Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:08

15-апрель: Тарых барактары


Леонардо да Винчи 1452-жылдын 15-апрелинде жарык дүйнөгө келген.
Леонардо да Винчи 1452-жылдын 15-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Кыргыз областтык элдик комитетинин Фрунзе шаардык почта иштери 1929-жылдын 15-апрелинде почта кабарларын үйгө жеткирүү кызматын ачуу туурасында токтом кабыл алган. Токтомдо почтаны үйгө жеткирүү үчүн кошумча акча алуу маселеси каралгандыктан, аталган кызмат башында шаардыктардын купулуна толгон эмес.

Кыргыз ВКП (б) обкомунун имаратына көчүрүлгөн архивдик материалдар тийиштүү мекемелердин шалаакылыгынын айынан 1936-жылдын бул күндөрү жоголуу коркунучуна келген. Обком имаратына Кыргызстан Коммунисттик партиясы менен комсомолдук уюмдардын ишкердигин чагылдырган архивдик материалдар ташылып келген. Бирок иш тартибинде жолу ачылган баш аламандык айынан айрым документтер айрылып, беттери тытылган. Ал түгүл Кыргызстандагы Коммунисттик партиянын 1920-жылга чейинки ишкердигин чагылдырган материалдар жоголуп кеткен.

СССР Министрлер кеңешине караштуу Мамлекеттик штат комиссиясы 1948-жылдын 15-апрелинде Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин кызматтык штатын белгилеген. Жаңы көрсөтмөгө ылайык Тышкы иштер министрлигинде 5 адам үчүн кызмат орду ачылган. Тутлис П.А министрдин жардамчысы, Кулов Ш. К. биринчи катчы, Никишев П.П. экинчи катчылык кызмат ишине киришкен.

Совет мезгилинде медициналык максатта Кыргызстан аймагына эгилген апийим агромаданияты кийин баңгиликтин күч алышына себеп болгон. Кыргыз ССР Жогорку кеңеш Президиумунун 1962-жылкы апийимди колдонууга каршы кабыл алган жардыгына карабастан, баңгилердин саны өскөн.

КПСС Борбордук Комитетинин демилгеси менен Фрунзе шаарында өткөрүлгөн республикалар аралык эки күндүк семинардын иши 1966-жылдын 15-апрелинде соңуна чыккан. Семинар ишине укук коргоо органдарынын жетекчилери катышып, маң заттарды чектөө жана баңгилерге каршы күрөшүү чаралары белгиленген. Кыргызстан тараптан билдирүү жасаган министрдин биринчи орун басары О. П. Туралиев, Саламаттык сактоо министрлигинин башкы психиатору, профессор Н. В. Кантронович республикада апийим эгүүнү токтотуу керектигин белгилешкен.

Француз королу Луи XIV 1689-жылдын 15-апрелинде Испанияга согуш жарыялаган.

Бөтөлкө ачкыч 1738-жылдын 15-апрелинде ойлоп чыгарылган.

Атактуу италиялык сүрөтчү, инженер, математик, астроном, архитектор жана геолог Леонардо да Винчи 1452-жылдын 15-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Болочок чебердин киндик каны Винчиге жакын Анкиано жергесине тамган. Леонардонун фамилиясы болбогондуктан, ал Винчи же болбосо Винчи жергесинен деген лакап ысым алган.

Леонардо башында апасы менен жашап, бирок атасы бай кызга үйлөнгөндөн кийин энесинен бөлүнгөн. Адистердин айтымында, энесинин элеси Леонардонун чыгармаларын өмүр бою коштоп жүргөнү байкалбай койбойт.

Айтылуу орус акыны Николай Гумилев 1886-жылдын 15-апрелинде туулган.

Москвадагы Чоң Кремль сарайы 1849-жылдын 15-апрелинде салтанат менен ырымдалган.

Канададагы «Торонто» аталган биринчи паровоз 1856-жылдын 15-апрелинде курулган.

Падыша Александр II кол салууга катышкан эл эркиндиги кыймылынын беш өкүлү 1881-жылдын 15-апрелинде дарга асылган.

Антикалык мезгилден кийин биринчи жолу өткөрүлгөн Афина Олимпиадалык оюндары 1896-жылдын 15-апрелинде соңуна чыккан.

«Титаник» суперлайнери чөгүптүр деген суук кабар 1912-жылдын 15-апрелинде дүйнө коомчулугунун көңүлүн бийлеген. Ошол убактагы чоң да, техникалык жактан кынтыксыз деп да эсептелген «Титаник» кемесинин чөгүшү ааламдагы эң көлөмдүү кырсык деп бааланган. «Титаник» түнкү саат 2:20 суу астына түшүп, өзү менен кошо 1500 чамалуу жүргүнчүнү суу астына алып кеткен.

Большевиктик бийликтин 1919-жылдын 15-апрель күнкү Декретине жараша өлкөдө ГУЛАГ системасына жол ачкан түзөтүү-эмгек лагерлери уюшула баштаган.

Швейцария менен Советтер Союзу 1927-жылдын 15-апрелинде дипломатиялык мамиле орноткон.

Түркмөнстан президенти С. Ниязов 1993-жылдын 15-апрелинде өлкөдө кирилл жазуусунун ордуна латын тамгалары киргизиле тургандыгын жар салган.
XS
SM
MD
LG