттери буга чейин беймаалым бойдон калып келген.

И.В.Сталиндин партия пленумунда жасаган негизги доклады «Советская Киргизия» гезитинин 1937-жылдын 30-март күнкү санына жарыяланган. Ушул күндөн баштап, «эки жүздүүлөр», «зыянкечтер», «тамырын кыркыш керек», «талкалоо зарыл» деген сөздөр мамлекеттик деңгээлде колдонулган жана айрыкча саясий каралоо маанисин ташыган лексикага айланган.

Кыргыз Автономиялык облусунун Борбордук Аткаруу комитетине караштуу өспүрүмдөр комиссиясы 1929-жылдын 30-мартында борбор шаарда даяр көйнөктөр сатылчу биринчи дүкөн ачкан.

Кыргызстандын борбор шаарындагы биринчи планетарий 1974-жылдын 30-март күнү салтанат менен ачылган. Республиканын куруучулары жаңы имаратты Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына арнап, анда аалам системасы туурасында даректүү тасмалар көрсөтүлүп, адистер космос жөнүндө дарстарды окуп турушкан.

Америка Кошмо Штаттарында 30-мартта Дарыгерлердин күнү белгиленет. Дарыгерлер күнү биринчи жолу 1933-жылдын 30-марттында өткөн. Бул күндү белгилөө идеясын Чарльз Элмонд аттуу дарыгердин зайыбы Эодора Элмонд көтөрүп, кийин ал коомчулуктун колдоосун тапкан.

Палермодогу фестиваль маалында жергиликтүү кызды шылдыңдаган француз аскеринин айынан Сицилиянын калкы козголуп, 1282-жылдын 30-март күнү алар 2 миң француз аскерин өлтүрүшкөн.

Британ парламенти 1775-жылдын 30-март күнү Түндүк америкалык колонияларга Англиядан башка мамлекеттер менен соода жасоого тыюу салган мыйзам кабыл алган.

Жоржия штатынын Жефферсон шаарынын дарыгери Кроуфорд Уильямсон 1842-жылдын 30-март күнү биринчи жолу медициналык практикада эфирди анестезиялык каражат катары колдонгон.

Кырым согушу 1856-жылдын 30-мартындагы II Париж тынчтык келишими менен жыйынтыкталган. II Париж тынчтык келишимине Орусия, Британия, Франция, Осман империясы, Сардиния, Австрия жана Пруссия кол койгон. Келишимге жараша Осман империясы Севастополь жана башка Кырымдагы союздаш мамлекеттер басып алган шаарлардын ордуна Карс, Молдава княздыгын, Түштүк Бессарабия менен Дунайдын куймасын алган.

Орусиялык дипломат, барон Эдуард Стекл 1867-жылдын 30-март күнү Вашингтон шаарында Аляска жарым аралын Америка Кошмо Штаттарына сатылышы туурасындагы келишимге кол койгон. Келишимге ылайык орус-америкалык компания Кошмо Штаттарга Алясканы 7 миллион 200 миң долларга кармата берген.

Падышалык Орусия Аляска менен Алеут аралдарынан мурда эле кутулууну каалаган. Аляскадагы орус колониясы ал убакта 600 адамга жетип, өлкө казынасы алыскы аймакты коргоого күчү келген эмес. Падышалык бийлик алыскы аралдарды коруганга караганда Амур жээги менен Орто Азиядагы ээликтерин кеңейтүүнү самаган. Американын өзүндө да жарым аралды сатып алуу идеясы кызыгуу туудурган эмес.

Алясканы сатып алуу маселеси Кошмо Штаттардын Сенатында болгону бир добуш артыкчылык менен кабыл алынган. Сенатор Ч. Самнер жаңы территорияны сатып алуу керектигин жактап, ал үчүн «Аляска», тактап айтканда «Чоң жер» терминин колдонгон. Аляскада качан алтын жана башка минералдык кендердин бай запасы табылгандан кийин америкалыктар терисине батпай сүйүнүшкөн. Орустар болсо ошол күндөн азыркыга чейин Американын колтугундагы стратегиялык маанилүү аймактан айрылганына бармагын тиштеп келишет.

Франция мамлекетиндеги иезуиттердин ишкердигине 1880-жылдын 30-мартында тыюу салынган.

«Правда» гезити биринчи жолу «ТАСС билдиргенге ыйгарым укуктуу» («ТАСС уполномочен заявить») деген сөздү 1934-жылдын 30-март күнкү санында колдонгон.

Советтер Союзунун Коргоо министрлиги 1967-жылдын 30-март күнү космоско каршы коргонуу күчтөрүн курган.

Канада өлкөсүндөгү биринчи метро 1954-жылыдн 30-март күнү Торонто шаарында ачылган.

Владимир Мотылдын «Чөлдүн боз күнү» ("Белое солнце пустыни") аттуу тасма 1970-жылдын 30-мартта экранга чыккан.

1981-жылдын 30-мартында Америка Кошмо Штаттарынын президенти Роналд Рейганга кол салуу болгон. Жон Хинкли аттуу 25 жаштагы жигит президентке ок ачып, Рейган оор жараат алган.

Советтер Союзу 1981-жылдын 30-марттында биринчи жолу жайкы убакытка өткөн.

Беларус президенти А. Лукашенко 1995-жылдын 30-мартында парламентти таратыш үчүн референдум өткөрө тургандыгын билдирген.
XS
SM
MD
LG