Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:46

16-апрель: Тарых барактары


Чарлз Спенсер Чаплин 1889-жылдын 16-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Чарлз Спенсер Чаплин 1889-жылдын 16-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңешинин 1939-жылдын 16-апрель күнкү токтомуна ылайык, Фрунзе шаарында Кыргыз мамлекеттик институту ачылган. Өкмөттүк токтомдо каралгандай окуу жайга окучуларды кабыл алуу жай айында жүргүзүлүп, окуу семестри 1-сентябрдан башталмак. Мындан тышкары, биринчи курска кабыл алуу көлөмү 200 студент менен белгиленген.

Фрунзе ТЭЦ иштеткен электрэнергиясы жалаң эле борбор шаар үчүн эмес, алыскы райондордун колдонуусун камсыздап турган. Кыргыз ССР өкмөтүнүн чечимине ылайык 1964-жылдын 16-апрелинен тарта борбордук ТЭЦ иштеп чыгарган электр кубаты Рыбачье шаарына бериле баштаган. Фрунзе ТЭЦинин электр куьаты Фрунзе-Ысык-Көл багытында тартылып, анын натыйжасында көл жээгиндеги порт шаардын 800 үйүнө жарык келген.

Фрунзе шаардык аба байланыш агенттиги 1984-жылдын 16-апрелинде авиабилеттерди «Сирена» электрондук системасы менен сатуу ыкмасын колдонууга киргизген. «Сирена» электрондук системасынын ишке кириши билет сатуу жана пассажирлерди тейлөө шартын жакшырткан. Натыйжада мурдагыдай кезек күтүү бир аз да болсо азайып, жүргүнчүлөр билетти телефон аркылуу алууга жетишкен.

Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин жасалган ири саамалыктын бири - кыргыз жазма маданиятында жасалган реформа эсептелинет. Кыргыздын карлыгач интеллигенцияларынын аракети менен мурдагы араб тамгалары латын графикасына өткөрүлүп, анын натыйжасында окуу жайлар үчүн жаңы графика менен басылган китептерге болгон муктаждык жаралган.

Ишенаалы Арабаев менен Кусейин Карасаев жазган «Алиппе» китеби 1928-жылдын бул күндөрү китеп күйөрмандарынын колуна тийген. Андан кийин Б. Данияровдун «Чен өлчөм», К. Баялиновдун «Түлкү жана суур», «Чабалакей жана жылаан», «Кыргыз кошоктору» аттуу китептер жарык көргөн.

Биолог-профессор Турдаков жетектеген ихтиологиялык экспедициянын Ысык-Көлдө жасаган илимий изилдөөсү 1948-жылдын бул күндөрү соңуна чыккан. Профессор Турдаковдун аныктоосуна ылайык севандан алынып келген форель бир канча ийгиликсиз сыноодон кийин акыры Ысык-Көлгө көнгөн. Анткен менен профессор Турдаков севан форелине караганда, ысыккөлдүк чебак балыгы кыйла өндүрүмдүү жана табигый шартка ыңгайлашкандыгын белгилеген.

Кыргызстан калктарынын ассамблеясы 2002-жылдын бул күнү «Жарандык коомдогу ынтымак жана ырашкерчиликтин жолдору» аттуу форум өткөргөн.

Император Павел I 1797-жылдын 16-апрелинде Москва шаарында Орусия мамлекетинин тагына отурган. Падышанын биринчи жардыгы менен Петр I тарабынан киргизилген империядагы такты ээлөө ыйгарымы өзгөртүлгөн. Эми жаңы талапка ылайык так ээлөө эркектик багытка жараша улуу балага ыйгарылган.

Англис математиги жана ойлоп тапкыч Жон Хэдли 1682-жылдын 16-апрелинде күзгү телескопту ойлоп чыгарган.

Атактуу англис актеру Чарлз Спенсер Чаплин 1889-жылдын 16-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Англис ханышасы Анна 1705-жылдын 16-апрелинде Исаак Ньютонду рыцардыкка өткөргөн.

Орусиядагы Ыйык Анна Ордени 1797-жылдын 16-апрелинде негизделген.

Александр I 1803-жылдын 16-апрелинде Императордук Вилен университетин түптөгөн.

Габсбург империясындагы крепостнойлук укук 1803-жылдын 16-апрелинде жоюлган.

Санкт-Петербург шаарындагы Борбордук аскер-деңиз китепканасы 1805-жылдын 16-апрелинде негизделген.

Америка Кошмо Штаттарынын Конгресси 1836-жылдын 16-апрелинде күтүүсүз маселеге кириптер болгон. Жексондун башкаруу мезгилинде өкмөт ашыкча 37 миллион доллар акча топтолуп, эми парламентарийлер аны кантип жана каякка жумшоо керек деп баш катырышкан экен.

Герман империясынын Конституциясы 1871-жылдын 16-апрелинде кабыл алынып, Берлин шаары өлкө борбору деп жарыяланган.

Буга чейин эмиграцияда жүргөн В. И. Ленин 1917-жылдын 16-апрелинде Петрограддагы Финляндия вокзалына келген.

Совет-германдык мамилени жөнгө салган Раппал келишимине 1922-жылдын 16-апрелинде кол коюлган.

Борбордук Аткаруу комитетинин 1934-жылдын 16-апрель күнкү токтомуна жараша “Советтер Союзунун Баатыры” деген наам киргизилген.

Улуу Ата мекендик согуштун жыйынтыктоочу кармашы эсептелген Берлин операциясы 1945-жылдын 16-апрелинде башталган.

Түштүк Каролина сенатында саясатчы жана финансист Бернард Барух 1947-жылдын 16-апрель күнү биринчи жолу «суук согуш» терминин колдонгон.

«Нева» журналынын биринчи саны 1955-жылдын 16-апрелинде жарык көргөн.

Ооган президенти М. Нажибулланын бийлиги 1992-жылдын 16-апрелинде кулаган.
XS
SM
MD
LG