Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:14

22-апрель: Тарых барактары


Владимир Ильич Ленин 1870-жылдын 22-апрелинде жарык дүйнөгө келген.
Владимир Ильич Ленин 1870-жылдын 22-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

«Интергельпо» аттуу өндүрүш кооперативи Кыргызстан экономикасынын калыптанышына зор салым кошкону маалым. Чехословакиялык жумушчулардан куралган биринчи эшалон 1924-жылдын 22-апрелинде Пишпек станциясына келген.

Кыргызстандыктар интернациалдык топту шаңдуу тосуп алган. «Интергельпочулар» Кыргызстан аймагында кооперативдик кыймылды жайылтып, анын натыйжасында жаңы экономикалык мамиленин калыптанышына жол ачылган. Алардын арасындагы спортчу жана альпинисттер өлкөнүн физкультурасынын өсүшүнө түрткү бергени маалым.

Кара-Кыргыз автономиялык облусунун Аткаруу Комитети 1925-жылдын 22-апрелинде Бүткүл Союздук Борбордук Атаруу Комитетине өтүнүч кат менен кайрылган. Кайрылууда Кара-Кыргыз автономиялык облусун РСФСР курамына кабыл алынышы жана анын аталышын Кыргыз автономиялык Советтик Социалисттик Республикасына өзгөртүү маселеси козголот. Автономиялык облустун Аткаруу Комитети мындай мазмундагы кайрылуу жалпы карапайым калктын өтүнүчүнө ылайык кабыл алынгандыгын жана анын кабыл алыныш жагдайы «ирегелеш орун алган Кытай менен Индостандагы эзилген калктары үчүн саясий өрнөк болоорун» баса белгилеген.

Фрунзе шаары менен Рыбачье ортосундагы биринчи автобус каттамы 1929-жылдын 21-апрелинде ачылып, 22-апрель күнү болсо үч почта-жүргүнчү автобустар Фрунзеден Рыбачьеге карай багыт алышкан.

Сталин орноткон тоталитардык бийлик маалында Кыргызстандын ички саясий абалы курчуп, айрыкча интеллигенция арасындагы кармаш күч алган. Касым Тыныстановдун «Академиялык кечелери» театрда коюла баштагандан тарта, ал чыгармачыл адамдар арасында кайчы пикирлердин жаралышына жол ачкан. А. Токомбаев «Академиялык кечеси тууралуу» жана «Академиялык кечесинин тыянагы» деген эки макаласы 1933-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитинде жарык көргөн.

Касым Тыныстанов өзүнө карата айтылган бул сын-пикирлерге жооп иретинде «Мен баскан жол - менин чыгармам, менин бетим» деген макаласын жазган. Эки чыгармачыл адамдар арасындагы кайым айтышуу Аалы Токомбаевдин «Мазмуну социалисттик жана боруму улуттук болгон Кыргызстандын адабияты өсүп жана чыңдалып жатат» деген 1934-жылдын 22-апрелиндеги докладында жыйынтыкталган.

Чуулгандуу 2005-жылкы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстандагы саясий кырдаал анархиялык абалга жеткен. Калктын бийликке, укукка жана укук коргоо органдарына болгон ишеними жоголгон.

Парламенттик шайлоо маалында укук тышындагы иштерди жасагандыгын айыптаган топ, апрель айында Жогорку Соттун төрагасы К. Осмоновдун кызматтан кетишин талап кылып, аталган мекеменин кашында митингдерди өткөрүшкөн. Алар бир канча ирээт Жогорку Сотту басып алууга аракет жасашып, акыры 22-апрелде 80 чамалуу адам мекемеге кирип, башкы укук органынын ишин токтотушкан. Жогорку Соттун иши имаратты басып алган топту укук коргоо органдары июнь айында күч колдонуп чыгарганга чейин токтоп турган.

22-апрель Эл аралык Жер күнү. Биринчи жолу Жер күнү 1970-жылдын 22-апрелинде Америка Кошмо Штаттарында белгиленген. Салтка ылайык бул күнү каалаган адамдар көчөлөрдү тазалап, бак отургузушат.

