Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:44

Кыргызстандын биринчи Конституциясы 1929-жылдын 3-апрелинде кабыл алынган. Бул күнү Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын Экинчи Кеңешинин жыйыны өтүп, анда сунуш кылынган Баш мыйзам бир добуштан жактырылган.

Көчмөн жана жарым көчмөн кыргыздарды отурукташтыруу максатында 1931-жылдын 3-апрелинде Республикалык комитет уюшулган. Комитет Кыргыз АССРинин Наркоматына караштуу айыл чарба жана отурукташуу секторуна карап, ал кыргыздардын жер алып, чарба күтүп айыл, кыштактарда турмуш куруу үчүн иш алып барган.

Отурукташтыруу Комитетинин ишкер аракетинин натыйжасында кыргыздар кыска аралыкта көчмөн чарбадан отурукташкан маданиятка өтүп, сабатсыздыкты жоюу сыяктуу цивилизация өрнөктөрү менен таанышкан. Мындай аракет жана ушул убактан тарта Кыргызстандын азыркы айыл-кыштактары түптөлүп, шаарлар курулушуна багыт берилген.

Фрунзе шаардык кеңеши 1938-жылдын 3-апрелинде көчө өсүмдүктөрүн жана бакчаларды сугаруу убактысын аныктаган. Шаардык кеңештин чечимине ылайык сугат иши эртең менен саат 6-9га чейин, кечкисин саат 6-9га дейре жүргүзүлүш керектиги белгиленген.

Кыргыз ССР илим комиссиясы жана агартуу наркомунун демилгеси менен 1941-жылдын 3-апрелинде «Кыргыздар жана Кыргызстандын тарыхы» аттуу I илимий конференция өткөн. Илимий конференцияга Москва, Ленинград шаарларынын илимпоздору жана жергиликтүү окумуштуулар катышып, кыргыздардын байыркы мезгилден XX кылымга чейинки саясий, этникалык тарыхын тактоо туурасында пикир алмашкан.

СССР география коомунун илимий Кеңеши 1947-жылдын бул күнү Кыргызстандын география коомунун филиалын ачуу туурасында чечим кабыл алган. Кыргызстан географиялык коомунун филиалы башында Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтуна баш ийип, кийин ал Кыргыз Илимдер академиясынын курамына киргизилген.

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши 1951-жылыдын 3-апрелинде «Эмгек сиңирген агроном» жана «эмгек сиңирген ирригатор» наамдарын тапшыруу чечимин кабыл алган. Жогорку Кеңештин чечимине ылайык, ал наамдарга арзыгандар жогорку билимдүү жана өз тармагында 15 жыл үзүрлүү эмгектениши керек болгон.

Кыргызстан эгемен алгандан кийинки активдүү тышкы саясатынын жүзөгө ашырылышына 90-жылдардын башталышындагы Европалык Биримдик менен болгон кызматташуусу маанилүү роль ойногон. Кыргызстан менен Европалык Биримдик ортосундагы мамиле 1992-жылдын 3-апрелинде кол коюлган эки тараптуу Меморандумга негизделет. Меморандумда эки тараптуу кызматташуу, эгемен Кыргызстандын демократиялык талаптарга ылайык өнүгүүсү сыяктуу негизги маселелер каралган.

Кыргыз парламентарийлери 2005-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынынын биринчи президенти Аскар Акаев менен Москва шаарында сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Сүйлөшүү президенттин бийлик ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу маселесине арналып, анын натыйжасында Аскар Акаев эки тараптуу протоколго кол койгон. Протоколдо биринчи президенттин укуктарын коргоого байланышкан төрт шарт каралган.

Христофор Колумбдун төртүнчү экспедициясы 1502-жылдын 3-апрелинде башталган.

Учу кыйыры көрүнбөгөн франко-испандык согуштун соңу 1559-жылдын 3-апрелинде токтогон. Бул күнү эки тарап Като-Камбрезийлик келишимге кол коюшуп, 65 жылга уланган согуш жыйынтыкталган.

