Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

14-апрель: Тарых барактары


«Титаник» суперлайнери 1912-жылдын 14-апрелинде айсберг менен кагышкан.
«Титаник» суперлайнери 1912-жылдын 14-апрелинде айсберг менен кагышкан.

Энесайлык кыргыз өкүмдары Еренактын маалында кыргыз мамлекетинин таасири артып, эми аны менен Сибирдеги орус бийлиги жана калмак контайшилери эсептешүүгө аргасыз болушкан. Еренак да жаралган кырдаалды жетик баамдап, улам кубаттана баштаган орус бийлигинен кыргыз жерлерин коргоп калуу саясатын жүргүзгөн.

Энесайлык кыргыздардын Сибирь бийлигине каршы аракетин орус воеводаларынын баскынчылык саясаты экендигин билдирип, ал 1683-жылы Томь воеводасына кат жолдогон. Томь воеводасы Еренактын катына жооп ирээтинде И. Петров менен А. Поспеловду элчилик максат менен 1683-жылдын 14-апрелинде кыргыз жергесине жөнөткөн.

Түркстан генерал-губернатордугунун жардыгына ылайык, Шабдан Жантай уулу 1879-жылдын 14-апрелинде Аннен лентасына тагылчу Алтын медель менен сыйланган. Шабдан Баатырга ыйгарылган сыйлык «Орус империясы үчүн көрсөткөн айрыкча салымы үчүн» берилген.

Тарыхчылардын тактоосуна караганда Түркстан чөлкөмүндө мамлекеттик сыйлыктарды Шабдан Баатырдан арбын алган адам болгон эмес. Ал 1-даражадагы 5 чапан; 2-даражадагы 1 чапан; Станислав жана Аннен ленталарына тагылып моюнга салынчу эки чоң алтын медал жана мындан тышкаары төрт медал менен сыйланган.

Пржевальск, Ош уездеринин VI, Пишпек уезддик партиясынын VII конференциялары 1924-жылдын бул күндөрү өткөн. Конференцияда партиялык системаны орнотуу жана партиялык принциптер талкууга алынып, партиянын калк арасындагы аброюн арттыруу жолу менен иштөө ыкмаларын жолго коюу проблемалары тегерегинде пикир алмашуу жүргөн.

СССР Жогорку Кеңеш Президиумунун 1961-жылдын 14-апрелиндеги Жардыгы менен «СССРдин летчик-космонавты» деген наам менен биринчи болуп космоско учкан Юрий Гагарин сыйланган. Мындай наам алган адамдардын катарында кыргызстандык космонавт Салижан Шарипов да бар.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын сактоо туурасындагы» мыйзам 1994-жылдын 14-апрелинде кабыл алынган.

АКШда 14-апрелде Мугалимге ыраазычылык күнү белгиленет.

Англиядагы Оксфорд университетинин башаты эсептелген Ыйык Мария колледжи 1386-жылдын 14-апрель күнү ачылган.

Принц Федерико Цезии 1611-жылдын 14-апрелинде биринчи жолу «телескоп» терминин колдонгон.

Казак орустардын отряды 1618-жылдын 14-апрель күнү Сибирдеги Томь суусунун боюна түшүп, мында Кузнецк чебин, азыркы Новокузнецк шаарын түптөшкөн.

Император Александр I 1801-жылдын 14-апрелинде Сенатка караштуу Жашыруун экспедицияны таратып, сурак маалында кыйноону жойгон.

Венгриядагы революция 1848-жылдын 14-апрелинде башталган. Венгриянын парламенти өлкө эгемендигин жарыялап, мындагы Габсбургдардын династиясы соңуна чыккан.

Орусиянын көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмери Петр Столыпин 1862-жылдын 14-апрелинде туулган. Ал 1906-1911-жж. Орус империясынын премьер-министрдик кызматын аркалаган жана анын тушунда мамлекетте олуттуу экономикалык реформалар жүргүзүлгөн.

Америка Кошмо Штаттарынын 16-президенти, республикалык партиядан шайланган шайланган биринчи президент Авраам Линколнго 1865-жылдын 14-апрель күнү кол салынган. Жарандык согуш аяктагандан кийин 5 күн өткөн соң Авраам Линколн «Менин америкалык бөлөм» аттуу спектаклге келген. Жон Бут аттуу түштүктүк актёр президент отурган жерге өтүп, Авраам Линколнду башка аткан. Президент бир күндөн кийин эсине келбей дүйнөдөн кайткан.

Германиянын парламенти эсептелген рейхстаг 1871-жылдын 14-апрелинде негизделген.

Француз президенти Эмил Любэ 1900-жылдын 14-апрелинде Париждеги Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөнү ачкан.

Окумуштуу Гарри Плотц 1903-жылдын 14-апрелинде келте оорусуна каршы вакцинаны ойлоп тапкан.

Британиялык «Уайт Стар Лайн» пароход компаниясына караштуу «Титаник» суперлайнеринин биринчи сүзүүгө чыгышы, анын акыры сапары болуп калган. «Титаник» суперлайнери 1912-жылдын 14-апрелинде айсберг менен кагышып, 2 саат 40 мүнөттөн кийин чөгүп кеткен. Кемени башкарган 892 экипаж менен 1316 жүргүнчүдөн 706 адам аман калып, калганы деңиз түбүнөн түбөлүк жай табышкан.

Москва шаарындагы айтылуу «Наука» басылмасы 1923-жылдын 14-апрелинде уюшулган.

Советтер Союзунун «Смерш» контрчалгындоо Башкы башкармачылыгы 1943-жылдын 14-апрелинде уюшулуп, анын жетекчилигине Виктор Абакумов дайындалган.

Москвадагы СССР Илимдер Академиясына караштуу Башкы ботаникалык бак 1945-жылдын 14-апрелинде түптөлгөн.

Ооганстан маселеси боюнча Женева Эл аралык саясий келишимине 1988-жылдын 14-апрелинде кол коюлган.
XS
SM
MD
LG