Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:06

Совет мезгилиндеги Кыргызстандын маалымдоо каражаттарынын түптөлүшүнө РКП (б) Борбордук Комитетинин 1924-жылдын 23-апрелинде кабыл алган токтому маанилүү роль ойногон. Партиялык токтом «Печать жана басылмалар багытындагы партиялык жетектөөнү күчөтүү» деп аталып, ага ылайык борбордук жана жергиликтүү маалымдоо каражаттарынын иштөө принциптерин аныктоо маселелери белгиленген.

Мындан тышкары партиялык токтомдо окуу китептерин жана окутуу куралдарын чыгыш калктарынын менталитетине ылайыкташтырып, жергиликтүү калтын тилинде даярдоо принциптери аныкталган. Партия белгилеген багытка жараша 1924-жылы Пишпек шаарында редакциялык коллегия уюшулуп, «Гезит туурасында» Жобо кабыл алынган.

Советтер Союзунда жүргүзүлгөн календарлык реформалар айрым убакта күлкү келээрлик жагдайларды жараткан. Бүткүл дүйнөлүк пролетарийлердин жетекчисинин туулган күнүн белгилөөгө камынган пишпектиктер 1924-жылы дал ушундай сатиралык жанрга жол ачышкан. Эски календардан жаңыга жаңылыш эсептелишине байланыштуу, Пишпек шаардык бийлиги В. И. Лениндин туулган күнүн 23-апрелге күтүрөтө майрамдашкан. Бардык китепкана жана жумушчу клубдарында Лениндин бурчтары ачылып, «Улуу көсөмгө» арналган конференциялар өткөн.

Кыргыз автономиялык республикасынын 1936-жылы Союздук Республика макамын алышына байланыштуу облустук ВКП (б) уюму 1937-жылдын 23-апрелинде Кыргыз ССР Коммунисттик партиясы болуп өзгөртүлгөн.

23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү катары белгиленет. 23-апрель дүйнөлүк адабият үчүн символдук мааниси бар дата. Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнөдөн кайтышкан. Мындан улам ЮНЕСКО уюмунун Башкы Конференциясы китеп жана автордук укукту урматтоо максатында аталган күндү атайын белгилөө жөрөлгөсүн иштеп чыккан. Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2002-жылдын 1-апрелиндеги токтому менен Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн белгилөө шартын кабыл алган. Өкмөттүк токтомдо Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо аркылуу дүйнөлүк басылмалар менен китеп алмашуу жана жаңы китептер менен өлкө коомчулугун тааныштыруу багыттарын аныктаган.

Фрунзе шаарынын кинотеатрлары 1976-жылдын бул күндөрү советтик көркөм фильмер үчүн эшигин кенен ачкан. Бүткүл союздук IX кинофестиваль үчүн тандалган Фрунзе шаарынын «Ала Тоо», «Манас», «Октябрь», “Россия”, «Ысык-Көл» кинотеатрларында «Афонья», «Жалгызым» сыяктуу тасмалар көрсөтүлгөн.

Рим шаарынын айтылуу Капитолий дөбөсүндөгү Венера Храмы б.з.ч. 215-жылдын 23-апрелинде курулган.

Рим императору Диоклетиандын буйругуна ылайык 303-жылдын 23-апрелинде Палестинада христиан жоокери Георгий Жеңүүчүнүн башы алынган. Кийин ал христиандык чиркөө тарабынан канондоштурулган.

Айтылуу орус акыны А. С. Пушкин негиздеген «Современник» журналынын биринчи саны 1836-жылдын 23-апрелинде жарык көргөн.

Канаданын биринчи почта маркасы 1851-жылдын 23-апрель күнү чыгарылган.

Жазуучу Антон Павлович Чехов 1889-жылдын 23-апрелинде «Краткость – сестра таланта» деген учкул сөздү колдонгон.

Кванттык теориянын негиз салуучусу немис физиги Макс Планк 1858-жылдын 23-апрелинде туулган.

Королева Виктория менен император Наполеон III 1867-жылдын 23-апрелинде Ла-Манш кысыгынын алдынан салына турган туннелдин долбоорун четке кагышкан.

РСДРПнын IV (Бириктирүүчү) съезди 1906-жылдын 23-апрелинде Стокгольм шаарында ишин баштаган.

РСФСР Элдик Комиссарлар Кеңешинин 1918-жылдын 23-апрелинде тышкы соодага мамлекеттик монополия орното турган «Тышкы сооданы улутташтыруу туурасында» декрет кабыл алган.

Канаданын Жогорку Соту 1928-жылдын 23-апрелинде аялдардын «персона» (физикалык жак) эмес деп токтом чыгарган.

Советтер Союзундагы Биринчи беш жылдыкты белгилеген ВКП(б) XVI конференциясы 1929-жылдын 23-апрель күнү ишин баштаган.

ВКП(б) Борбордук Комитетинин 1932-жылдын 23-апрель күнкү «адабий-чыгармачыл уюмдар туурасындагы» чечимине ылайык жазуучулардын бардык уюмдары таратылып, алардын ордуна бирдиктүү советтик жазуучулар Союзу уюшулган.

Польшанын жаңы Конституциясы 1935-жылдын 23-апрелинде кабыл алынган.

Биринчи араб-израилдик согуш оту 1948-жылдын 23-апрелинде тутанып, израилдиктер палестиналыктардан Хайфа деңиз портун тартып алышкан.

Украинадагы Журналисттер союзу 1959-жылдын 23-апрелинде уюшулган.

Киев шаарында украиндик китеп музейи 1975-жылдын 23-апрелинде ачылган.

«Перестройкага» багыт берген КПСС БКнын Апрель Пленуму 1985-жылдын 23-апрелинде ишин баштаган.

Германиянын Карл-Маркс-Штадттын 76 % калкы 1990-жылдын 23-апрель күнү шаарга мурдагы Хемниц аталышын кайтарууга добуш беришкен.

Ново-Огарёводогу СССР президенти М. С. Горбачёвдун 9 республикалардын жетекчилери менен жолугушуусунда жаңы Союздук келишимдин принциптерине байланышкан билдирүүгө кол коюлган.

Бириккен Улуттар уюмунун эгидасы менен 1993-жылдын 23-апрель күнү Эритреяда өткөрүлгөн референдумда калктын басымдуу бөлүгү Эритреянын Эфиопиядан эгемендүүлүгү үчүн добуш беришкен.
XS
SM
MD
LG