Француз королу Людовик XIV 1669-жылдын 3-апрелинде Канадада дайыма кызмат өтөй турган милицияны куруу туурасында буйрук берген.

София шаары 1879-жылдын 3-апрелинде Болгариянын борбору аталган.

Британиядагы калк саноонун жыыйынтыгы 1911-жылдын 3-апрелинде чыгарылган. Он жыл ичинде өлкө калкынын саны 9,1 % өсүп, 45 216 665 адамга жеткен.

В. И. Ленин 1917-жылдын 3-апрелинде Финляндия аркылуу Петроградга келген. Февраль революциясынын маалында ал Швейцарияда жүргөн. Германия империясы Орусия менен согушуп жатканына карабастан В. И. Ленин жана анын шакирттерине берешендик менен пломбаланган вагонду берген. Согуш маалына карабастан алар Германиянын аймагы аркылуу Финляндияга жашыруун кирип, андан Петроград шаарына жеткен. Петроград кеңеши Совети В. И. Ленинди шаң салтанат менен тосуп алган. “Революционерге” деп броневик тартылып, В. И. Ленин анын чокусунан дүйнөлүк тарыхтын өнүгүү нугун өзгөрткөн жалындуу сөз сүйлөгөн.

РКП (б)нын XI съезди 1922-жылдын март айынын соңу жана апрелдин башталышында өткөн. РКП(б)нын 3-апрелиндеги пленумунда партиянын Башкы катчы кызматы киргизилип, В. И. Лениндин сунушуна ылайык, И. В. Сталин бул кызматка шайланган.

Советтик хирург Юрий Юрьевич Вороной 1932-жылдын 3-апрелинде дүйнөдө биринчи жолу бөйрөктү жалгаштырууга операция жасаган.

АКШ президенти Гарри Трумэн 1948-жылдын 3-апрелинде «Маршаллдын планын» жактырган. Маршалл планына жараша европалык 17 өлкө 4 жыл ичинде 13,15 млрд доллар (АКШнын улуттук продуктысынын 5 %) көлөмүндө финансалык жардам алган. Ошентип согуш запкысын тартып, чалдыбары чыккан мамлекеттер кыска аралыкта экономикасын оңдоп алууга жетишкен. Британдык тарыхчы Арнолд Тойнби «Маршаллдын планын» азыркы убактын эң жогорку жетишкендиги катары баалаган.

“Луна-10” аттуу советтик автоматтык станция 1966-жылдын 3-апрелинде дүйнөдө биринчи болуп Айды айланган орбитага чыккан.

Америкалык шахматист Бобби Фишер 1975-жылдын 3-апрелинде шахмат боюнча дүйнө чемпиондугу титулунан ажыратылган. ФИДЕнин катаал чечими Бобби Фишердин Анатолий Карпов менен дүйнө чемпиондугу үчүн оюндан баш тарткандыгына байланыштуу чыгарылган.

Кытай Элдик Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1979-жылдын 3-апрелинде Советтер Союзуна нота жолдогон. Кытайлык тарап 1950-жылы И. В.Сталин менен Мао Цзэдун тарабынан кол коюлган «Достук жана өз ара жардамдашуу келишиминен» бир тараптуу чыга тургандыгын билдирген.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баш кеңсесинде 1987-жылдын 3-апрелинен тарта тамеки тартууга тыюу салынган.

Вашингтондун федералдык судьясы Томас Жексон 2000-жылдын 3-апрелинде «Майкрософт» компаниясын антимонополиялык мыйзамды бузгандыгы үчүн айыптаган. Ошентип дүйнөнүн эң бай адамы эсептелген америкалык бизнесмен Билл Гейтс «Майкрософт» компаниясын акцияларынын түшүшүнөнөн улам 12 млрд доллар жоготуп, анын байлыгы секундасына 4,7 млн долларга азая баштаган.
XS
SM
MD
LG