Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

11-апрель: Тарых барактары


11-апрель Фашисттик концлагердеги туткундардын бошотулушунун эл аралык күнү.
11-апрель Фашисттик концлагердеги туткундардын бошотулушунун эл аралык күнү.

Алыскы 1893-жылдын 11-апрелинде Кыргызстандын түштүгүндө коогалаңдуу окуя башталган. Жазма булак маалыматтарына караганда, Караван кыштагында жашаган кыргыздар Маргалаң уездиндеги Ичкилик волостунун болушу жасаган аксымчылыкка жаны күйүп, болушту бычактап өлтүрүшүп, үч жигитин сабап жолго салышкан. Бийлик укук бузуучуларга катуу чара көрүп, болушту өлтүргөнгө катышы бар 12 адамдын ар бирин 10 жылдан 15 жылга чейин сүргүнгө айдаган.

Жетисуу облусуна караштуу Жер шарты аталган Бөлүмдүн жетекчиси Владимир Васильев 1910-жылдын бул күндөрү Орто Токой суу сактагычынын курулуш долбоорун бүткөн. В. Васильевдин суу сактагычты куруу саамалыгы 45 жыл өткөндөн кийин барып Совет доорунда жүзөгө ашырылган.

Кыргызстан экономикасынын багыт алуусуна ылайыкташкан адистерди даярдоо максатында, 1933-жылдын 11-апрелинде Кыргыз зооветеринардык институту ачылган. Жаңы окуу жай Фрунзе айыл чарба техникумунун базасында уюшулуп, адегенде институтта зоотехникалык жана ветеринардык факультеттер иштеген.

Жогорку Кеңештин 1993-жылдын бул күндөрү өткөн жыйынында мамлекеттик тил макамы жана Жогорку Кеңештин аталышы боюнча талкуулар жүргөн. Айрым депутаттар парламентти батыш термини менен атоону сунуш кылышса, айрымдары ага Улуу кеңеш, Жогорку Кеңеш, Верховный Совет сыяктуу аталыштарды сунуш кылышкан.

11-апрель Фашисттик концлагердеги туткундардын бошотулушунун эл аралык күнү. Согуш малында Үчүнчү Рейх жана анын өнөктөштөрүнүн аймагында 14.000 концентрациялык лагерлер орун алган. Фашисттер туткундарды крематорийлерге жагып, адам чыдагыс кыйноолорду жасоо жолу аркылуу ар түркүн сыноолорду өткөрүшкөн.

Бул күн Бухенвалд жана Дордогу фашисттик концлагердеги туткундардын боштондукка чыгышына байланыштуу белгиленип келет. Фашисттик Германиянын жеңилээр сааты аныкталып калган маалда, 1945-жылдын 11-апрелинде Бухенвалд туткундары көтөрүлүш чыгарган.

Ошентип Заксенхаузда 1945-жылдын 22-апрель күнү, 29-апрелде Дахау, 30-апрелде Равенбрюк концлагерлеринин туткундары боштондукка чыгышкан. Фашисттик лагерлерде 18.000.000 адам кармалып, алардын 11 миллионго жакыны өлтүрүлгөн. Өмүрү кыйылгандардын арасында 5 миллиондой адам советтик туткундар болушкан.

Фашисттик концлагердеги туткундардын бошотулушунун эл аралык күнү кыргызстандык Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери жана концлагер туткунун башынан кечирген кишилер менен жалпы адамзат көйгөйүн көздөгөндөр үчүн Ыйык күн катары эсептелинет. Улуу Ата мекендик согушка 380 миң чамалуу кыргызстандыктар катышып, алардын айрымдары фашисттик концлагер туткунун башынан кечиришкен.

Венгер королу Бела IV аскерлери 1241-жылдын 6-апрелинде Батый хан тарабынан тыптыйпыл талкаланган.

Француз Тышкы иштер министри Шарл Талейран 1803-жылдын 6-апрелинде Луизиана аймагын толугу менен Кошмо Штаттарга сатуу сунушун көтөргөн.

Император Наполеон I Бонапарт 1814-жылдын 6-апрелинде тактан толугу менен баш тарткан.

Пруссия парламентинин (ландтаг) биринчи жыйыны 1847-жылдын 6-апрелинде ишин баштаган.

Падыша Александр II 1857-жылдын 6-апрелинде Орусиянын эки баштуу бүркүт шекилиндеги Мамлекеттик гербди кабыл алган.

Жапониядагы сёгунат 1868-жылдын 6-апрелинде жоюлган. Жапон тарыхында сёгун катмарына кирген адамдар 1192-жылдан 1868-жылкы Мэйдзи реформасына чейинки өлкөнүн реалдуу саясатына таасир тийгизип келишкен.

Император Александр III 1891-жылдын 6-апрелинде Улуу Сибирь жолун (Транссиб) куруу туурасында жардык чыгарган.

Испания 1899-жылдын 6-апрелинде Пуэрто-Рикону Америка Кошмо Штаттарына берген.

КПСС Борбордук комитети 1990-жылдын 6-апрелинде коммунисттерге ачык кат менен кайрылган. Жогорку идеологиялык бийликтин комммунистерге берген көрсөтмөсүндө радикалдык реформа жактоочуларын партия катарынан чыгаруу керектиги белгиленген.
XS
SM
MD
LG