Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:05

17-апрель: Тарых барактары


Бенжамин Франклин 1790-жылдын 17-апрель күнү дүйнөдөн кайткан.

Бенжамин Франклин 1790-жылдын 17-апрель күнү дүйнөдөн кайткан.

Айрым тарыхый маалыматтарда казак ханы Кененсары 1848-жылдын 17-апрель күнү кыргыздарга каршы чапкын баштаган. Кээ бир кыргыз тарыхчыларынын эмгектеринде Кененсары бул күнү арбын кол топтоп, кыргыздардын солто уруусуна кол салгандыгы айтылат.

Орусиянын архивдик материалдарында, тескерисинче, Кененсары бул убакта кыргыздар тарабынан туткундалып, анын тагдыры чечилип калган. Кыргыз санжыраларында Кененсарынын чапкыны жана бейкүнөө калктын азап-шору, эки тарап ортосунда жүргөн согуш аракеттери жана Ормон хандын аскер тактикасы баяндалат.

Пишпек шаар жетекчилиги жана окумуштуулардын демилгеси менен 1902-жылдын 17-апрелинде уезддик борбордо Токой күнү белгиленген. Токой маселеси менен шугулданган илим адамдары жана пишпектик окууучулар Эмен паркына эсепсиз бак отургузушкан. Анын натыйжасында азыркы борбордо орун алган ажайып парктын жашыл пайдубалы түптөлгөн.

Жетисуу облусуна караштуу Пишпек уездинин адамдары 1905-жылдын бул күнү Аскер старшинасы Шабдан Жантаевдан аларга жер бөлүп берилишин өтүнүп кайрылышкан. Алар Шабдан Баатырдан жер маселесин орус падышасына билдирип, кыргыздардын муктаждыгын бийликке жеткиришин суранышкан. Шабдан Баатырдын Пишпек уездинин начальнигине жазган катынын мазмунунуна караганда, ал мындай маселенин көтөрүлүшүн туура көрбөй, жер сураган адамдарга уездеги саясий кырдаалды түшүндүрүп депутацияны кайра жолго салган.

Бүткүл түркстандык мусулмандардын I курултайы 1917-жылдын бул күнү Ташкент шаарында ишин уланткан. Курултай өткөрүү демилгесин мусулмандардын буржуазиялык уюму аталган «Шуро-и исламия» көтөрүп, анын ишине 150 депутат катышкан.

Курултайда чыгып сүйлөгөн Ахмат Зеки, Велиди Тоган, Мустафа Чокаев Убактылуу өкмөткө мамиле, мусулман окуу жайларынын абалы, билим берүү проблемалары сыяктуу көйгөйлүү маселелерди козгошкон.

Сүлүктү жергесинде орун алган таш көмүр кени 1924-жылдын 17-апрелинде «Түркстандын келечек жылыткычы» деп таанылган. Түркстан республикасынын борбордук органы эсептелген «Туркестанская правда» газетасы Сүлүктү таш көмүрүнүн сапатын жогору баалап, анын күндүк өндүрүмүн 20 миң пудга жеткирүү демилгесин көтөргөн.

Фрунзе шаардык Аткаруу комитетинин 1961-жылдын 17-апрель күнкү чечимине ылайык мурдагы Фергана көчөсү Юрий Гагарин деп өзгөртүлгөн.

Ош облусунун Карасуу районундагы 2003-жылдын бул күнкү жүргөн жер көчкүдөн беш баланын өмүрү үзүлгөн. Каргашага мектеп жашындагы окуучулар кабылган.

Бүгүн Гемофилиянын бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул күндү белгилөө жөрөлгөсү Бүткүл дүйнөлүк гемофилия федерациясы менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 1989-жылкы демилгесине ылайык жасалып келет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда жер шаарында азыр 400 миң чамалуу адам гемофилия дарты менен оорушат.

Христофор Колумб 1429-жылдын 17-апрелинде Испания королу Фердинанд жана королева Изабелла менен океандын батыш тарабы аркылуу Индияга кетчү деңиз жолун өзүнө ыйгаруу укугун берген келишимге кол койгон. Келишимге ылайык король Христофор Колумбга дворяндык титул эле ыйгарбастан, аны жаңы ачылган аймактардын королу деп жарыялоого жана олжонун ондон бир бөлүгүн берүүгө макулдугун берген.

Америкалык агартуучу, мамлекеттик ишмер жана Кошмо Штаттардын эгемендик Декларациясынын авторлорунун бири - Бенжамин Франклин 1790-жылдын 17-апрель күнү дүйнөдөн кайткан.

М. М. Сперанский жетектеген топ 1830-жылдын 17-апрель күнү Россия империясынын мыйзамдар жыйнагынын 46 томдугун толугу менен бүткөрүшкөн. Николай I мыйзамдарды кодификациялоо максатында атайын бөлүм ачкан жана аны жетектөө иши мамлекеттик ишмер М. М. Сперанскийге жүктөлгөн.

Россия империясынын мыйзамдар жыйнагын басуу 1828-жылдын 1-май күнү башталып, ал иш 1830-жылдын 17-апрелинде соңуна чыккан. Көлөмү жагынан эбегейсиз жана мааниси боюнча мамлекеттик масштабдагы иштин аткарылышы Николай I чексиз ыраазы кылган. Император өзүнүн Андрей Первозванный орденин чечип, аны Михаил Сперанскийге таккан жана ченемсиз эмгеги үчүн Сперанскийге графтык мансап берген.

Квебек шаары 1856-жылдын 17-апрелинде Канаданын борбору болуп жарыяланган.

Н. Чемберлен 1875-жылдын 17-апрелинде «снукер» аталган бильярд оюнун ойлоп тапкан. Оюн аталышы армиядагы жаңы жоокерге берилчү шакаба ысымдан алынган. Уламышка караганда Н. Чемберлен менен бирге бильярд ойногон ыксыз оюнчуну «снукер» деп тамашалашчу экен.

В. И. Лениндин атактуу «Апрель тезистери» 1917-жылдын 17-апрель күнү чыгармачыл марксисттерге баяндалган.

Сирия мамлекети француз бийлигинен күңкорсуздук абалга 1946-жылдын 17-апрелинде жетишкен.

Александр Дубчек 1969-жылдын 17-апрелинде Чехословакия компартиясынын төрагалыгынан алынган.

«В мире животных» берүүсү 1968-жылдын 17-апрель күнү обого чыккан.

Никита Хрущев 1894-жылдын 17-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Кубалык контрас менен америкалык жалданма аскерлер 1961-жылдын 17-апрель күнү Боштондук аралындагы Плая Хирон кысыгына киришкен. Фидел Кастро баштаган аскерлер аргрессорлорго катуу каршылык көрсөтүп, баскынчылардын колун талкалашкан.
XS
SM
MD
LG