Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00

9-апрель: Тарых барактары


Тбилиси шаарында өткөн митинг 1989-жылдын 9-апрель күнү күч менен таратылган.
Тбилиси шаарында өткөн митинг 1989-жылдын 9-апрель күнү күч менен таратылган.

Орус империясы Индия менен Кытайга алып барчу кыска соода жолун ачуу максатында Борбордук Азияга ар түркүн экспедицияларды жөнөтүп, мында орун алган мамлекеттер жана анын калкы туурасында маалымат топтоого киришкен. Акыры соода жолун колдонууга ынгайлуу учур келгендигин туйган Петропавловск чебинин командачысы Я. Баувер 1795-жылдын 9-апрелинде Екатерна II кат жолдогон.

Анын билдиргенине караганда, аталган багытта соода байланышын куруу үчүн кыргыздар жана улуу жуз казактар менен ынтымак куруу зарылчылыгы белгиленет. Анын айтымында, орус кербендери Петропавловскиден чыгып казактардын Бакай султанына келип, андан Атаке Бааатырга, ал жерден тыныгып Кашгарга багыт алмак. Я. Баувердин катында Кыргыз жергесинен Тибетке, башка кыргыз тобунан Индияга чейин сапар тартса боло тургандыгы кабарланат.

Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун уюшулушы туурасындагы кабарды ар кайсыл калк өкүлдөрү ар башкача кабыл алган. Пишпек шаарында жашаган айрым адамдар Кара-Кыргыз Автономиялык облусу уюшулат деген кабардан үрөйү учуп, 1922-жылдын бул күндөрү үй-жайын сатып, Борбордук Орусия жана Сибирь аймагына көчүп башташкан. Пишпек шаарында чыкчу «Красное утро» гезити калкты сабырдуулукка чакырып, автономиялык уюшулуш эч кимге зыян алып келбестигин, ал тескерисинче көп улуттуу Пишпек, Каракол, Ош, Олуя-Ата уезддеринде биримдик үчүн иш алып бараарын жазып чыккан.

Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин 1954-жылдын 9-апрель күнкү чечимине ылайык, борбор шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу иши башталган. Көчөлөрдү тазалоо жана бак отургузуу үчүн 36 километр аралык белгиленип, Ленин, азыркы Чүй проспектиси, Пионер, азыркы Москва көчөлөрүнүн эки тарабына фонарь илинчү тарабы чоюндан жасалгаланган темир устундар орнотула баштаган.

Советтер Союзунун ар кайсыл аймагында партия диктатына каршы саясий акциялар өткөрүлүп компартиянын кедери кетип калган маалда, Кыргызстан коммунисттик партия Борбордук комитетинин кезектеги пленуму 1990-жылдын 9-апрелинде ишин баштаган. Пленумда Коммунисттик партиянын аброюн арттыруу, коммунисттердин аракетин бириктирүү сыяктуу маселелер талкууга алынган.

Айтылуу кинорежиссер Төлөмүш Океев 1993-жылдын бул күнү Кыргызстандын Түркия Республикасына Толук Ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалган. Гиперинфляция жана каатчылыктан кабыргасы кайышкан интеллигенция үчүн Т. Океевдин элчилик кызматка кетиши кыргыз киносунун акыры катары кабыл алынган.

Жогорку Кеңеш депутаттыгына ат салышкан Рысбек Акматбаев 2006-жылдын бул күнү № 69 Балыкчы округунан 79,22% добуш топтогон.

Дүйнөдөгү биринчи искусство үлгүлөрүнүн ачык көрсөтмөсү 1667-жылдын 9-апрелинде Парижде өткөн.

Робер де ла Сал 1682-жылдын 9-апрелинде Миссисипи дарыясынын куймасына крест орнотуп, бул жерди Франция королу Людовик XIV ээлиги деп жарыялаган. Кийин ал аймак королдун урматына Луизиана аталган.

Петр I 1699-жылдын 9-апрелинде «Москваны таза кармоо жана көчөлөргө таштанды, акыр-чикирлерди ыргытпоо туурасында» жардык кабыл алган.

