Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:46

12-апрель: Тарых барактары


Советтик өндүрүштүн көрсөткүчү эсептелген «Волга» унаасы.

Советтик өндүрүштүн көрсөткүчү эсептелген «Волга» унаасы.

Энесайлык кыргыздарынын беги Шанды, Еренак өкүмдардын буйругу менен 3000 чамалуу кол топтоп 1674-жылдын 12-апрель күнү Сибирдеги орус ээликтерине кол салып, кыргыз жана мындагы жергиликтүү калктын дымагынын артышына жол ачкан.

Жергиликтүү калк орус бийлигине албан төлөбөй, аларга каршы козголуп, көтөрүлүш чыгара баштаган. Орус падышасы Том воеводасы Д. Борятинскийге томдук, кузнецтик, энесайлык жана красноярскилик аскер адамдарынын башын бириктирип, “энесайлык кыргыздардын жинин каккыла” деген буйрук берген. Д. Борятинскийдин жообунда мындагы күч менен кыргыздарды тынчытуу мүмкүн эмес экендигин белгилеп, кыргыздар жунгарлардан жардам ала тургандыгына көңүл бурган.

Кокондун түштүк-чыгышында жашаган кыргыздар хандык тарабынан жүргүзүлгөн саясатка каршы 1873-жылдын бул күндөрү козголуп, Кокон хандыгынын салыкчыларына кол салышкан. Архивдик материалдарга ылайык, Кокон хандыгы букара кыргыздардан чогултулчу салык көлөмүн үч эсеге көбөйтүп, зекет менен хараж төлөмгө дарамети жок бүлөөлөрдүн мал-мүлкүн тартып ала баштаган.

Буга жаны ачыган кыргыздар салыкчыларды сабап, жыйналган малды тартып алышып, мүлктү ичара бөлүп киришкен. Кокон өкүмдары Кудаяр хан козголоңду басуу үчүн Алимиан бекти баш кылып сыпайлар отрядын жиберген. Бул маалда көтөрүлүш күчөп, козголоң Алай, Гүлчөгө жайылган. Бирок өз ара байланыш жана бирдиктүү аракетке жетише албаган козголоңчуларды кокондуктар бирден талкалап, кыймылды канга бөлөп баскан.

Кыргыз опера музыкасынын сыймыгы саналган «Айчүрөк» операсынын бет ачары 1939-жылдын 12-апрелинде өткөн. «Айчүрөк» операсынын музыкасын айтылуу композиторлор В. Власов, В. Фере жана А. Малдыбаев жазып, чыгарма Кыргыз музыкалык драма театрында коюлду.

Кыргыз коомчулугу жана чыгармачыл жамаат 1967-жылдын 12-аперлинде оор жоготууга учураган. Айтылуу манасчы, жомокчу, акын Ыбрайым Абдрахмановдун жүрөгү бул күнү согуудан калган. Ыбрайым Абдрахманов Жети Өгүз районундагы Чырак кыштагында жарык дүйнөгө келип, бала чагынан элдик оозеки чыгармачыл дүйнөдө чоңойгон.

Эс тарткандан билимге аралашып, 1939-жылы Фрунзе шаарындагы пединститутка караштуу эки жылдык мугалимдер курсун бүткөн. «Манас» эпосунун азыркы абалда сакталып жетишине Ыбрайым Абдрахмановдун салымы зор. Ал атактуу манасчылар Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаевдин айтуусунда «Манас» эпосунун кагазга түшүрүүгө катышып, кийин кол жазманын китеп болуп жарыяланышына салым кошкон.

Таанымал аскер-географы жана илимпоз саякатчы Н. М. Пржевальский 1939-жылдын бул күнү жарык дүйнөгө келген. Ал өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн саякатчылыкка арнап, өз тармагында аты таанылган билим адамдарынын арасынан татыктуу орун тапкан. Н. М. Пржевальскийдин бешинчи саякат багыты Борбордук Азияга арналып, ал Кыргызстанды кыдырып, мындан бай маалымат топтоого жетишкен. Николай Михайловичтин ичээр суусу да Кыргызстандан бүтүп, анын керээзине ылайык улуу саякатчынын сөөгү Ысык-Көлдүн жээгине коюлган жана орус бийлигинин чечими менен Каракол шаары Пржевальск болуп өзгөртүлгөн.

«Эл аралык толеранттуулук» коомдук фонду менен Бириккен Улуттар уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) биргелешкен долбооруна ылайык 2003-жылдын бул күнү Баткен облусунда «Салам» радиосу иштей баштаган.

Юрий Гагариндин 1961-жылдын 12-апрелинде адамзат тарыхында биринчи жолу космоско учушуна байланыштуу бул күн Авиация жана космонавтиканын бүткүл дүйнөлүк майрамы катары белгиленип келет.

Юрий Гагарин «Восток» космос кораблинде биринчи жолу жер шаарын айлана учуу менен башкарып учуучу космос дооруна чыйыр салган. Ю. А. Гагарин башкарган «Восток» космос корабли «Байконур» космодромунан учуп, космонавт космос мейкиндигинде 108 мүнөт өткөргөн. СССР Жогорку Кеңешинин 1962-жылдын 9-апрель күнкү жардыгына жараша 12-апрель космонавтика күнү катары кабыл алынган.

Прокопий Антемий 467-жылдын 12-апрелинде Батыш Рим империясынын императору атанган.

Конфедераттардын Самтер фортун 1861-жылдын 12-апрелинде бомбалоосуна байланыштуу АКШда жарандык согуш башталган.

Император Александр III 1881-жылдын 12-апрелинде Орусияга эркин кирип, чыгууга уруксат берген.

Элдик комиссарлар кеңеши 1918-жылдын 12-апрелинде «Падыша жана анын жан-жөөкөрлөрүнө орнотулган эстеликтерди алып, Орусия Социалисттик Революциясынын долбоорун иштеп чыгуу» туурасында Декрет кабыл алган.

Биринчи коммунистик ишембилик 1919-жылдын 12-апрелинде өткөн. Ишембиликке чыккан эмгекчилер Москва-Сортировочная станциясында 3 паровозду ремонттошкон.

Воробьёв тоосунда орун алган Москва Мамлекеттик университетинин имарат курулушу 1949-жылдын 12-апрелинде башталган.

Полковник Сэмуэл Доу 1980-жылдын 12-апрелинде Либерияда аскер төңкөрүшүн жасап, өлкө президенти Уилям Толбертти өлтүргөн.

Советтик өндүрүштүн көрсөткүчү эсептелген «Волга» ГАЗ-24 унаасынын миллионунчу экземпляры 1985-жылдын 12-апрель күнү Горький заводунан чыккан.

Парижге жакын жайгашкан «Евро-Диснейленд» 1992-жылдын 12-апрелинде ачылган.
XS
SM
MD
LG