Француз королу Карл V 1370-жылдын 22-апрелиндеги жардыгына ылайык айтылуу Бастилия чеби курула баштаган. Адегенде чеп англичандардын чапкынынан коргонуш үчүн салынса, кардинал Ришельенин маалында ал укук менен мамилеси келишбегендерди камай турган түрмөгө айландырылган.

Португалиялык Педру Алвариш Кабраланын экспедициясы 1500-жылдын 22-апрелинде Бразилияны ачкан. Жаңы жерди Кабрал жаңылыш Вера-Круш аралы деп атаган. Кийин ал мында өскөн балуу кызыл дарактын аталышы боюнча Бразилия болуп өзгөртүлгөн.

Испания менен Португалия 1529-жылдын 22-апрель күнү Сарагос келишимине кол коюшкан. Келишимге ылайык жер жүзүнүн чыгыш тарабы эки өлкө ортосунда бөлүнгөн.

Король Карл II 1662-жылдын 22-апрелинде Лондон Королдук Коомунун уставын бекиткен. Ошентип Англияда илимий изилдөөлөрдү жүргүзө турган борбор түптөлгөн.

Канададагы биринчи металлургиялык меш 1737-жылдын 22-апрелинде Квебек шаарында курулган.

Европалык өлкөлөрдүн революциячыл Францияга каршы согушуна байланыштуу Америка Кошмо Штаттарынын нейтралитеттик Декларациясын Жорж Вашингтон 1793-жылдын 22-апрель күнү жарыялаган.

Император Николай I 1832-жылдын 22-апрель күнкү жардыгына жараша Орусиянын Тышкы иштер министрлиги уюшулган.

Адамзат тарыхындагы биринчи маасалык кыргын салчу курал 1915-жылдын 22-апрелинде Бельгиянын Ипр шаарындагы салгылашта колдонулган. Германиялык генерал Фалкенхайн каршылаш тарапка газ атакасын колдонууга буйрук берген. Немис аскерлери 6 км аралыкка созулган фронт талаасына 5 мүнөт бою 6 миң баллондон 180 тонна хлорду душман позициясына чачкан. Ууланган 15 миң аскердин үчтөн бири согуш талаасында жана ооруканаларда курман болгон.

Атактуу немис философу Иммануил Кант 1724-жылдын 22-апрелинде жарык дүйнөгө келген. Болочок философ эски прусс календарына ылайык ыйык Иммануил күнү туулуп, анын ата-энеси баланы ушул библиалык ысым менен аташкан. Иммануил ысмы «Кудай биз менен» деген маани ташыйт.

Бүткүл Союздук Аткаруу комитетинин Декрети менен 1918-жылдын 22-апрелинде эмгекчилерди жалпы аскердик өнөргө үйрөтүү киргизилген.

“Литературная” гезити 1929-жылдын 22-апрелинен тарта кайра чыгарыла баштаган.

СССР Элдик кеңеш комитети 1931-жылдын 22-апрелинде советтик граждандуулук туурасында токтом кабыл алган.

Кызыл Армиянын алдыңкы бөлүктөрү 1945-жылдын 22-апрелинде Берлин шарына кире башташкан.

Өсүмдүктөрдүн классификациясын иштеп чыккан немис ботаниги Август Вилгелм Эйхлер 1839-жылдын 22-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Атктуу бельгиялык саясий ишмер жана тынчтык орнотууда кошкон салымы үчүн Нобел сыйлыгына арзыган Анри Лафонтен 1854-жылдын 22-апрелинде туулган.

Ааламдагы тарых өнүгүүсүн өзгөрткөн дүйнөлүк пролетарийлердин жол башчысы жана Совет мамлекетин түптөгөн Владимир Ильич Ленин 1870-жылдын 22-апрелинде жарык дүйнөгө келген.

Атом бомбасын жараткан америкалык физик Роберт Оппенгеймер 1904-жылдын 22-апрелинде туулган.
XS
SM
MD
LG