Француз ойлоп тапкычы Эдуард-Леон Скотт де Мартинвилл 1860-жылдын 9-апрель күнү биринчи жолу үндү жаздырган аппарат чыгарган.

Фридрих Вилгелм Ницше 1870-жылдын 9-апрелинде Базел университетинин ординардык профессордук кызматына дайындалган.

Нью-Йорк шаарында 1930-жылдын 9-апрель күнү биринчи жолу видеотелефон көрсөтүлгөн. Bell Laboratories и AT&T компаниялары ортосунда байланыш курулуп, алар пикир эле алмашып тим болбой, узактан сүйлөшкөн тараптар бири-бирин көрүп турушкан.

Нацисттик Германия 1940-жылдын 9-апрель күнү Дания жана Норвегияга кол салган. Согуш операциясына 2 линкор, 7 крейсер, 14 эсминец, 9 дивизия жана 1 аткычтар бригадасы тартылган. Буга чейин Европанын батышындагы согуш операцияларынан такшалган немис армиясы кыска убакытта эки өлкөнү басып алган.

Америкалык чалгындоочу У-2 самолету 1960-жылдын 9-апрелинде Советтер Союзунун аймагынын үстүнөн 19-21 миң метр бийиктикте учуп өткөн. Америкалык самолет Семипалатинск, Байконур сыяктуу стратегиялык объектилерди чалгындап, советтик абадан коргонуу күчтөрү бийик учкан самолетко байкоо гана көргөзүп тим болушкан.

Советтер Союзунун парламентинин 1962-жылдын 9-апрелдеги жардыгына ылайык 12-апрель Космонавтика күнү болуп жарыяланган.

АКШ Конгресси Уинстон Черчиллге 1963-жылдын 9-апрелинде “АКШнын ардактуу жараны” деген наам ыйгарган. Уинстон Черчилл мындай наамга арзыган биринчи чет өлкөлүк адам болгон.

Ватикан 1966-жылдын 9-апрелинде төрт кылым чамалуу тыюу салынып келе жаткан китептердин Индексин жоюу туурасында чечим чыгарган. Китептерге тыюу салган биринчи расмий Индекс 1559-жылы Павел V тарабынан киргизилген жана ал кийин толукталып, улантылып турган.

«Социализмге карай Чехословакиялык багыт» аталган программалык документ 1968-жылдын 9-апрель күнү жарыяланган. Документе Чехословакияда жасала турган экономикалык реформа жана коомдук-саясий турмушту демократизациялоо багыттары белгиленген. “Прагалык жаз деми” август айындагы Варшава келишимине кирген өлкөлөрдүн аскерлеринин киргизилиши менен соңуна чыккан.

Массачусетс технологиялык институту 1989-жылдын 9-апрелинде америкалык Дуглас Энгелбартка “компьютердик чычканды” ойлоп тапкандыгы үчүн 500 000 америкалык доллар көлөмүндө сыйлык берген.

Достук жана кызматташтык туурасындагы Советик-Ирак келишимине 1972-жылдын 9-апрель күнү кол коюлган.

Тбилиси шаарында өткөн митинг 1989-жылдын 9-апрель күнү күч менен таратылган.

Грузия парламенти 1991-жылдын 9-апрель күнү мамлекеттик эгемендик туурасында Акт кабыл алган.

Айтылуу фин фольклористи Элиас Лёнрот 1802-жылдын 9-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Окумуштуу башында медициналык билим алып, кийин чыгармачылык ышкысынан улам журналистика менен алектенип, бара-бара фольклордук материалдарды чогултууга киришкен. Элиас Лёнрот Финляндиядагы «Аары» аттуу биринчи маалымдоо журналын негиздеген. Илимпоздун чыгармачыл өмүрүнүн негизги жыйынтыгы катары «Калевала» эпосун чогултуп, жарыкка чыгарышы эсептелет.
XS
SM
MD
LG